Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-июну № 48
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан жерлерди " Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Ош облусунунун Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айыл аймагынын тургундагын жана Өзбекстан Республикасынан көчүп келген этностук кыргыздарды жеке турак үй куруу үчүн жер участоктору менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациалоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 30-июнундагы корутундусун, Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациянын 2020-жылдын 30-июнундагы №19 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан, жалпы аянты 49,95 га мамлекеттин менчигиндеги жерлер жеке турак жай куруу үчүн “ Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансмформациялансын), анын ичинен:
№26 контурундагы-2,80 га кайрак айдоо;
№34 контурдагы-20,90 га кайрак айдоо;
№39 контурундагы-7,20 га кайрак айдоо;
№43 контурдагы-9,40 га кайрак айдоо;
№46 контурундагы-3,90 га кайрак айдоо;
№26а контурдагы-1,60 га жайыт;
№28 контурдагы-1,50 га жайыт;
№36 контурдагы-0,90 га жайыт;
№42 контурдагы-0,40 га жайыт;
Төрага | У.А. Марипов |