Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-июлу № 57
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 “Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын аймагындагы коронавирус инфекциясына (COVID-19) байланышкан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 “Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун биринчи абзацындагы “1-июлуна” деген сөздөр “31-декабрына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пунктунун биринчи абзацындагы “1-июлуна” деген сөздөр “31-декабрына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункту “Саламаттык сактоо” деген сөздөрдөн кийин “жана социалдык өнүктүрүү” деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктундагы “Өкмөтүнө” деген сөз “Экономика жана финансы министрлигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы “Өкмөтүнүн Аппаратынын” деген сөздөр “Президентинин Администрациясынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |