Загрузка документа…
7-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Санариптик
өнүктүрүү министрлигинин алдындагы
«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын (мындан ары – Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары – Министрлик) актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, жамааттык келишимди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
4. Ишкананын фирмалык толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы»;
- расмий тилде: «Государственное предприятие «Инфоком» при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики»;
- англис тилинде: «The State Enterprise «Infocom» under the Ministry of Digital Development of the Kyrgyz Republic».
Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Инфоком» МИ;
- расмий тилде: ГП «Инфоком»;
- англис тилинде: SE «Infocom».
5. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлккө ыкчам башкарууну жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен мөөргө, штампка, бланктарга, логотипке жана башка атрибутикага ээ, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
6. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде аракеттенет, өз алдынча баланска ээ, келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык милдеттерди алууга укуктуу.
7. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чолпон-Ата көч., 2.
Ишкана филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө, аларга белгиленген тартипте өткөрүп берүү жолу менен мүлктүн бир бөлүгүн ыйгаруу укугуна ээ.
2-глава. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
8. Ишкананын максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык жана мамлекеттер аралык электрондук өз ара аракеттенүүсүн камсыздоочу маалыматтык системаларды, ресурстарды, маалыматтар базаларын камтыган Кыргыз Республикасынын маалыматтык-коммуникциялык инфратүзүмүнүн бирдиктүү комплексин калыптандыруу;
2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүүдө, анын ичинде электрондук форматта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө техникалык координациялоону камсыздоо;
3) мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кирүүсүнө жана башка эл аралык бирикмелерге катышуусуна байланышкан маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу;
4) бекитилген технологияга жана стандартка ылайык мамлекеттик маанидеги документтерди, мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин өз убагында жана сапаттуу тариздөө жана даярдоону уюштуруу.
9. Ишкананын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жана жеке жактарга маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин сунуштоо, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн натыйжалуу жана үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо;
2) өз компетенциясынын алкагында, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында маалыматтык системалардын, ресурстардын, маалыматтар базаларынын ведомстволор аралык жана мамлекеттер аралык электрондук өз ара аракеттенүүсүн түзүү, интеграциялоо жана уюштуруу;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмүн өнүктүрүү жана тейлөө;
4) мамлекеттик жана муниципалдык, анын ичинде эл аралык маалыматтык системаларга интеграцияланган маалыматтык системаларды, ресурстарды жана маалыматтар базаларын түзүү, коштоо жана иштешин камсыздоо;
5) өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоодо инженердик-техникалык коопсуздукту жана купуялуулукту камсыздоо;
6) электрондук башкарууну жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын ишин техникалык координациялоону камсыздоо;
7) электрондук колтамга, электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, мамлекеттик маанидеги документтер жана мамлекеттик каттоонун номердик белгилери чөйрөсүндөгү долбоорлорду иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү;
8) электрондук форматта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, функцияларды оптималдаштыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү процессине катышуу;
9) Ишканага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүктөлгөн башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.
10. Ишкананын функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, байланыш жана электрондук колтамга чөйрөсүндөгү ишти камсыздоо боюнча функциялар:
- Министрликке Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү бирдиктүү саясатты ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- маалымат алмашуу максатында эл аралык, улуттук жана эки тараптуу долбоорлорду даярдоонун жана ишке ашыруунун алкагында программалык-аппараттык каражаттарды жана телекоммуникациялык жабдууларды, анын ичинде Кыргыз Республикасы колдонуучу жабдууларды коштоп жүрүү боюнча маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүү;
- электрондук башкарууну ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын ишин техникалык координациялоо;
- маалымат алмашуу максаттарында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык-коммуникациялык системаларынын туташтырууну, жөндөөнү, ишке киргизүүнү жана иштөөсүн камсыздоо боюнча иштерин жүргүзүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык-коммуникациялык системаларын техникалык колдоо жана коштоо;
- методикалык жана методологиялык коштоону, электрондук башкаруу архитектурасын өнүктүрүүнү жана анын иштөөсүн камсыздоо;
- маалыматтык системалардын жана ресурстардын, анын ичинде Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасынын, Электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн реестринин, Базалык маалыматтык ресурстар реестринин, Мониторингдөө улуттук системасынын жана башкалардын иштелип чыгарылуусун жана иштөөсүн жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык инфратүзүмүнө интеграциялануучу маалыматтык долбоорлорду техникалык талдоону жүргүзүү;
- маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмдү, телекоммуникация-лык түйүндөрдү, техникалык каражаттарды жана электрондук башкаруу системаларын долбоорлоо, иштеп чыгуу, монтаждоо, коштоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү үчүн локалдык жана глобалдык маалымат сактоочу жайларды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык долбоорлонуучу, иштелип чыгып жаткан, ишке киргизилип жаткан техникалык каражаттардын жана маалыматташтыруу системаларынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча ишти жүргүзүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын маалыматтык системаларын, ресурстарын, маалыматтар базаларын иштеп чыгуу, ишке киргизүү, коштоо жана өнүктүрүү;
- мамлекеттик маалыматтык системаларга, ресурстарга, маалыматтар базаларына мониторинг жүргүзүү жана аларды Ишкананын каталогунда каттоо, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө өздүк отчеттуулукту жана статистиканы жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларында, ресурстарында, маалыматтар базаларында жана банктарында эксплуатациялануучу программалык-аппараттык каражаттардын жана телекоммуникациялык жабдуулардын техникалык талаптарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык системаларын, ресурстарын, маалыматтар базаларын жана банктарын түзүү, өнүктүрүү, ишке киргизүү, эксплуатациялоо жана эксплуатациялоодон чыгаруу тартибине коюлуучу талаптарга шайкеш келүүсүнө корутундуларды берүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынын, ресурстарынын, маалыматтар базаларынын ээлерине методологиялык колдоо көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларын, ресурстарын, маалыматтар базаларын жана банктарын байланыш каналдары менен камсыздоо;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү техникалык тапшырмалардын, техникалык шарттардын долбоорлорун жана башка долбоорлоо документтерин иштеп чыгуу жана экспертизалоо;
- автоматташтырылган маалыматтык системаларды камсыздоонун заманбап каражаттарын тестирлөө жана ишке киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, башка юридикалык жактар үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү долбоорлорду иштеп чыгуу, ишке ашыруу, эксплуатациялоо, башкаруу жана коштоо;
- маалыматтардын ири көлөмдөрүн сактоо жана иштеп чыгуу үчүн долбоорлорду долбоорлоо жана ишке ашыруу;
- электрондук башкаруу жана электрондук колтамга чөйрөсүндөгү программалык-аппараттык чечимдерди ишке киргизүү;
- документтерди нукка салынган сканерлөө жана киргизүү, электрондук архивдерди түзүү;
- күбөлөндүрүүчү борбордун базасында жеке жана юридикалык жактардын колтамгалар ачкычтарынын берилген сертификаттарынын реестрин жүргүзүү;
- күбөлөндүрүүчү борбордун базасында жеке жана юридикалык жактарга электрондук санариптик колтамганын ачык ачкычынын сертификаттарын берүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш тармагындагы окутууларды, маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү жана консультация берүү кызматтарын көрсөтүү;
- Ишкананын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштуруу;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, электрондук башкаруу, электрондук колтамга, мамлекеттик маанидеги документтер жана мамлекеттик каттоонун номердик белгилери тармагындагы илимий-изилдөө жана инновациялык ишти жүргүзүү;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү ишмердиктин артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу үчүн чет өлкөдөн инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, электрондук башкаруу, электрондук колтамга жаатындагы ченемдик укуктук актыларды, жоболорду, нускамаларды, стандарттарды жана коюлуучу талаптарды, мамлекеттик маанидеги документтерди жана мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин иштеп чыгууга катышуу;
2) электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн иштөөсүн камсыздоо боюнча функциялар:
- «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын администраторунун функцияларын жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын маалыматтык системаларынын «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;
- «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына маалыматтык системалардын туташуусун уюштуруу жана координациялоо;
- «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын колдонууга мониторингди жана отчеттуулукту, статистиканы жүргүзүү;
- «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын жардамы менен жарандардын жана уюмдардын мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына расмий билдирүүлөрдү жөнөтүү, ошондой эле жарандардын жана уюмдардын мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, кызмат адамдарынан электрондук документтер формасындагы расмий билдирүүлөрдү алуу мүмкүндүгүн камсыздоо;
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – Портал) аркылуу берилүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүү;
- Порталда электрондук формадагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу;
- модернизациялоо жана техникалык иштерди жүргүзүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, Порталга күнү-түнү кирүү мүмкүндүгүн камсыздоо;
- Порталга кирүү фактылары жөнүндө маалыматтарды каттоо жана сактоо;
- Портал аркылуу электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасына кирүүнү камсыздоо;
- Порталда жайгаштырылуучу жеке маалыматты санкцияланбаган өзгөртүүдөн же жок кылуудан коргоо;
- Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Бирдиктүү идентификациялоо системасында (мындан ары – БИС) колдонулуучу идентификациялоо, аутентификациялоо, авторизациялоо методдорун жана ыкмаларын аныктоого катышуу;
- Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу тармагындагы мыйзамдарында каралган талаптарды эске алуу менен БИСти түзүү, өнүктүрүү (модернизациялоо) жана алардын иштөөсүн камсыздоо;
3) маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча функциялар:
- Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик маалыматтык системалардын жана маалыматтык технологиялардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен мамлекеттик маалыматтык системалардын, ресурстардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо, алардын бүтүндүгү, жеткиликтүүлүгү жана купуялуулугу, маалыматтык технологияларды мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында колдонуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
4) техникалык оператордун милдеттерин аткаруу боюнча функциялар:
- Кыргыз Республикасынын ишеним артылган үчүнчү тарабынын Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоосу;
- Кыргыз Республикасынын башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борборунун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо;
- мамлекеттик маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун (булут сактоочу жайынын) үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо;
5) өндүрүштүк ишти камсыздоо функциялары:
- жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтердин үлгүлөрүн долбоорлоону уюштурууну, өндүрүүнү, жекелештирүү жана даярдоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу;
- так отчеттуулуктагы адистештирилген бланктарды сактоо жана жеткирүү;
- транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин даярдоо;
- автотранспорт каражаттары үчүн сандардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышы менен мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин, ошондой эле энчилүү номердик белгилерди сатуу;
- полиграфия кызматтарын көрсөтүү, мөөрлөрдү, маалымат карталарын (SMART) даярдоо;
6) Ишкананын милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарууну камсыздоочу башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
11. Ишкана ушул Устав менен аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) юридикалык жана жеке жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык ресурстарды, мүлктү сатып алууга;
2) Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен мамлекеттик маалыматтык системалардын, ресурстардын, маалыматтар базаларынын коопсуздугун камсыздоо, алардын бүтүндүгү, жеткиликтүүлүгү жана купуялуулугу, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында колдонуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүгө;
3) ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын жана электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн башка элементтери аркылуу маалымат алмашуу, ошондой эле электрондук башкаруу маселелерин ишке ашыруу максатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык базасында мамлекеттик сыр болуп эсептелген маалыматты камтыбаган жана электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнө кирбеген маалыматтык системаларына кирүүгө уруксат алуу;
4) радиожыштыктарды, радиожыштыктардын тилкелерин бөлүштүрүүнү жана дайындоону жүзөгө ашыруучу тийиштүү мамлекеттик органдардан артыкчылыктуу негизде алууга;
5) өз компетенцияларынын чегинде мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жана жеке жактарга кызматтарды белгиленген тартипте көрсөтүүгө;
6) накталай жана накталай эмес эсептешүү аркылуу материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды юридикалык жана жеке жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алууга;
7) менчик ээсинин макулдугу менен ыкчам башкаруу укугунда ага таандык болгон мүлктү күрөөгө берүүгө;
8) юридикалык жана жеке жактар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишмердикти жүзөгө ашырууга;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө;
11) коом үчүн жеткиликтүү контакт-борборлорду жана колл-борборлорду түзүүгө;
12) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүүгө;
13) Кыргыз Республикасында жана анын чектеринен тышкары юридикалык жана жеке жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коммерциялык жана башка негизде алынган кредиттик каражаттарды колдонууга;
14) жарнама берүүчү болууга;
15) Министрлик жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аткарылуучу иштерге жана көрсөтүлүүчү кызматтарга карата акы төлөө өлчөмдөрүн бекитүүгө;
16) менчик ээсинин макулдугу менен ага ыкчам башкаруу укугунда таандык болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарага берүүгө, акысыз убактылуу пайдаланууга берүүгө;
17) Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы муундагы заманбап телекоммуникациялык түйүндөрдү түзүүгө жана аларды коммуникациялардын дүйнөлүк түйүнүнө интеграциялоого;
18) жаңы муундагы түзүлгөн телекоммуникациялык жогорку ылдамдыктагы түйүндүн базасында административдик байланыштын түйүнүн ишке киргизүүгө;
19) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары керектөөчүлөргө телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө;
20) телекоммуникациялардын шаар аралык жана эл аралык түйүндөрүнүн оператору катары башка мамлекеттердин, керектөөчүлөрдүн, эл аралык уюмдардын байланыш администрациясы менен иш алып барууну электр байланыштын эл аралык регламентине, төмөнкүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү укугу менен жүзөгө ашырууга:
- байланыштын магистралдык жана эл аралык чубалгыларын долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо;
- Интернет түйүнүн пайдаланууга мүмкүндүк берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүү;
- маалыматтарды жана билдирүүлөрдү зымсыз берүү кызматтарын ишке киргизүү, эксплуатациялоо;
- байланыштын транкинг системаларын ишке киргизүү жана эксплуатациялоо;
- байланыштын геостационардык спутниктеринин радиожыштык спектрин пайдалануу;
- курулуш-монтаждоо, оңдоп-түзөтүү жана ишке киргизүү-жөндөө иштерин жүргүзүү;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы метрологиялык ишти жүзөгө ашыруу;
- телекоммуникациялык жабдууларды сатып өткөрүү;
21) электрондук башкаруу инфратүзүмүн түзүү, өзгөртүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
22) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жана ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү процесстерин оптималдаштыруу жана санариптештирүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
23) жумушчу жана башка топторду жана комиссияларды түзүүгө;
24) эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
25) Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутууларды өткөрүү жана башка максаттар үчүн келишимдердин негизинде адистерди белгиленген тартипте тартууга;
26) Ишкананын кызматкерлерин эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуусу үчүн иш сапарга белгиленген тартипте жөнөтүүгө;
27) зарыл болгон маалыматты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
28) өз компетенциясынын чегинде башка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө.
12. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ишти жүзөгө ашыруу укугуна ээ.
13. Ишкана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз функцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Ишкананын жамааттык келишимине жана түзүлгөн келишимдерине ылайык аткарууга;
2) салык органдарына Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө жана салыктарды Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталуучу тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө;
3) ыкчам башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталашын камсыздоого;
4) Ишкананын бардык кызматкерлери менен түзүлгөн келишимдерге ылайык толук эсептешүүгө.
14. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
15. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды, анын ичинде Ишканада иштөөсүн токтоткондон кийин да, мамлекеттик жашыруун сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин аралыгында сактоого, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алынган жарандардын жеке жашоосуна, абийирине жана кадыр-баркына тиешелүү болгон маалыматтарды купуя сактоого милдеттүү.
16. Ишкана кызматкерлердин жыл сайын акы төлөнүүчү өргүүлөрүнүн узактыгын Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык өз алдынча аныктайт.
4-глава. Ишкананы башкаруу
17. Ишкананын ишин жалпы координациялоону Министрлик жүзөгө ашырат.
18. Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти Ишкананын директору жүзөгө ашырат.
19. Ишкананын директорун Министрлик сунуштаган, Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна карата коюлуучу квалификациялык талаптарга шайкеш келген адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
20. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Ишкананын директору менен эмгек келишимди үч жылдык мөөнөткө түзөт.
Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттеринин талаптагыдай аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын жана эмгек келишиминин негизинде аракеттенет.
Ишкананын директору ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алса;
- иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаса;
- эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
21. Ишкананын директору:
1) Ишкананын өндүрүштүк, финансылык-экономикалык жана чарбалык ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
2) Ишкананын бюджетин иштеп чыгууну жана белгиленген тартипте Министрлик менен макулдашууну камсыздайт;
3) Ишкананын финансылык каражаттарын жана башка мүлкүн өз ыйгарым укуктарынын чегинде тескейт;
4) өз ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын атынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасайт;
5) ишеним каттарды берет;
6) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында аныкталган тартипте кызматкерлерди жалдайт;
7) ыкчам, бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштурат, анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат;
8) өз компетенциясынын чегинде Ишкананын ишинин маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;
9) ишеним катсыз Ишкананын кызыкчылыктарын соттордо, ишканалар жана мамлекеттик органдар, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар менен болгон өз ара мамилелерде билдирет;
10) финансылык абал, эсепке алуу жана отчеттуулук, иш кагаздарын жүргүзүүнүн абалы, иштеги финансылык бузуулар үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
11) Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгуучу жана Министрлик бекитүүчү Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын ишке ашырылышын камсыздайт;
12) тармактык саясат маселелери боюнча Министрликтин чечимдерин аткарууну камсыздайт;
13) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бекитүүсүнө алдыдагы жылга каралган Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту киргизет;
14) Ишкананын ишине байланышкан башка маселелерди чечет.
22. Төмөнкүлөр Ишкананын директору, директордун орун басарлары жана башкы бухгалтери боло албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин ээлеген кызматынан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарба субъектисинде аны банкроттукка алып келген жетекчилик кызмат орундарын мурда ээлеген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
23. Ишкананын директору, директордун орун басарлары жана башкы бухгалтер кызмат ордунда болгон мезгил ичинде бир эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, алардын уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
24. Ишкананын башкы бухгалтерин Ишкананын директору кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, директорго түздөн-түз баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат.
25. Ишкананын кызматкерлери Ишкананын штаттык ырааттамасына ылайык Ишкананын директору тарабынан кызмат орундарына дайындалат жана кызмат орундарынан бошотулат.
Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери жана Ишкананын жамааттык келишиминин жоболору менен жөнгө салынат.
26. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы директор тарабынан Министрлик жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет.
27. Ишкананын кирешелер жана чыгашалар сметалары Министрлик менен макулдашылат.
28. Ишкананын штатында Ишкананын директорунун төрт орун басарынын кызмат оруну каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызмат орундарына дайындалат жана кызмат орундарынан бошотулат.
Директордун орун басарларынын бири Ишкананын директору жок учурда Ишкананын директорунун милдеттерин аткарат.
29. Ишкананын директорунун орун басарлары өз ыйгарым укуктарын Ишкананын директору бекитүүчү милдеттерге ылайык жүзөгө ашырат.
30. Ишкананын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу, электрондук колтамга, жеке мүнөздөгү маалыматтар жана киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аларга кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүнө ээ болушат жана аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
5-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
31. Ишкана өз ишин Министрлик менен макулдашылган жылдык иш планынын, кирешелер жана чыгашалар бюджетинин негизинде, ошондой эле Министрликтин стратегиясынын алкагында Министрлик тарабынан бекитилген 3 жана андан ашык жылга каралган узак мөөнөттүү пландын негизинде жүзөгө ашырат. Ишкананын жылдык жана учурдагы иш пландарын Ишкананын жамааттык келишиминин жоболорун эске алуу менен Ишкананын директору бекитет.
32. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жүргүзөт.
33. Ишкана финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетторун Министрликке белгиленген тартипте берет.
34. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштетүүнүн жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
35. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суроо-талап кылынган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалыматты бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
36. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү контролдоочу мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
37. Ишкана жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Министрлик менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары, анын ичинде Ишкананын өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту берет.
38. Ишкананын алдын ала бюджети мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен 31-декабрга чейинки мөөнөттө макулдашылат.
6-глава. Ишкананын мүлкү
39. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
40. Ишкананын кирешелерин жана мүлкүн түзүүчү булактар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
2) ыкчам башкарууда турган мүлк;
3) гранттар, банктардын кредиттери жана башка кредиторлордон алынган кредиттер;
4) эл аралык уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
5) өздүк мүлкүн пайдалануудан алынган пайда;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.
41. Ишкананын мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана ага бекитилип берилген мүлккө ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө укуктарын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген чектерде жүзөгө ашырат.
42. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсептешүү эсебине ал тарабынан бекитилген таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмес бөлүгүн отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке андан ары жиберүү менен которот.
43. Ишкана алган кирешелер, ошондой эле ушул кирешелердин эсебинен сатылып алынган мүлк Ишкананын өз алдынча тескөөсүнө келип түшөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
7-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
44. Ишкананы кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
45. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча токтотулушу мүмкүн.
46. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.