Загрузка документа…
8-тиркеме
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары – Министрлик) актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы»;
- расмий тилде: «Государственное предприятие «Кыргыз почтасы» при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики»;
- англис тилинде: «State Enterprise «Kyrgyz Post» under the Ministry of Digital Development and Communications of the Kyrgyz Republic».
Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Кыргыз почтасы» МИ;
- расмий тилде: ГП «Кыргыз почтасы»;
- англис тилинде: SE «Kyrgyz Post».
5. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда мүлккө ээ болгон мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, бланктары, логотиби жана башка атрибуттары бар жана Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш эсептерин, анын ичинде валюталык эсептерди ачуу укугу менен толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт.
6. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720001, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 227.
7. Ишкана филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө, аларга белгиленген тартипте өткөрүп берүү жолу менен мүлктүн бир бөлүгүн бөлүп берүүгө укуктуу.
8. Ишкананын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республиканын бүткүл аймагында почта байланыш кызматтарын көрсөтүү;
2) мамлекеттик почта байланышынын туруктуу өзүн-өзү актоосуна жетүү жана рентабелдүүлүгүн жогорулатуу;
3) чарбалык иштен киреше алуу жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызыкчылыктарына пайдалануу;
4) мамлекеттик почта байланышынын инфратүзүмүн натыйжалуу пайдалануу, өркүндөтүү, модернизациялоо жана өнүктүрүү;
5) почта байланышынын ишканаларынын, финансы-кредиттик мекемелердин жана менчиктин бардык түрүндөгү жеке жана юридикалык жактарга ар кандай түрдөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча башка уюмдардын келишимдик мамилелерине негизделген почта-аманат системасын жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдү натыйжалуу жүргүзүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү заманбап почта инфратүзүмүн түзүү;
6) калктын, ишканалардын, уюмдардын, башка юридикалык жана жеке жактардын керектөөлөрүн кыйла толук канааттандырууну эске алуу менен, ички жана эл аралык кат-кабарларды жөнөтүү үчүн расмий почта продукциясын (маркаланган жана маркаланбаган конверттер, открыткалар, куттуктоо сувенирлери, почта маркалары, блоктор жана башка почта-бланктык жана бланктык продукция) басып чыгарууга даярдоону камсыздоо, басып чыгаруу жана жайылтуу.
9. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик почта байланышын сактоо;
2) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында почта жана финансылык кызматтарды көрсөтүү;
3) мамлекеттик менчиктин жана акча каражаттарынын сакталышын камсыздоо;
4) Ишканада автоматташтыруунун жаңы технологияларын, системаларын жана каражаттарын киргизүү;
5) почта, финансылык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү;
6) мамлекеттик почта байланышын модернизациялоого жана өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;
7) мамлекеттик почта байланыш кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун жогорулатуу;
8) жогорку сапаттагы маркалык продукцияны чыгарууну, эскиздерди, сюжеттерди, көркөм түп нускаларды иштеп чыгууну камсыздоого багытталган иш-чараларды уюштуруу;
9) өтүнмөлөрдү чогултуу жолу менен почта продукциясынын жана почталык акы төлөө белгилеринин тиешелүү түрлөрүнө болгон керектөөлөрдү алардын иш жүзүндө сатылышын жана калдыктарынын болушун эске алуу менен аныктоо;
10) тиражын аныктоо, өтүнмөлөргө жана разнарядкаларга ылайык бөлүштүрүүнү камсыздоо, почта-маркалык продукцияны сатуу;
11) Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрүн үзгүлтүксүз иштетүү.
