Сравнение редакций…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 256, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамкурулуш) архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө аткаруу бийлигинин органынын функцияларын ишке ашыруучу административдик ведомство болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамкурулуш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамкурулуш өзүнүн ишин түздөн-түз жана ведомстволук, аймактык бөлүмдөр аркылуу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
4. Мамкурулуш мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле казыналык системасында жана казыналыктын агент-банктарында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
5. Мамкурулуш архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү саясат, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин укук улантуучусу болуп саналат.

6. Мамкурулуштун борбордук аппаратын, ведомстволук бөлүмдөрүн камсыздоого чыгымдар республикалык бюджеттин, атайын эсептин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылат.
7. Мамкурулуштун толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги";
расмий тилде: "Государственное агентство архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Кыскартылып аталышы:
- мамлекеттик тилде:
"Мамкурулуш";
- расмий тилде:
"Госстрой".
8. Мамкурулуштун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28.
2. Максаты
9. Мамкурулуштун максаты архитектура-шаар куруу ишин, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо-тиричилигинин туруктуу чөйрөсүн түзүү болуп саналат.

3. Милдеттери
10. Мамкурулуштун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- тейлеген тармактарда эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу;
- архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
- мамлекеттик техникалык регламенттерди иштеп чыгуу, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө курулуш ченемдерин жана эрежелерин, стандарттарды иштеп чыгуу жана бекитүү, курулуштун бардык түрү үчүн жер участокторун тандоо, инженердик-геологиялык изилдөөлөр, долбоорлоо, архитектура жана шаар куруу, курулуш, курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жаатында тармактар аралык координациялоо жана жөнгө салуу;
- республикалык бюджеттин каражаттарынын, эл аралык долбоорлордун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен каржылануучу социалдык курулуш объекттерин куруу, калыбына келтирүү жана реабилитациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу.

4. Функциялары
11. Мамкурулуш төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты иштеп чыгуу функциялары:
- Мамкурулуштун белгиленген иш чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат;
- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу, макулдашуу жана экспертиза жүргүзүү тартибин аныктайт;
- калктуу конуштарда жер участокторун тандоо жана пландарын, жер участокторуна укуктарды берүүчү документтерди даярдоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- өндүрүштүк жана турак жай-жарандык багыттагы объекттерди куруу үчүн эксперименттик, типтүү жана базалык долбоордук чечимдерди иштеп чыгууну жана бекитүүнү уюштурат;
- архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү иштин түрлөрүнө квалификациялык талаптарды, лицензиялоо эрежелерин иштеп чыгат;
- турак жай-жарандык жана өндүрүштүк багыттагы имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле инженердик-техникалык инфратүзүмдү текшерүү чөйрөсүндө ченемдик-методикалык камсыздоону ишке ашырат;
- сметалык ченемдөөнүн ченемдик-методикалык көрсөтмөсүн иштеп чыгат, курулушта баа түзүү жаатында Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү саясатты жүргүзөт;
- баалардын өзгөрүү индекстерин, эмгек акыга, курулуштун наркын аныктоодо колдонулуучу курулуш машиналарын жана материалдарын эксплуатациялоого методикаларды иштеп чыгат жана бекитет;
- мамлекеттик каражаттардын, гранттардын, кредиттердин жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик багыттагы, билим берүү, саламаттык сактоо, өнөр жай-жарандык жана инженердик инфратүзүм, турак жай курулушу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча "Бирдиктүү заказчынын" функциясын аткарат;
- архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө мамлекеттик программаларды жана инвестицияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик заказчынын функцияларын аткарат, бул программалардын илимий-техникалык жана тажрыйбалык-конструктордук иштерин түзүүгө жана ишке ашырууга, мамлекеттик максаттагы курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо объекттеринин тизмесин түзүүгө катышат, алардын ишке ашырылышын контролдойт;
- Мамкурулуштун белгиленген иш чөйрөсүнүн чегинде энергияны үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу чөйрөсүндө программаларды, долбоорлорду жана иш-чараларды, анын ичинде максаттуу жана ведомстволук программаларды, ошондой эле энергияны үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашырууну камсыздоого багытталган башка иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштурат жана катышат;
- Мамкурулуштун белгиленген иш чөйрөсүнүн чегинде Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө программаларды, долбоорлорду жана иш-чараларды, анын ичинде максаттуу жана ведомстволук программаларды, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашырууну камсыздоого багытталган башка иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну катышат;
- курулуш, курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын иштеп чыгуу чөйрөсүндө теориялык жана эксперименттик изилдөөлөрдү ишке ашырат;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк практиканын жетишкендиктерин кеңири алмашуу базасында долбоорлоону, теориялык сабактарды жана чыгармачыл талкууларды практиканын комплексинде колдонуу менен республиканын курулуш, инженердик жогорку окуу жайларында окутуу-тарбиялоо процессинин заманбап моделин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- имараттарды жана курулмаларды текшерүү боюнча адистерди окутууну уюштурат,
- Кыргыз Республикасынын региондорунда турак жай чөйрөсүнүн абалына мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- турак жай курулушун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү программаларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт жана координациялайт;
2) жөнгө салуу функциялары:
- берилген сертификаттардын жана лицензиялардын реестрин жүргүзүү менен лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык архитектура-шаар куруу ишин лицензиялоону, курулуш тармагындагы жана имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы адистерди квалификациялык сертификациялоону ишке ашырат;
- архитектура-шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү уюштурат;
- техникалык жана автордук көзөмөлдү уюштуруу жана жүргүзүү тартибин белгилейт;
- мамлекеттик эмес эксперттик борборлорду аккредитациялоону жана архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү эксперттерди аттестациялоону ишке ашырат;
- калктуу конуштарда курулуш иштерин жүргүзүү жана жер пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу тартибин даярдайт;
- шаарлардын жана калктуу конуштардын чек араларынын (чектерин) долбоорлорун макулдашат;
- шаар куруу документтеринин, курулуш иштерин жүргүзүү жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде шаарларда, калктуу конуштарда жана рекреациялык зоналарда курулуш иштерин жүргүзүүнү жана жер пайдаланууну жөнгө салат;
- ыйгарым укуктуу органдын макулдашуу боюнча тарыхый-маданий комплекстердин жана башка өзгөчө жөнгө салынуучу зоналардын аймактарында курулуш маселелерин жөнгө салат;
- мамлекеттик шаар куруу кадастрын түзүүнү, жүргүзүүнү жана контролдоону уюштурат;
- белгиленген тартипте курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын шайкештигин ырастоону уюштурат;
- курулуш объекттеринин жана болгон кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүүлөрдүн реестрин жүргүзөт;
- имараттардын жана курулмалардын окторун жана чектерин, негизги магистралдык инженердик коммуникациялардын окторун, ошондой эле чектөөлөрдүн линиялык параметрлерин жеринде (натуралай көрсөтүлүшүн) белгилейт;
- имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ченемдердин аткарылышын камсыз кылат;
- бюджеттик каражаттардын, гранттардын жана кредиттик каражаттардын эсебинен каржылануучу курулуш объекттеринин, курулуштун сметалык наркынын туура аныкталышын текшерет;
- техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензияларды, корутундуларды жана башка уруксат документтерин текшерүү боюнча иш-чараларга тиешелүү органдар менен бирге катышат;
- курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга сыноо жүргүзөт;
3) координациялоо функциялары:
- тейлеген иш чөйрөсүндө илимий-изилдөө, долбоордук-технологиялык жана конструктордук иштерди уюштурат жана координациялайт, алардын натыйжаларын ишке киргизүүнү камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тейлеген чөйрөлөрүндө калкка кызматтарды көрсөтүүчү субъекттердин ишин координациялайт жана контролдойт;
4) көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары:
- архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, курулуш эрежелеринин жана башка ченемдик документтердин талаптарынын, шаарлардын жана калктуу конуштардын бекитилген башкы пландарынын, курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө иштелип чыккан долбоордук документтердин сакталышына жана ведомстволук таандыгына, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан колдонулуучу курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатына мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзөт;
