Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо жазык-аткаруу тутумунун (мындан ары – ЖАТ) ишинин маселелери боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды аткаруучу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары – ЖАК) ишинин тартибин аныктайт.

2. ЖАК – бул бирдиктүү ЖАТка кирүүчү, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмү, ал мекеме уюштуруу-укуктук формасындагы укук коргоо органы болуп саналат.
3. ЖАК өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, конституциялык мыйзамдарды, мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Министрликтин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. ЖАК өзүнүн ишин түздөн-түз жана (же) өзүнүн органдары жана мекемелери, ошондой эле ЖАтын ишин камсыз кылуу үчүн атайын түзүлгөн ишканалар жана мекемелер аркылуу Министрликтин жетекчилиги жана координациялоосу астында жүзөгө ашырат.
5. ЖАК өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө ишке ашырат.
6. ЖАК юридикалык жактын укуктук жөндөмдүүлүгүнө ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык ачылган эсептери бар.
7. ЖАК өзүнө бекитилип берилген мүлктү мыйзамдарда белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу укугун ишке ашырат, ошондой эле аны сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрөт.
8. Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменттин аскер кызматчыларына аскер кызматчыларынын укуктук статусун жана алардын аскер кызматын өтөө тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын колдонулушу жайылтылат.
9. ЖАКтын толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы»;
расмий тилде: «Служба исполнения наказаний при Министерстве юстиции Кыргызской Республики».
ЖАКтын кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: «ЖАК»;
расмий тилде: «СИН».
10. ЖАК юридикалык дареги: 720021, Бишкек шаары, С.Ибраимов көчөсү, 106.
2. Милдеттери
11. ЖАК өз компетенциясынын чегинде төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) мыйзамдарга ылайык соттордун чечимдеринин аткарылышын жана жазаларды өтөөнү жана жазык-укуктук таасир этүүнүн башка чараларын камсыз кылат;
2) кылмыш жасоого шектүү жана күнөөлүү деп кармалган адамдарды (мындан ары - камактагылар) мыйзамдарга ылайык камакта кармоону камсыз кылат;
3) соттолгондордун жана камактагылардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат;
4) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда (мындан ары - пенитенциардык мекемелер) укуктук тартипти жана мыйзамдуулукту, аларда кармалган соттолгондордун жана камактагылардын, ошондой эле ошол мекемелердин аймагындагы ЖАтын кызматкерлеринин, аскер кызматчыларынын жана жумушчуларынын (мындан ары - ЖАтын персоналы), кызмат адамдарынын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылат;
5) пенитенциардык мекемелерди, ошондой эле ЖАтын башка бөлүмдөрүн жана мекемелерин кайтарууну камсыз кылат;
6) соттолгондорду жана камактагыларды конвой менен коштоп жүрүүнүн белгиленген маршруттары боюнча кайтарууну жана конвой менен коштоп жүрүүнү, Кыргыз Республикасынын жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына конвой менен коштоп жүрүүнү, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды экстрадициялоо учурунда конвой менен коштоп жүрүүнү камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жана башка күч түзүмдөрүнө коомдук коопсуздукту жана өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыздоо боюнча көмөк көрсөтөт;
8) ЖАтын кызматкерлерин, аскер кызматчыларын жана пенсионерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоону камсыз кылат;
9) Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүдө ЖАтын персоналын даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат.
3. Функциялары
12. ЖАК аталган милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- ченемдик укуктук актыларды чыгаруудан тышкары, иштин белгиленген чөйрөсүндө ченемдик жөнгө салууну камсыз кылат;
- иштин белгиленген чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелейт жана аларды Министрликтин кароосуна киргизет;
- ЖАСтын мекемелеринин жана органдарынын ишин уюштурат;
- компетенттүү органдар менен өз ара аракеттенүүдө ЖАСтын органдарында жана мекемелеринде жарандык коргонуу, мобилизациялык даярдык жана өрт коопсуздугу боюнча иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- мыйзамдарда белгиленген ченемдер боюнча ЖАСты материалдык турмуш-тиричилик, азык-түлүк жана башка ресурстук камсыздоону уюштурат;
- тынчтык мезгилде аскердик абал жана өзгөчө кырдаалдар шарттарында ЖАСтын мекемелеринин даярдыгын, Кыргыз Республикасында өзгөчө же аскердик абал киргизилген учурда анын укуктук режимин сактоону, эпидемия учурунда карантиндик иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылат;
- ЖАСтын органдарын жана мекемелерин маалымдама маалымат менен камсыз кылат, уюштурат жана ЖАСтын ишине тиешелүү маселелер боюнча бирдиктүү маалыматтар банкын жүргүзөт;
- мыйзамдарга ылайык пенитенциардык саясат маселелери боюнча эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү ар кандай иш-чараларда, конференцияларда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргойт;
- жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;
2) жазаларды аткаруу функциялары:
- пенитенциардык мекемелерде жаза өтөөнүн тартибин жана шарттарын уюштурат;
- соттолгондорду эмгекке тартат жана алар үчүн эмгектин натыйжасына моралдык жана материалдык жактан кызыктыруу шарттарын түзөт;
- пенитенциардык мекемелерди жана ЖАСтын башка бөлүмдөрүн кайтарат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде соттолгондорду жана камактагыларды атайын ташууну, конвой менен коштоп жүрүү учурунда аларды коштоону жана кайтарууну уюштурат;
- соттолгондорду алар жараны болгон мамлекеттерге өткөрүп берүү жана экстрадициялоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык-укуктук милдеттенмелерин аткарат;
- кайтаруудан качып чыккан адамдарды издөөнү жана кармоону уюштурат;
- башка укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүдө пенитенциардык мекемелерде ыкчам-издөө ишин уюштурат жана жүргүзөт, ЖАСтын органдарынын компетенциясына кирген жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча алгачкы тергөө жана алдын ала тергөө иштерин жүргүзөт;
- мунапыс берүү, ырайым кылуу жөнүндө актыларды аткарат;
- соттолгондор менен камактагыларга карата соттордун өкүмдөрүн, токтомдорун жана аныктамаларын так аткарууну уюштурат жана жүзөгө ашырат;
- соттолгондорду жана камактагыларды пенитенциардык мекемелерде орундардын бекитилген лимитинин чегинде туура жана дифференциалдуу жайгаштырууну камсыз кылат;
3) контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- ЖАСтын мекемелеринде санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактайт;
- ЖАСтын мүлкүн пайдаланууну, техникалык тейлөөнү жана коргоону контролдойт, ошондой эле аны сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча зарыл болгон чараларды көрөт;
- ЖАСтын мекемелерин жана персоналын ички контролдоону жана жеке коопсуздугун камсыз кылат;
- ЖАС системасында мамлекеттик жана кызматтык сырларды камтыган маалыматтарды коргоону камсыз кылат;
4) колдоо функциялары:
- соттолгондор менен тарбия иштерин уюштурат, тарбиялоо процессине коомдук жана диний бирикмелерди тартат;
- соттолгондор менен укуктук, психологиялык-социалдык жактан иш жүргүзүүнү уюштурат;
- соттолгондорго жалпы жана кесиптик билим берүүнү уюштурат;
- жазаларды аткаруу мекемелеринин өздүк өндүрүшүнө жана ишканаларына мамлекеттик муктаждыктар үчүн продукцияларды, товарларды жеткирүүгө заказдарды жайгаштырат;
- соттолгондорго жана камактагыларга зарыл болгон медициналык жардамды камсыз кылат, медициналык тейлөөнү уюштуруу жана жакшыртуу маселелери боюнча саламаттык сактоо органдары менен өз ара аракеттенет;
- ЖАСтан кызматтан бошотулган адамдарды, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык жана социалдык жактан камсыз кылат;
- ЖАСтын кызматкерлеринин, аскер кызматчыларынын, жумушчуларынын жана пенсионерлеринин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн саламаттыгын сактоого жана чыңдоого багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- ЖАСтын персоналын турак жай жана турмуш-тиричилик жактан камсыздоо боюнча чараларды уюштурат;
- ЖАСтын иш чөйрөсүндө тармактык программалардын жана долбоорлордун, ошондой эле курулушта, реконструкциялоодо, оңдоо-калыбына келтирүү иштеринде мамлекеттик заказчы катары чыгат;
- ЖАСтын кызматкерлерин, аскер кызматчыларын жана жумушчуларын тандоо, жайгаштыруу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ЖАСтын кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын курал жана атайын каражаттар менен камсыз кылат;
- ЖАСта бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштурат, жүргүзүлүүчү финансылык жана чарбалык операциялардын максатка ылайыктуулугун жана алардын мыйзамдарга шайкеш келишин контролдойт, бюджеттик каражаттарды үнөмдүү жана натыйжалуу чыгымдоону уюштурат;
- эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Министрлик жана тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана мамлекеттик органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет, ошондой эле белгиленген чөйрөдө редакциялык-басма ишин жүзөгө ашырат;
- ЖАСтын ишинин маселелери боюнча жарандарды, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кабыл алат;
- мыйзамдарга ылайык мекемелердин персоналына эмгек акыны, белгиленген компенсацияларды жана жеңилдиктерди өз убагында төлөөнү, ошондой эле материалдык жактан дем берүүнү камсыз кылат;
- мыйзамдарга ылайык иштин белгиленген чөйрөсүндө башка уюштуруу, уруксат берүү жана контролдоо иш функцияларын жүзөгө ашырат.
4. Укуктары
13. ЖАК негизги милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) республикалык бюджеттен ЖАСты камсыздоого каралган каражаттарды тескөөчү болууга, ага жүктөлгөн функцияларды ишке ашырууга жана өндүрүштүк-чарбачылык иштен алынган каражаттарды бөлүштүрүүгө, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте ЖАСтын ишин жакшыртуу үчүн эл аралык жана донордук уюмдардын, коомдук жана диний бирикмелердин финансы каражаттарын тартууга;
2) белгиленген тартипте министрликтерден, аткаруу бийлигинин башка органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана материалдарды алууга;
3) чет өлкөлөрдүн ЖАС органдары менен кызматташууга жана байланышын өнүктүрүүгө;
4) ЖАС мекемелеринде кылмыштардын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды жүзөгө ашырууну камсыздоого;
5) өзүнүн компетенциясынын жана ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды, тескемелерди жана нускамаларды чыгарууга;
6) жазык, жазык-аткаруу, жазык-процесстик мыйзамдарда, ошондой эле "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
5. Ишти уюштуруу
14. ЖАСтын ишинин саясатын иштеп чыгууну жана координациялоону Министрлик жүзөгө ашырат. ЖАСтын органдарын жана мекемелерин башкаруу схемасы Кыргыз Республикасынын юстиция министри (мындан ары - Министр) тарабынан бекитилет.
15. ЖАКны Министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы) тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага жетектейт.
16. ЖАКда төраганын орун басарларынын (мындан ары - төраганын орун басарлары), анын ичинде биринчи орун басардын кызмат орундары каралган, алар Министрдин сунушу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалышат жана кызмат ордунан бошотулушат.
ЖАКтын төрагасынын орун басарлары ЖАКнын төрагасына түздөн-түз баш ийишет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде ЖАКнын ишин уюштурушат.
Төрага жок учурда анын милдеттерин ЖАКнын төрагасынын биринчи орун басары аткарат.
17. Төрага:
1) жеке башкаруунун негизинде ЖАКнын ишин жалпы жетектейт жана ЖАКка жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары жана чет мамлекет менен болгон мамилелерде ЖАКнын атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ЖАСтын маселелери боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
3) Министр менен макулдашуу боюнча ЖАКнын төрагасынын орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт, алардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт жана аларга өз ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аткарууну тапшырат, ЖАтын башка кызмат адамдарынын ыкчам, уюштуруу-штаттык, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбачылык жана ЖАКнын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын белгилейт;
4) министрдин тейлеген орун басары менен макулдашуу боюнча номенклатурага ылайык кызмат орундарын ээлөөгө Министрге сунуш киргизет;
5) төмөнкүлөрдү четтетет:
- ЖАКнын жетекчилерин (төраганын орун басарларын) кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда белгиленген тартипте ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунушту бир мезгилде жөнөтүү менен он төрт күнгө кызматтык милдеттерин аткаруудан;
- ЖАКнын төрагасы тарабынан дайындалуучу ЖАСтын кызматкерлерин, аскер кызматчыларын жана жумушчуларын ага карата кызматтык териштирүү жүргүзүү мезгилинде кызматтык милдеттерин аткаруудан;
6) Министрлик тарабынан бекитилген кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык ЖАСтын кызматкерлерин, аскер кызматчыларын жана жумушчуларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
7) министрдин тейлеген орун басары менен макулдашуу боюнча ЖАСтын органдарынын жана мекемелеринин белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана чектүү санынын чегинде ЖАКнын борбордук аппаратынын түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана штаттык санын Министрдин бекитүүсүнө киргизет;
8) белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана ЖАСтын кызматкерлеринин чектүү санынын чегинде ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн, мекемелердин түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана штаттык санын бекитет;
9) түзүмдүк бөлүмдөр жана ведомстволук мекемелер жөнүндө жоболорду бекитет;
10) Министр тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде номенклатурага ылайык алгачкы жана кезектеги атайын наамдарды белгиленген тартипте ыйгарат;
11) Министр тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде, Министрдин номенклатурасына кирген кызмат орундары боюнча кызматкерлердин наамдарынан тышкары, кезектеги атайын наамдарды белгиленген тартипте ыйгарат;
12) Министр тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде, Министрдин номенклатурасына кирген кызмат орундары боюнча кызматкерлердин аскердик наамдарынан тышкары, офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдарын белгиленген тартипте ыйгарат;
13) Аскердик жана атайын наамдарды ыйгаруу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мурунку наамында иштеген жылдарынын белгиленген мөөнөтүнүн жарымынан кем эмеси өткөндө, башкача айтканда мөөнөтүнөн мурда же мурунку наамында иштеген жылдарынын эки мөөнөтү өткөндө ээлеген кызмат орду боюнча каралган наамдан бир баскычка жогору орто жана улук жетектөөчү курамдын атайын жана аскердик наамдарын ыйгарат;
14) ЖАСтын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга Министрге белгиленген тартипте сунуш киргизет;
15) ЖАСтын кызматкерлерине жана персоналына карата мыйзамдарда белгиленген тартиптик жаза чараларынын түрлөрүн колдонот;
16) мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык ЖАСта аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, жоболорду, колдонмолорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ведомстволук актыларды чыгарат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери менен биргеликте же макулдашуу боюнча алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
17) ЖАСта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түзүлгөн атайын багыттагы бөлүмдөрдүн ишинин тартибин аныктайт;
18) ЖАСтын кызматкерлерин жана персоналын, ошондой эле ЖАСтын негизги милдеттерин аткарууда жардам көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн ЖАСтын төш белгилерин (сыйлыктарын) белгиленген тартипте уюштурат, бул төш белгилери жөнүндө жоболорду жана алардын сүрөттөлүшүн белгиленген тартипте бекитет, аталган адамдарды төш белгилери, ардак грамоталар менен сыйлайт жана аларга карата мыйзамдарда каралган сыйлоолордун башка түрлөрүн колдонот;
19) белгиленген тартипте ЖАСтын кызматкерлерин жана персоналын, ошондой эле ЖАСка жүктөлгөн милдеттерди аткарууга көмөк көрсөткөн башка адамдарды сыйлоо үчүн сыйлык жана белек фонддорун түзөт;
20) мыйзамдарга ылайык ЖАСтын финансы-чарбалык ишин уюштурат;
21) Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменттин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында каралган укуктарды толук көлөмдө пайдаланат;
22) ЖАСтын кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегине жана анын чегинен тышкары жерлерге да кызматтык командировкаларга жиберет;
23) ЖАСтын кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын мыйзамдарда аныкталган тартипте жана шарттарда мамлекеттик бийлик органдарына жана башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле эл аралык уюмдарга командировкага жиберет;
24) республикалык бюджеттен ЖАСты камсыздоого бөлүнгөн финансы каражаттарын, ошондой эле эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер тарабынан берилген каражаттарды белгиленген тартипте тескейт;
25) ЖАСте ыкчам-издөө ишин жүзөгө ашырууга байланышкан ыкчам иш-чараларды жүргүзүүгө сарпталуучу финансы каражаттарынын ченемин жана тартибин аныктайт;
26) ЖАКнын, ошондой эле ЖАКка баш ийген бөлүмдөрдүн жана мекемелердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
27) Министрге төмөнкүлөрдү даярдайт:
- ЖАСтын мекемелерин түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды;
- ЖАСтын иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү боюнча сунуштарды;
28) жазык жазаларын аткаруу, пенитенциардык мекемелерде соттолгондорду жана камактагыларды кармоо шарттарын камсыздоо, ошондой эле мыйзамдуулукту жана адам укуктарын сактоо боюнча иштин абалы жөнүндө Министрге баяндама үчүн материалдарды даярдайт;
29) ЖАКнын компетенциясына кирген маселелерге карата мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана сунуштарды Министрликке киргизет;
30) Министрликке ЖАКнын иши жөнүндө отчетторду берет;
31) ыкчам кеңешмелерди өткөрүүнү уюштурат жана алардын сандык жана персоналдык курамын бекитет;
32) эксперттик, консультациялык жана кеңешүүчү органдарды түзөт, алар жөнүндө жобону жана алардын курамын бекитет;
33) ЖАК коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
34) ЖАКнын "Айгай" сигналы боюнча чогулууну жарыялайт.
ЖАКнын төрагасы ЖАСтын кызматкерлерине жана персоналына мыйзамдарда белгиленген тартиптик мүнөздөгү чараларды колдонуу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин жетекчилерине өткөрүп берүүгө укуктуу.

18. Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу иши чөйрөсүндөгү өтө маанилүү маселелерди кароо үчүн ЖАКта төрага жетектөөчү коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрүнүн санын жана ал жөнүндө Жобону Министр бекитет.

6. Корутунду жоболор
19. ЖАКны камсыздоого чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин жана мыйзамдарда каралган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
20. ЖАКны жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
21. ЖАКнын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 670 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

- пенитенциардык мекемелерде террористтик иштин алдын алууну, аныктоону, бөгөт коюуну жүзөгө ашырат;

- жаза өтөп жаткан адамдарда терроризмге каршы пикирди калыптандыруу максатында тарбиялык, пропагандалык жана башка чаралардын комплексин жүргүзүүнү уюштурат;
- террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн жаза өтөп жаткан адамдарды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзөт;