Загрузка документа…
5-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти (мындан ары – Департамент) калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү жаатында иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү, эмблемасы, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш эсептери бар.
4. Департаменттин кызматкерлери мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерден тышкары, мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
5. Департаменттин ишин Министрлик контролдойт.
6. Департаменттин толук аталышы:
мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти»;
расмий тилде: «Департамент регистрации населения и актов гражданского состояния при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: «КЖААКД»;
расмий тилде: «ДРНАГС».
7. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 58.
2-глава. Департаменттин максаты
8. Департаменттин ишинин максаты калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтер менен камсыздоо болуп саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) паспорттук, каттоо жана даректик-маалымдама иштерин уюштуруу;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, берилген ыйгарым укуктардын чегинде жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жол-жоболорун камсыздоо;
3) Департаменттин компетенциясынын чегинде маалыматтык ресурстарды түзүүгө, каттоого, калыптандырууга жана тейлөөгө катышуу;
4) калкты бирдиктүү мамлекеттик каттоо системасын уюштуруу;
5) калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалына талдоо жүргүзүү жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, аларды Министрликтин кароосуна киргизүү;
6) Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын камсыздоого катышуу;
7) жарандарды жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтер менен камсыздоо;
8) берилген ыйгарым укуктардын чегинде заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен мамлекеттик маанидеги документтерди тариздөө жана берүү системасын, ошондой эле аларды коргоо элементтерин өркүндөтүү;
9) Департаменттин компетенциясына кирген жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоону камсыздоо;
10) жарандардын жана уюмдардын маалыматтык-каттоо ресурстарына жетүү укуктарын ишке ашырууну камсыздоо.
4-глава. Департаменттин функциялары
10. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- Департаменттин компетенциясынын чегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгууга катышат;
- бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоого катышат;
- мамлекеттик маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды иштеп чыгууга катышат;
- никени каттоо салтанатынын жаңы жарандык каада-салттарын иштеп чыгууга катышат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат, эл аралык долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну камсыздайт;
- калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Министрликтин кароосуна киргизет;
- жалпы жарандык паспорттордун буклеттерин, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун даярдоого чыгымдалуучу материалдарды, так отчеттук, жарандык абалдын актыларын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын, так отчеттуулуктун бланктык продукциясын жана Департаменттин бланктык продукциясын эсепке алат жана алардын пайдаланылышын, сакталышын, жок кылынышын контролдойт;
- Департаменттин компетенциясына кирген Жекелештирилген документтердин мамлекеттик реестрин түзүү боюнча иштерге катышат;
- мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүүнү, сактоону, пайдаланууну жана алардын коопсуздугун камсыздоого катышат;
- Департаменттин компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестрлерин түзүүгө жана тейлөөгө катышат;
- паспорттордун, күбөлүктөрдүн жана мамлекеттик маанидеги башка документтердин бланктарын өркүндөтүү, заманбап технологияларды колдонуу менен жасалмалоодон жана бурмалоодон коргоо элементтерин колдонуу жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизет;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана иштерди карайт;
- архивдик документтерди комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана колдонуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтойт;
- Департаменттин кызматкерлерин даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын республиканын аймагында мыйзамсыз жүрүү фактыларынын алдын алууда жана бөгөт коюуда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана укук коргоо органдарына көмөк көрсөтөт;
2) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- паспорттук, каттоо, архивдик, даректик-маалымдама иштери боюнча аймактык бөлүмдөрдүн ишин текшерет жана контролдойт, ошондой эле методикалык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
3) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- жарандардын жана уюмдардын маалыматтык-каттоо ресурстарына жетүү укуктарын ишке ашырууну камсыздайт;
- болгон жарандык абалдын актыларын жазуулардын негизинде Департаменттин архивдеринен документтердин көчүрмөлөрүн жарандарга берет;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарын каттайт жана каттоо эсебинен чыгарат;
- заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгарат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте өзгөртүүлөрдү киргизет;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын жазууга өзгөртүүлөрдү, оңдоолорду, толуктоолорду киргизүү, ошондой эле жарандык абалдын актыларынын туура эмес жазууларын алып салуу жөнүндө жарандардын өтүнүчтөрүн карайт;
- паспортторду даярдоо жана жекелештирүү маселелери боюнча документтерди кабыл алат жана тариздейт, ошондой эле аларды берет;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди кабыл алат жана тариздейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жана качкындарды каттайт;
- чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга уруксат берүү маселелери боюнча документтерди тариздейт;
- чек арага жакын аймакка кирүү үчүн уруксатты каттайт;
- чет өлкөлүк жарандардын никени каттоого арыздарын белгиленген тартипте карайт;
- даректик-маалымдама иштерин жүргүзөт жана жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жөнүндө маалыматтарды берет, табылга бюросунун ишин аткарат жана маалым каттарды берет;
- «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдү алууга жарандардан арыздарды кабыл алат жана сканерленген документтерди тиркөө менен социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет;
- мамлекеттик органдарга, юридикалык жана жеке жактарга белгиленген тартипте маалыматтарды берет;
- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын белгиленген тартипте карайт.
11. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Департаменттин компетенциясына кирген башка функцияларды ишке ашырат.
5-глава. Департаменттин укуктары
12. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, мекемелеринен, уюмдарынан жана ишканаларынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
3) берилген ыйгарым укуктардын чегинде соттордо өзүнүн атынан доогер жана/же жоопкер катарында чыгууга;
4) жаңы технологияларды киргизүүнү жана өнүктүрүүнү камсыздоого;
5) Департаменттин оперативдүү башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
6-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
13. Департаментти директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
14. Департаментте директордун орун басарлары бар, алар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
15. Директордун орун басарлары Департаменттин директоруна баш иет. Директор жок учурда аны орун басарларынын бири алмаштырат.
16. Директордун жана анын орун басарларынын функциялык милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри тарабынан бекитилет.
17. Мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналган Департаменттин, анын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте директор тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
18. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын категориясына кирбеген Департаменттин, анын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
19. Департаменттин директору:
1) Департаменттин ишин жалпы жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри менен макулдашуу боюнча белгиленген штаттык сандын чегинде Департаменттин борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык ырааттамасын, түзүмүн бекитет;
3) Департаменттин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
4) Департаменттин ички иш тартибин, кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аныктайт;
5) бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жаза салууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт;
6) бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген комиссияларды түзөт;
7) сот жана башка мамлекеттик органдарда Департаменттин кызыкчылыгын коргоого белгиленген тартипте ишеним каттарды берет;
8) мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Департаменттин кызыкчылыктарын коргойт;
9) Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтөт;
10) мыйзамдарда белгиленген тартипте Департаменттин кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
11) Департаменттин системасында аткарылууга милдеттүү болгон буйруктарды жана башка актыларды, анын ичинен башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен бирдикте же макулдашуу боюнча чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
12) финансы каражаттарын тескөөчү болуп саналат;
13) Департаменттин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
20. Департаментте белгиленген тартипте жарандыкты аныктоо боюнча комиссиялар түзүлөт.
21. Департаментте анын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруучу аймактык бөлүмдөр бар.
22. Департаменттин кызматкерлери аларга жүктөлгөн эмгек милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, мыйзамга каршы иш-аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык, тартиптик, жазык жоопкерчилигине тартылат.
7-глава. Департаменттин мүлкү
23. Департаменттин мүлкү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет жана ушул Жободо белгиленген максаттар үчүн пайдаланылат.
24. Департамент белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жана отчеттуулукту жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик маалыматтарды жана башка отчетторду даярдоону жана тийиштүү органдарга берүүнү камсыздайт.
25. Департаменттин борбордук аппаратын, аймактык бөлүмдөрүн камсыздоого чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
8-глава. Корутунду жоболор
26. Департаментти кайра уюштуруу же ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
27. Департаменттин иши токтотулганда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.