КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-июлу № 55
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө (КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №255, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги болуп;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо мамлекеттик агенттиги болуп;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы болуп;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы болуп;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы болуп;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы болуп;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси болуп.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бир айлык мөөнөттө:
- ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндүн ичинде күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 токтомунун редакциясына ылайык)