Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-июну № 49
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда кыргыз-тажик чек ара участогундагы чыр-чатактын жүрүшүндө курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 21-майындагы корутундусун, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 17-майындагы № 101 буйругун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарынын аймагында жайгашкан, мамлекеттин менчигинде турган № 780 (1,20 га) жана № 782 (3,80 га) контурлардагы 5 га жайыт жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |