Загрузка документа…
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги (мындан ары - Агенттик) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары менен ыйгарым укуктарын ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүнүшү болуп эсептелет.
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, эмблемасы, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш эсептери бар.
4. Агенттиктин кызматкерлери, мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринен тышкары, мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
5. Агенттиктин ишин Министрлик контролдойт.
6. Агенттиктин толук аталышы:
мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги»;
расмий тилде: «Государственное агентство связи при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: «МБА»;
расмий тилде: «ГАС».
7. Агенттиктин юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 7 «б».
2-глава. Агенттиктин максаты
8. Агенттиктин максаты маалыматтарды берүүнүн заманбап жогорку технологиялык жана атаандашууга жөндөмдүү улуттук тармагын куруу жана улуттук тармакты жалпы дүйнөлүк маалыматтык мейкиндикке интеграциялоо болуп эсептелет.
3-глава. Агенттиктин милдеттери
9. Агенттиктин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) атаандаштыкты өнүктүрүүнүн негизинде электр жана почта байланышы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу;
2) радио жыштык спектрин жана номерлештирүү ресурсун пайдаланууну натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу;
3) байланыш тармактарынын жана системаларынын өнүгүшүнө көмөктөшүү;
4) жарандардын жана башка керектөөчүлөрдүн байланыш жаатындагы мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.
4-глава. Агенттиктин функциялары
8. Агенттик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- электр байланыш операторлорунун жалпы пайдалануудагы тармактарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуунун шарттарына жана көлөмүнө байкоо жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы радио контролдоонун техникалык каражаттарынын өз ара байланышкан системасы болуп саналган жана жыштык каналдарынын жана тилкелеринин пайдаланылышын жалпы ченөөнү, жиберилүүчү радио сигналдардын техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн текшерүүнү жүргүзүүгө, санкцияланбаган радио берүүчүлөрдү жана жогорку жыштыктагы электр магниттик нурдануулардын булактарын, радио тоскоолдуктарды табууга жана аныктоого жана радио жыштык спектрин таасирдүү пайдалануунун башка маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик радиоконтролдоо системасын түзөт, өнүктүрөт жана иштетет;
- Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык номиналдарды, радио жыштык тилкелерин бөлүп берет/ыйгарат;
- Агенттиктин компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын чечимдерин ишке ашырат жана аткарылышын контролдойт;
- мобилдик байланыш каражаттарын идентификациялоонун мамлекеттик системасын түзөт, өнүктүрөт жана иштетет;
- Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы мыйзамдарына ылайык пайдалануучуларга мурда бөлүп берилген номиналдарды, радио жыштык тилкелерин өзгөртөт, модификациялайт, кайра бөлүштүрөт;
- радио жолтоолорду же санкцияланбаган сигналдарды аныктайт жана четтетет, пайдалануучуларга кандай болбосун радио жолтоолорду азайтуу жана тосуу боюнча талап коёт;
- Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатындагы мыйзамдарына ылайык лицензиялоо жүргүзөт жана берилген лицензиялардын жана уруксаттардын тиешелүү реестрлерин жүргүзөт;
- радио электрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө ыйгарылган жыштыктарга эл аралык укуктук коргоо жүргүзөт;
- радио электрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы тузүлүштөрдү экспорттоого жана импорттоого эксперттик бүтүмдөрдү берет;
- Кыргыз Республикасынын жыштык ыйгарууларынын маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;
- байланыш жабдууларына жана техникалык каражаттарына берилген шайкештик сертификаттардын реестрин түзөт жана жүргүзөт;
- номерлөө ресурсун каттоо боюнча иштерди уюштурат, аны пайдалануу боюнча базаны түзөт жана жүргүзөт;
- пайдалануучулардын ар түрдүү категорияларынын жана топторунун ортосунда кайчылаш субсидиялоого жол бербөө боюнча талдоо жүргүзөт жана байланыш тармагында аны токтотуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- бардык электр жана почта байланыш операторлорунун, электр байланыш кызматтары жана почта байланыш ишканаларынын ортосундагы эркин атаандаштыкты колдойт;
- Кыргыз Республикасынын байланыш рыногуна экономикалык талдоо жана божомолдоо жүргүзөт;
- Министрликке байланыш рыногун өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишканаларынын иш-аракетине текшерүү жүргүзөт;
2) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- байланыш жабдууларын жана техникалык каражаттарын өндүрүүдө, эксплуатациялоодо шайкештигин тастыктоо боюнча мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыздайт;
- радио нурландыруучу же электр магниттик толкундардын булагы болгон радио электрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнү регламенттөөчү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыздайт;
- радио каражаттары орнотулган жерлерде радио электрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн техникалык параметрлерин контролдойт;
- салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча эсепти жана контролдоону белгиленген бузууларды четке чыгаруу менен жүргүзөт, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде төлөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарын сактоосуна текшерүү жүргүзөт;
- байланыш жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына лицензиялык контролдоону жүргүзөт;
- улуттук коопсуздуктун, коргоонун, укуктук тартипти сактоонун жана өзгөчө кырдаалдардын кызыкчылыгында электр байланыш операторлоруна жана жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызматына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылат;
3) колдоо функциялары:
- кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, байланыш жана маалыматташтыруу, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- киреше, чыгаша сметаларын иштеп чыгат жана бекитет, республикалык бюджеттин каржылоо бөлүгүнүн аткарылышын уюштурат;
- Агенттикке таандык болгон мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарат, анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланыш объекттеринин иштөө маселелери боюнча өз ара аракеттенет;
- ички контролдоо системасынын майнаптуулугуна жана финансы-чарбалык иштин натыйжалуулугуна баа берет, баалоонун жыйынтыгы боюнча Агенттиктин компетенциясынын чегинде сунуштарды иштеп чыгат;
- электр жана почта байланыш тармагындагы стандартташтыруу боюнча, ошондой эле радио жыштык нурландыруучу же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундарынын булагы болгон техникалык каражаттар үчүн техникалык регламенттерди жана документтерди иштеп чыгууга жана экспертизалоого катышат;
- электр жана почта байланышы жаатындагы ченемдик укуктук актыларды жөнгө салуу маселелери, анын ичинде радио жыштык спектрин жана номерлөө ресурсун пайдалануу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга катышат жана Министрликке кароого киргизет;
4) мамлекеттик кызмат көрсөтүү функциялары:
- улуттук номерлөө ресурсун бөлүүнү жүргүзөт;
- жабдууларга жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радио жыштык нурландыруучу же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болгон техникалык каражаттарга шайкештик сертификаттарын берет;
- бөлүү үчүн жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалыматтарды берет.
11. Агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген Агенттиктин компетенциясына кирген башка функцияларды аткарат.
5-глава. Агенттиктин укуктары
12. Агенттик төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) лицензияларды, уруксатты берүүгө, кайра тариздөөгө, токтото турууга, кайра баштоого, токтотууга, жокко чыгаруу үчүн материалдарды сот органдарына жөнөтүүгө;
2) байланыш жабдууларына жана техникалык каражаттарына шайкештик сертификаттарын берүүгө;
3) берилген лицензиялардын жана уруксаттардын реестрин жүргүзүүгө;
4) бөлүп берүү үчүн жеткиликтүү радио жыштыктарды тандоо боюнча маалыматтарды берүүгө;
5) байланыш линияларынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүсү жөнүндө маалыматтарды түзүүгө жана эсепке алууга;
6) жарандык дайындоодогу радио электрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, анын ичинде башка товарларга киргизилгендерди же курамына кошулгандарды импорттоого жана экспорттоого эксперттик бүтүмдөрдү чыгарууга жана алар боюнча реестр түзүүгө;
7) өз компетенциясынын чегинде юридикалык жана жеке жактарга консультацияларды берүүгө;
8) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана Министрликтин макулдугу менен монополист ишканалардын электр жана почта байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө карата төлөнүүчү өлчөмдү бекитүүгө;
9) белгиленген тартипте милдеттүү сертификаттоо формасындагы техникалык каражаттардын Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына, ЕАЭБдин Техникалык регламентине шайкештигин ырастоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган жабдуулардын жана техникалык байланыш каражаттарынын шайкештигин тастыктоонун натыйжаларын таануу жол-жобосун жүргүзүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүүнүн улуттук системасы жана планына ылайык номерлештирүү ресурсун бөлүп берүүнү, кайра тариздөөнү жана алып салууну жүргүзүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы радио жыштык спектрине белгиленген тартипте радиомониторинг (радиоконтролдоо) жүргүзүүгө;
12) электр жана почта байланыш операторлорунан алардын катышуучуларынын/уюштуруучуларынын (аты-жөнү, жашаган жери, уставдык капиталдагы үлүшү) курамы жөнүндө маалыматтарды, уставдарды, инвестициялардын долбоорлорун, бизнес-пландарын, анын ичинде байланыштын магистралдык тармактарын андан ары өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер жөнүндө пландарды, иш жөнүндө учурдагы отчетторду сурап алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү отчетторду берүүнүн тартиптерин жана мөөнөттөрүн белгилөөгө, ошондой эле Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды берүүгө;
13) байланыш жаатындагы эл аралык келишимдердин, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун макулдашууга катышууга;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктардын чегинде протоколдорду түзүүгө жана бузуулар жөнүндө иштерди кароого;
15) байланыш, лицензиялоо жаатындагы мыйзамдардын талаптары сакталбагандыгы үчүн өз компетенциясынын чегинде таасир этүүчү актыларын (жазма буйрук, эскертүү, токтомдорду) чыгарууга;
16) доогер жана /же жоопкер иретиндеги өткөрүп берилген ыйгарым укуктун чегинде өзүнүн атынан соттордо чыгууга;
17) Агенттикке жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан керектүү маалыматтарды жана материалдарды сурап алууга;
18) тийиштүү адистердин катышуусу менен белгиленген тартипте убактылуу жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүгө;
19) эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн байланыш тармагын жөнгө салуучу органдары менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде өз ара аракеттенүүгө;
20) радио электрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө лабораториялык сыноолорду жүргүзүүгө жана жүргүзүлгөн сыноолордун протоколдорун берүүгө;
21) Агенттиктин маалыматтык системасын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Агенттиктин бөлүмдөрүнүн ишин автоматташтыруу боюнча жумуштарды аткаруу үчүн маалыматтык системаларды, техникалык чечимдерди ишке киргизүүгө жана колдоого;
22) электр байланыш операторлору жана кызмат көрсөтүүчүлөрү тарабынан жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарын биргелешип колдонуулары үчүн шарттарды жөнгө салууга;
23) операторлордун, электр байланыш кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн, почта байланышы ишканаларынын жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн пайдалануучуларынын ортосунда пайда болуучу талаштарды жөнгө салуу, бейтарап териштирүү жана чечүү боюнча маселелерди кароого;
24) Агенттиктин иши жөнүндө маалыматты жарыялоого багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө;
25) менчигинин түрүнө карабастан байланыш тармагындагы ишканалардын документтерин өз компетенциясынын чектеринде эркин пайдаланууга;
26) ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте Агенттиктин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө, социалдык муктаждыктарга, анын кызматкерлерин материалдык жактан шыктандырууга, эксперттерди тартууга жана Агенттиктин ишине байланыштуу башка максаттарга, ошондой эле жамааттык келишимди камсыздоо максатындагы мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн жана бюджеттен тышкаркы каражаттардан (гранттар, фонддор) түзүлгөн атайын каражаттарды пайдаланууга;
27) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
13. Агенттик төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) оперативдүү башкаруу укугуна өткөрүлүп берилген мүлктүн сактоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө;
2) бардык кызматкерлер үчүн эмгектенүүнүн коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна, эмгекке болгон жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчиликти тартууга;
3) өз милдеттерин түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга.
6-глава. Агенттиктин ишин уюштуруу
14. Агенттикти директор – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары башкарат, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –санариптик өнүктүрүү министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
15. Агенттикте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Агенттиктин ишин уюштурат.
16. Директордун жана анын орун басарынын функциялык милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри тарабынан бекитилет.
17. Агенттиктин жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналган кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте директор тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
18. Агенттиктин жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналбаган кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте директор тарабынан кызмат орундарына дайындалат жана бошотулат.
19. Агенттиктин, анын аймактык бөлүнүштөрүнүн түзүмү жана штаттык ырааттамасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын – санариптик өнүктүрүү министринин макулдугу менен белгиленген штаттык санынын чегинде директор тарабынан бекитилет.
20. Агенттиктин директору:
1) Агенттиктин ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
2) Агенттиктин түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду жана Агенттиктин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
3) Министрликтин макулдугу менен Агенттиктин чыгашалар жана кирешелер сметасын бекитет;
4) Министрликке Агенттиктин иши тууралуу отчет берет;
5) Министрликтин макулдугу менен Агенттиктин, анын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин, кызматчыларынын, мамлекеттик кызматчы категориясына кирбегендердин кызмат орундарына талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитет;
6) Агенттиктин ишинин ички тартибин, кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аныктайт;
7) сот органдарында жана башка мамлекеттик органдарда Агенттиктин кызыкчылыктарын коргоого белгиленген тартипте ишеним каттарды берет;
8) мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Агенттиктин кызыкчылыктарын коргойт;
9) Агенттиктин жана Министрликтин ведомстволук сыйлыктарын, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарды алууга өзгөчө айырмаланган Агенттиктин кызматчыларын белгиленген тартипте Министрликке көрсөтөт;
10) Агенттиктин кызматкерлерине карата тартип жаза чаралары жана сыйлыктарды берүү чараларын мыйзамда белгиленген тартипте көрөт;
11) Агенттиктин системасында милдеттүү түрдө аткаруу үчүн, анын ичинде башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргелешип же макулдашуу аркылуу буйруктарды жана башка актыларды чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
12) финансылык каражаттарды тескөөчү болуп саналат;
13) Агенттиктин алдында коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды аткарат.
21. Агенттиктин директору жана директордун орун басарлары Кыргыз Республикасындагы байланышты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик ага инспекторлору болуп саналат.
22. Агенттиктин аймактык бөлүнүштөрү бар, алар Агенттиктин максаттарын жана милдеттерин ишке ашырат.
23. Агенттиктин кызматкерлери аларга жүктөлгөн эмгек милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, укукка каршы ишмердүүлүк жүргүзгөн (аракет кылбаган) учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык, тартиптик, жазык жоопкерчиликтерин тартышат.
7-глава. Агенттиктин мүлкү
24. Агенттиктин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат, аны ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
25. Агенттиктин ишин каржылоо, материалдык сыйлыктар жана социалдык төлөмдөр, камсыздоо жана материалдык-техникалык база төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынын, анын ичинде атайын эсептерге чогултулган каражаттардын;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын.
26. Каражаттарды чыгымдоо директор бекиткен сметанын негизинде, ошондой эле үстүдөгү финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде жамааттык келишимдин шарттарына ылайык ишке ашырылат.
27. Агенттик белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жана отчеттуулугун жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттуулуктун маалыматтарын тийиштүү органдарга даярдоону жана берүүнү камсыз кылат.
8-глава. Корутунду жоболор
28. Агенттиктин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
29. Агенттиктин иши токтогон учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.