Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 26-февралы № 62
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун 7-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы:
- 2021-жылдын 1-мартынан тартып 30-июнуна чейинки мезгилде "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашырууну улантсын;
- пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда 2021-жылдын 30-июнуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик санариптик платформа аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды туруктуу негизде көрсөтүүнүн тартибин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