Загрузка документа…
6-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа»
мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары - транспорт каражаттары) каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү жаатында иш жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Мекеме) ишин регламенттейт.
2. Мекеме Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук мекемеси болуп саналат.
3. Мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Директордон жана директордун орун басарларынан тышкары, Мекеменин кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналбайт.
5. Мекеме мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, өз алдынча балансы жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алыш-бериш жана башка эсептери бар. Мекеменин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
6. Мекеменин ишин Министрлик контролдойт.
7. Мекеменин толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси»;
расмий тилде: «Государственное учреждение «Унаа» при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: «Унаа» ММ»;
расмий тилде: «ГУ «Унаа».
8. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 2а.
Мекеме филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө, аларга белгиленген тартипте өткөрүп берүү жолу менен мүлктүн бир бөлүгүн бөлүп берүүгө укуктуу.
2-глава. Мекеменин максаты
9. Мекеменин максаты транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу болуп саналат.
3-глава. Мекеменин милдеттери
10. Мекеменин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) транспорт каражаттарын, транспорт каражаттарына болгон укуктарды, чектөөлөрдү жана айдоочулардын курамын каттоо, кайра каттоо системасын уюштуруу;
2) Мекеменин компетенциясынын чегинде маалыматтык ресурстарды түзүүгө, каттоого, калыптандырууга жана тейлөөгө катышуу;
3) транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, аларды Министрликтин кароосуна киргизүү;
4) жарандардын жана уюмдардын маалыматтык ресурстарга жетүү укуктарын жүзөгө ашырууну камсыздоо;
5) Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтардын корголушун камсыздоо.
4-глава. Мекеменин функциялары
11. Мекеме өзүнүн компетенциясынын чегинде жана ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Министрликтин кароосуна киргизүү;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык ресурстарды иштеп чыгуу жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды Министрликтин кароосуна киргизүү;
- эл аралык практиканы эске алуу менен транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо, айдоочулардын курамын даярдоо жана квалификациялоо, документтештирүү жана эсепке алуу системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Министрликтин кароосуна киргизүү;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Министрликке киргизүү, эл аралык долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну камсыздоо;
- Министрликке сунуштарды киргизүү аркылуу мамлекеттик маалыматтык системалардын коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды иштеп чыгууга катышуу;
- айдоочулук күбөлүктөрдүн, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүнүн бланктарынын, транспорт каражаттарынын каттоо документтеринин, мамлекеттик каттоо белгилеринин жана транспорт каражаттарына жана айдоочуларга жол кыймылына катышууга уруксат берүү үчүн зарыл болгон башка атайын продукциялардын үлгүлөрүн жана техникалык спецификацияларын иштеп чыгууга катышуу;
- Министрликке сунуштарды киргизүү аркылуу өзүнүн компетенциясынын чегинде мекеменин компетенциясынын чегинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү стандарттарын иштеп чыгууга катышуу;
- Мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча координациялык жана башка комиссиялардын, жумушчу топтордун ишине катышуу;
- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча айдоочуларды даярдоо, кайра даярдоо программаларын иштеп чыгууга катышуу;
- транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо, каттоо документтерин берүү, транспорт каражаттарынын номердик түйүндөрүн жана агрегаттарын кароо жүргүзүү жана алардын эсептик маалыматтары менен салыштырып текшерүү, кайра жабдылган, түйүндөрдөн жана агрегаттардан чогултулган машиналарды жана жабдууларды техникалык күбөлөндүрүү;
- транспорт каражаттарынын пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоо номердик белгилерин (түстүү металлдардын сыныктары) конкурстук негизде (аукциондо) сатуу;
- айдоочулук күбөлүктү, тракторист-машинисттин күбөлүгүн алууга квалификациялык экзамендерди кабыл алууга жана өткөрүүгө адамдардын кирүүсүнө уруксат берүү, квалификациялык экзамендерди алуу;
- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, даттанууларын, арыздарын жана сунуштарын кароо;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өзгөргөндүгү тууралуу жарандарга маалымат берүү;
- Мекеменин кызматкерлеринин потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу боюнча Министрликке сунуштарды киргизүү;
2) координациялоо жана башкаруу функциялары:
- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо, кайра каттоо жаатындагы мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу боюнча Мекеменин аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн (АвтоЦон) ишин контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- транспорт каражаттарына болгон чектөөлөрдү белгиленген тартипте эсепке алуу;
- айдоочулук күбөлүктөрдүн, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүнүн бланктарын, транспорт каражаттарынын каттоо документтерин, транспорт каражаттарына мамлекеттик каттоо белгилерин жана транспорт каражаттарына жана айдоочуларга жол кыймылына катышууга уруксат берүү үчүн зарыл болгон башка атайын продукцияларды белгиленген тартипте эсепке алуу;
3) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулардын курамынын маалыматтар базасын түзүү;
- транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу жана жараксыздыкка чыгаруу;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүнүн, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүнүн бланктарын, транспорт каражаттарынын каттоо документтерин жана транспорт каражаттарына жана айдоочуларга жол кыймылына катышууга уруксат берүү үчүн зарыл болгон башка атайын продукцияларды жекелештирүү;
- транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жыйымдарды алуу;
- айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн алууга талапкерлерди эсепке алуу;
- квалификациялык экзамендерди тапшырган адамдарга айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү жана алмаштыруу;
- транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо номердик белгилерин сатууну, берүүнү жана алмаштырууну камсыздоо;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстарын түзүүнү, сактоону, пайдаланууну жана коопсуздугун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эгер суралган маалымат органдын компетенциясына жана ыйгарым укуктарына кирсе, катталган транспорт каражаттары жана алардын ээлери жөнүндө, айдоочулук күбөлүк алган адамдар жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча укук коргоо органдары жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү;
12. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Мекеменин компетенциясына кирген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
5-глава. Мекеменин укуктары жана милдеттери
13. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул Жободо аныкталган өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан анын компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
3) коопсуздуктун, эксплуатациялоонун жана жол кыймылына катышуунун белгиленген талаптарына шайкеш келбеген, түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлери же мамлекеттик каттоо белгилери жашыруун, жасалма, өзгөртүлгөн транспорт каражаттарына тиешелүү документтерди берүүдөн жана каттоодон баш тартууга;
4) юридикалык жана жеке жактардан белгиленген тартипте накталай эмес жана накталай эсептешүү менен материалдык ресурстарды, мүлктөрдү, анын ичинен негизги каражаттарды сатып алууга;
5) башка юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
6) өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттенмелерди алууга жана жоопкерчилик тартууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга;
7) уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен Мекеменин иштешин камсыз кылуу үчүн жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө;
8) кызматкерлерге консультация берүү, окутуу жана Мекеменин функцияларын аткаруу жана башка максаттар үчүн келишимдик негизде адистерди белгиленген тартипте тартууга;
9) кызматкерлерди командировкаларга, анын ичинде эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн чет өлкөлөргө командировкага жиберүүгө;
10) жарнама берүүчү катары чыгууга.
14. Мекеме ижарага берүүчү жана ижарага алуучу боло алат. Мүлктү ижарага берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
15. Мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;
2) бардык иштегендер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
3) түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык кызматкерлер менен толук эсептешүүгө;
5) кызматкерлерди социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
6) салыктарды төлөөгө жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө салыктык отчетторду берүүгө.
16. Мекеменин кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого, анын ичинен иштөөсүн токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин аралыгында сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган, жарандардын жеке жашоосун, ар-намысын козгогон маалыматтарды сыр сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, алардан мындай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого милдеттүү.
Мекеменин кызматкерлери аларга жүктөлгөн эмгек милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда, мыйзамсыз иш-аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык, тартиптик, жазык жоопкерчилигине тартылат.
Мекеменин кызматкерлерине алардын укуктук статусу менен шартталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн мамлекеттик жарандык кызмат жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген чектөөлөр, тыюу салуулар жана милдеттенмелер жайылтылат.
17. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырат.
6-глава. Мекеменин ишин уюштуруу
18. Мекемени директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
19. Директор Мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
20. Мекемеде эки орун басардын кызмат орундары каралган, алар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директор жок учурда аны милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык орун басарларынын бири алмаштырат.
21. Мекеменин, анын аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн (АвтоЦОН) түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Министрлик менен макулдашуу боюнча директор бекитет.
22. Мекеменин кызматкерлери директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Жумушка кабыл алуунун, которуунун жана жылдыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директор тарабынан аныкталат.
23. Директордун, директордун орун басарларынын функциялык милдеттерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри бекитет.
24. Мекеменин директору:
1) Мекемени башкарат жана жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин жыйынтыктары үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
2) Мекеменин атынан ишеним катсыз иш алып барат;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, уюмдарында жана мекемелеринде Мекеменин кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
4) иш пландарын, кирешелер жана чыгымдар сметаларын, эмгек акы төлөө системасынын формасын, кызматкерлердин функциялык милдеттерин бекитет;
5) Мекеменин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;
6) Мекеменин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
7) Мекеменин түзүмдүк жана аймактык каттоо бөлүмдөрү (АвтоЦон) жөнүндө жоболорду, ички иш тартибин бекитет;
8) кызматкерлерге карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
9) кошумча төлөмдөрдү белгилейт, кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
10) белгиленген тартипте Мекеменин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Министрликтин ведомстволук сыйлыктары, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого Министрликке сунуштайт;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Мекеменин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
7-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
25. Мекеме Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн ишинин жыйынтыктарын бухгалтердик эсепке алат жана статистикалык отчетторду жүргүзөт.
26. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда анын тескөөсүндөгү каражаттардын эсебинен ички аудит жүргүзөт.
8-глава. Мекеменин мүлкү
27. Мекеме оперативдүү башкаруу укугуна негизделген.
28. Мекеменин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат, аны ээликтен ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
29. Мекеменин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы өз алдынча баланста көрсөтүлгөн башка материалдык баалуулуктар түзөт.
30. Мекеменин мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешелер;
2) гранттар;
3) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
Мекемени камсыздоого чыгымдар анын эсептеринде топтолгон каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
9-глава. Мекемени кайра уюштуруу жана жоюу
31. Мекемени кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
32. Мекеменин иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.