10. Ишкана милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) почта байланышын камсыздоо чөйрөсүндөгү функциялар:
- мамлекеттик почта байланыш тармактарын модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча иштерди уюштуруу;
- почта жөнөтмөлөрүн ташууну жана жеткирүүнү уюштуруу;
- почта жөнөтмөлөрүнүн бардык түрлөрүн кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына аларды ташуу жана жеткирүү;
- филиалдардын базасында калкты тейлөө борборлорунун ишин уюштуруу;
- жазылууларды кабыл алуу, мезгилдүү басылмаларды иштеп чыгуу жана жеткирүү, аларды чекене сатуу;
- электрондук коммерция кызматтарын, электрондук почта кызматтарын көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соода-коммерциялык иштерди жүргүзүү;
- почта байланышынын дайындалган операторлору тарабынан почталык акы төлөө белгилеринин артыкчылыктуу бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу;
- Ишканада эмгекти коргоонун, коопсуздук техникасынын жана өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо боюнча иштерди уюштуруу;
- Ишкананы материалдык-техникалык камсыздоону уюштуруу;
- Ишкананын кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо;
- эл аралык почта уюмдарына катышуу;
- филателисттик продукцияны экспорттоо жана импорттоо;
- филателисттик көргөзмөлөрдү, почталык акы төлөө белгилерин жайылтууга жана сатууга багытталган жарнамалык-коммерциялык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик почталык акы төлөө белгилерин басып чыгарууга даярдоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу;
- почталык акы төлөө белгилеринин иштелип чыккан эскиздерин, көркөм түп нускаларын (почта маркалары, блоктор, маркаланган конверттер, карточкалар) Министрликтин бекитүүсүнө сунуштоо;
- почта-маркалык продукцияны даярдоо мөөнөттөрүн жана сапатын контролдоо;
- почталык акы төлөө белгилерин жүгүртүүгө чыгарууда алардын презентацияларын, жарнамалык акцияларын жана атайын (эстелик) төлөөлөрдү өткөрүүнү камсыз кылуу;
2) почталык финансылык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү функциялар:
- пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө, алардын ишке ашырылышын контролдоо;
- почталык жана электрондук акча которууларды кабыл алуу жана төлөө;
- финансылык кызматтарды көрсөтүү;
- почталык акы төлөө белгилерин, филателисттик товарларды, почта тараларын жана почта байланышынын атрибуттары болуп саналган башка товарларды сатуу;
- калктан төлөмдөрдү кабыл алуу;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткаруу.
11. Ишкана ушул Уставда аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга;
2) сотто доогер жана жоопкер болууга;
3) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммерциялык иштерди жүргүзүүгө, мамлекеттик почта байланышынын кошумча кирешелерин жана каржылоо булактарын, анын ичинен тышкы инвестицияларды издеп табууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн уюштуруу-өндүрүштүк түзүмүн өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банктардын жана башка кредиторлордун кредиттерин пайдаланууга;
7) белгиленген тартипте Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү жана окутуу үчүн келишимдик негизде адистерди тартууга;
8) почта байланышы жана басылмаларды жайылтуу жаатындагы кызматташтык маселелери боюнча чет өлкөлүк почта уюмдары жана башка өлкөлөрдүн почта байланышынын дайындалган операторлору менен келишимдерди түзүүгө;
9) филиалдардын өндүрүштүк-экономикалык ишин пландоого, жөнгө салууга жана контролдоого, мамлекеттик почта байланышынын материалдык-техникалык жана технологиялык базасын модернизациялоо жана өнүктүрүү багыттарын аныктоого;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлик менен макулдашуу боюнча жеке каражаттарынын чегинде кызматкерлерге эмгек акы төлөө өлчөмдөрүн белгилөөгө;
11) Министрлик тарабынан бекитилген почта байланышынын негизги ченемдерине ылайык почта каттамдарын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
12. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Дүйнөлүк почта союзунун жана Байланыш жаатындагы региондук шериктештиктин актыларына ылайык мамлекеттик почта байланышынын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешин камсыздоого;
2) филиалдардын базасында калкты тейлөө борборлорунун үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштөөсүн камсыздоого;
3) чарба жүргүзүүсүндө турган имараттарды, жабдууларды, транспорт каражаттарын, өндүрүштүк инвентарды жана башка мүлктөрдү тийиштүү түрдө күтүүнү жана пайдаланууну камсыздоого;
4) почтаны ташуунун белгиленген контролдук мөөнөттөрүн сактоого, почта жөнөтмөлөрүнүн бардык түрлөрүн жеткирүүнү жана сакталышын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык филиалдарында финансылык жүгүртүүдө турган которуу, пенсиялык, жазылуу жана башка акча каражаттарын өз убагында төлөөнү камсыздоого;
5) пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөө боюнча каражаттарды, которулуучу акча каражаттарын, жазылуудан жана мезгилдүү басылмаларды чекене сатуудан түшкөн каражаттарды карызга алууга жол бербөөгө жана алардын сакталышын камсыздоого;
6) кат алышуунун сырларын сактоону камсыздоого;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте филиалдардын бюджетин бекитүүгө жана контролдоого, мамлекеттик почта байланышын сактоо, модернизациялоо жана өнүктүрүү кызыкчылыгында кирешени жана пайданы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө;
8) филиалдардын ишине тиешелүү сунуштарды, доолорду, арыздарды жана даттанууларды кароого жана алар боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелердин филиалдар тарабынан аткарылышын камсыздоого;
10) филиалдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, жаңы, анын ичинде финансылык, келишимдик кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө, заманбап техникалык каражаттарды колдонуу менен кардарларды тейлөөнүн сапатын жана маданиятын көтөрүүгө, өндүрүштүк, эмгек жана финансы ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгууга;
11) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, байланыш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын буйруктарынын жана тескемелеринин филиалдар тарабынан сакталышын контролдоого жана башкарууну оптималдаштыруу, коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүү максатында филиалдардын өндүрүштүк-эксплуатациялык, чарбалык жана финансы-экономикалык иштерин талдоого;
12) башка мамлекеттердин почта операторлору жана Ишкананын өнөктөштөрү менен өз убагында өз ара эсептешүүлөрдү камсыздоого;
13) мезгилдүү басылмалардын каталогдорун даярдоону жана басып чыгарууну жана жазылууну жүргүзүүнү камсыздоого. Мезгилдүү басылмаларды жөнөтүүнү, анын ишке ашырылышынын жана мезгилдүү басылмаларга жазылуудан жана чекене сатуудан түшкөн акча каражаттарынын өз убагында которууну контролдоого.
13. Ишкананын түзүмү борбордук аппаратты жана филиалдарды камтыйт.
14. Ишкананын филиалдары юридикалык жак болуп эсептелбейт жана филиалдар жөнүндө жоболордун негизинде иштейт. Филиалдардын банктарда эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган штамптары жана мөөрү бар.
15. Ишкананын борбордук аппаратынын башкаруу схемасы, түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилет.
16. Филиалдардын жетекчилери квалификациялык талаптарга ылайык конкурстук негизде кызмат ордуна дайындалышат жана Ишкананын башкы директорунун буйругу менен ээлеген кызмат ордунан бошотулушат жана анын ишеним катынын негизинде иштешет.
17. Филиалдардын жетекчилеринин орун басарлары жана башкы бухгалтерлери филиалдардын жетекчилеринин сунушу боюнча Ишкананын башкы директорунун буйругу менен кызмат ордуна дайындалышат жана ээлеген кызмат ордунан бошотулушат.
18. Филиалдын жетекчисинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилген филиал жөнүндө жобо менен аныкталат.
19. Министрлик Ишкананын ишин жалпы координациялайт.
20. Ишкананын башкы директору Ишкананын ишин жалпы жетектейт.
21. Башкы директор Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга ылайык келген, Министрлик сунуш кылган адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
22. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Ишкананын башкы директору менен үч жылдык мөөнөттөгү эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын башкы директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат жана Ушул Уставдын жана эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Ишкананын башкы директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча канааттандыраарлык эмес баа алса;
- иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаса;
- эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялуу эмес иш-аракеттери үчүн;
ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
23. Ишкананын башкы директору:
1) Ишкананын өндүрүштүк-эксплуатациялык, финансылык-экономикалык жана чарбалык ишин жалпы жетектейт;
2) Ишкананын борбордук аппаратын камсыздоого бюджетти мыйзамдарда белгиленген тартипте иштеп чыгууну, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууну камсыздайт;
3) Ишкананын финансы каражаттарын жана башка мүлкүн өз ыйгарым укуктарынын чегинде тескейт;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин Ишкананын, анын ичинде филиалдарынын түзүмүн, штаттык ырааттамасын, ошондой эле филиалдар жөнүндө жоболорду бекитет;
5) өз ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын атынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзөт;
6) филиалдардын жетекчилерине өндүрүштүк жана финансы-чарбалык иштерди жүргүзүү укугуна ишеним каттарды берет;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында жана ушул Уставда аныкталган тартипте кызматкерлерди жалдайт;
8) оперативдүү, бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштурат, анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат;
9) өз компетенциясынын чегинде Ишкананын жана филиалдардын ишинин маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;
10) ишканалар жана мамлекеттик органдар, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелерде ишеним катсыз Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
11) финансылык абалы, эсепке алуу жана отчеттуулук, иш кагаздарын жүргүзүүнүн абалы, өндүрүштүк иштеги финансылык мыйзам бузуулар үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
12) Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгуучу жана Министрлик тарабынан бекитилүүчү Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну камсыздайт;
13) тармактык саясат маселелери боюнча Министрликтин чечимдерин аткарууну камсыздайт;
14) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бекитүүсүнө Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет;
15) Ишкананын өндүрүштүк ишине байланышкан башка маселелерди чечет.
24. Башкы директордун үч орун басары бар, алардын бири биринчи орун басары болуп саналат. Башкы директордун орун басарлары Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Төмөнкүлөр Ишкананын башкы директору, башкы директорунун орун басарлары жана башкы бухгалтери боло алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) жеке менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштары үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) мурда канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси ээлеген кызмат ордунан бошотулган адамдар;
4) мурда менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте жетекчилик кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын башкы директору, башкы директорунун орун басарлары жана башкы бухгалтери кызмат ордунда турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик иш жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
25. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын башкы директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
26. Ишкананын башкы директорунун орун басарларынын жана башкы бухгалтеринин ыйгарым укуктары Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилет.
27. Башкы директордун биринчи орун басары башкы директор жок учурда анын милдеттерин аткарат. Башкы директордун милдеттерин биринчи орун басарына жүктөө мөөнөтүн көрсөтүү менен тийиштүү буйрук менен таризделет.
28. Ишкананы келечекте өнүктүрүү багыттары менен байланышкан стратегиялык маселелерди кароо, техникалык жана технологиялык кайра жабдуу жана логистика маселелерин кароо, иштин экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Ишкананын кеңешүүчү органы катары филиалдардын, борбордук аппараттын бөлүмдөрүнүн жана профсоюздук уюмдун жетекчилеринин ичинен техникалык-экономикалык кеңеш түзүлөт.
Ишкананын башкы директору Ишкананын техникалык-экономикалык кеңешин башкарат.
Техникалык-экономикалык кеңештин курамы жана ал жөнүндө жобо Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилет.
29. Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык өз ишин жүргүзөт. Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана Министрлик тарабынан бекитилет.
30. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
31. Ишкана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту белгиленген тартипте Министрликке берет.
32. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн керектүү маалыматты берет.
33. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, маалыматты толук бербегендиги же анын бурмалагандыгы, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
34. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү контролдоочу мамлекеттик органдары тарабынан текшерилет.
35. Ишкана жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Министрлик менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту киргизет.
36. Ишкананын алдын ала бюджети 31-декабрга чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
37. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле мамлекеттик почта байланышынын чарба жүргүзүүгө берилген башка мүлкү түзөт.
38. Мүлктү түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Ишкананын акча жана материалдык каражаттары;
2) Ишкананын чарбалык ишинин натыйжасында алынган кирешелер;
3) мамлекеттик бюджеттен дотациялар;
4) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
5) банктардын кредиттери жана башка зайымдык каражаттар.
39. Ишкананын мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон мүлккө ээлик кылат, аны пайдаланат жана тескейт.
40. Ишкана жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине таза пайданын ал тарабынан бекитилген бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмес өлчөмүн которот, ал отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
41. Ишкананын жүргүзгөн ишинен алынган бардык каражаттар Ишкананын тескөөсүнө түшөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык бюджеттик төлөмдөр жана чегерүүлөр, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар боюнча төлөмдөр жүргүзүлгөндөн кийин Ишкананын таза пайдасы түзүлөт, ал Ишкананын менчиги болуп саналат жана ал тарабынан өз алдынча пайдаланылат.
42. Ишкананы кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
43. Ишкананын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ишке ашырылышы мүмкүн.
44. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.