- курулушу бүткөн объекттерди эксплуатациялоого кабыл алууну уюштурат;
- архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүм билемдик менен курулган фактыларды аныктоо боюнча иштерди жүргүзөт;
5) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча көтөрмө конструкцияларды өзгөртүүсүз кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүү түрлөрүнө карата архитектуралык-техникалык корутундуларды даярдайт;
- жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча объекттерди долбоорлоого карата архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарды берет;
- жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн долбоордук документтерге атайын техникалык шарттарды берет;
- жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча долбоорлоо ченемдерине жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкештигине карата долбоордук жана сметалык документтерди макулдашат жана аларга экспертиза жүргүзөт;
- жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча жайларды реконструкциялоо, багытын өзгөртүү же кайра пландоо мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн имараттарды жана курулмаларды инженердик-техникалык жактан текшерет;
- өзүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн ырастоону каалаган жеке жактардын өтүнмөлөрү боюнча курулуш тармагынын адистерин квалификациялык сертификациялоону уюштурат;
6) колдоо функциялары:
- Мамкурулуштун компетенциясынын чегинде финансылык болжолдоону жана пландоону жүзөгө ашырат;
- кирешелердин, чыгашалардын сметаларын иштеп чыгат жана бекитет, Мамкурулушту, анын ичинде ведомстволук уюмдарын каржылоо боюнча республикалык бюджеттин аткарылышын уюштурат;
- ички контролдоо системасынын жана финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун баалайт, баалоонун жыйынтыгы боюнча Мамкурулуштун компетенциясынын чегинде сунуштарды иштеп чыгат;
- жарандардын жана уюмдардын Мамкурулуштун маалыматтык ресурстарын пайдалануу укуктарынын ишке ашырылышын камсыздайт;
- архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө долбоорлорду жана ойлоп табууларды иштеп чыгууга катышкан архитекторлордун, инженерлердин, дизайнерлердин жана башка адистердин автордук укуктарын коргоого катышат;
- өзгөчө кырдаалдар зоналарындагы курулуп жана эксплуатацияланып жаткан имараттардын жана курулмалардын аварияларынын, кыйроолорунун себептерин иликтөө боюнча комиссиялардын ишин уюштурууга катышат, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча корутунду берет;
- мамлекеттик жарандык кызматчылардан тышкары, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана аймактык органдардын кызматкерлерин аттестациядан өткөрөт;
- ведомстволук, региондук жана аймактык бөлүмдөрдүн финансы-чарбалык ишин, материалдык жана акча каражаттарынын максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын, Мамкурулуш тарабынан бекитилген чыгымдар сметасынын аткарылышын контролдойт;
- Мамкурулуштун ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишине мониторинг жүргүзөт;
- Мамкурулуштун белгиленген иш чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактарга түшүндүрмө берет;
- юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт.

12. Мамкурулуш архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашырат.
5. Мамкурулуштун укуктары
13. Мамкурулуш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Мамкурулуштун белгиленген иш чөйрөсүндө чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн белгиленген иш чөйрөсүндөгү төмөнкүдөй ченемдик техникалык документтерди өз алдынча кабыл алууга:
- жер участогунун шаар куруу планынын формасы;
- долбоордук документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби;
- курулуштун коопсуздугуна таасири тийүүчү инженердик изилдөөлөр, долбоордук документтерди даярдоо жана курулуш боюнча иштердин түрлөрүнүн тизмеси;
- курулуш объекттерине долбоордук документтерди иштеп чыгуу үчүн атайын техникалык шарттарды иштеп чыгуу жана макулдашуу тартиби;
- эрежелер топтому жана башка ченемдик техникалык документтер, аларды колдонуунун натыйжасында курулуш коопсуздугунун талаптарын сактоо камсыздалат;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен каржыланган курулуш объекттеринин сметалык наркын аныктоодо колдонулуучу сметалык ченемдерди иштеп чыгуу тартиби;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен каржыланган курулуш объекттеринин сметалык наркын аныктоодо колдонулуучу сметалык ченемдердин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен каржыланган курулуш объекттеринин сметалык наркын аныктоонун тууралыгын текшерүү жөнүндө корутундунун формасы, ошондой эле мындай корутундуну тариздөө тартиби;
- турак жай фондун мамлекеттик эсепке алуу тартиби;
- турак жайды кайра куруу жана (же) кайра пландоону макулдашуу же макулдашуудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алууну ырастаган документтин формасы;
- турак жайды турак эмес жайга жана турак эмес жайды турак жайга которуу же которуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууну ырастаган документтин формасы;
- бардык жайлары мамлекеттин менчигинде болгон көп батирлүү үйдү башкаруу тартиби;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнөн тышкары, коммуналдык комплекс уюмдарынын иш чөйрөсүндөгү тарифтерди жана үстөктөрдү эсептөө боюнча методикалык көрсөтмөлөр;
- имараттардын, курулуштардын жана курулмалардын энергиялык натыйжалуулугунун талаптары;
- көп батирлүү үйлөрдүн энергиялык натыйжалуулугунун классын аныктоо эрежелери;
- материалдардын мамлекеттик фондун жана инженердик изилдөөлөрдүн маалыматтарын түзүү жана жүргүзүү тартиби;
- Мамкурулуштун керектөөлөрүн жана Мамкурулуштун белгиленген иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн заказдарды жайгаштыруу, мамлекеттик контракттарды түзүү, товарларды жеткизүү, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук жана технологиялык иштерди жүргүзүү боюнча келишимдер жана башка жарандык-укуктук келишимдерди түзүү тартиби;
- Мамкурулуштун ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишинин экономикалык натыйжалуулугун талдоо жана алардын ишинин экономикалык көрсөткүчтөрүн бекитүү тартиби;
- Мамкурулуштун ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн финансылык-чарбалык ишин жана мүлктүк комплексин пайдалануусун текшерүү тартиби;
- коюлган талаптар ченемдик документтерде толук же жарым-жартылай регламенттелбеген, имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү ага жараша болгон жаңы продукцияны курулушта пайдалануу үчүн жарактуулугун ырастоо тартиби;
- долбоордук документтерди экспертизалоонун жана (же) инженердик изилдөөлөрдү экспертизалоонун корутундуларын даярдоо укугуна жеке жактарга аттестациялоо (кайра аттестациялоо) жүргүзүү тартиби;
- курулуш объекттеринин долбоордук документтерин иштеп чыгуу үчүн атайын техникалык шарттарды белгиленген тартипте макулдашуу тартиби;
3) белгиленген иш чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды аткаруу максатында:
- Мамкурулуштун белгиленген иш чөйрөсүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка уюмдарды, илимпоздорду жана адистерди, анын ичинде чет элдиктерди да белгиленген тартипте тартууга;
- кеңешме жана эксперттик органдарды түзүүгө (кеңештер, комиссиялар, топтор, коллегиялар);
- Кыргыз Республикасынын субъекттеринин мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан керектүү документтерди, материалдарды жана маалыматтарды суроого, ошондой эле Мамкурулуштун компетенциясына таандык маселелерди чечүү үчүн адистерди бөлүүгө;
- Кыргыз Республикасынын субъекттеринин мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан Кыргыз Республикасынын шаар куруу иши жөнүндө мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча түшүндүрмө алууга;
- лицензиялык жана сертификаттык талаптарды бузуу фактылары боюнча лицензиялардын жана квалификациялык сертификаттардын колдонулушун токтото турууга жана жокко чыгарууга;
- чет өлкөдө жүргүзүлүүчү сыноолорду жүргүзүүгө, эксперименттерге катышууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде ведомстволук актыларды кабыл алууга;
- келишимдик негизде жогорку квалификациялуу адистерди (анын ичинде чет өлкөлүк) ишке тартууга;
- Мамкурулуштун карамагына кирген маселелер боюнча эл аралык мамилелерде тарап катары катышууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
- белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- белгиленген тартипте Мамкурулуштун грамоталарын, төш белгилерин жана башка сыйлыктарын уюштурууга, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуш берүүгө;
- Мамкурулуштун белгиленген иш чөйрөсүндө конгресс, конференция, семинар, көргөзмө жана башка иш-чараларды уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын эсеп ачууга;
- Мамкурулуштун чектүү штаттык санына жана башкаруу схемасына ылайык Мамкурулуштун алдында аймактык органдарды түзүүгө;
- ченемдик укуктук актылар менен каралган башка укуктарды ишке ашырууга;
4) архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында:
- архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан, белгиленген тартипте бардык уюмдарда текшерүү жүргүзүүгө жана жазма буйрук жиберүүгө;
- архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү талаптарды текшерүүдө аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө аткаруу үчүн милдеттүү болгон жазма буйрукту (кабарлоо, көрсөтмө) мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке жактарга киргизүүгө;
- текшерүү жүргүзүүдө даярдоочулардан (аткаруучулардан, сатуучулардан) шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталуучу продукциялар үчүн шайкештик жөнүндө декларацияларды же шайкештик сертификаттарын көрсөтүүнү талап кылууга;
- бузуунун мүнөзүн эске алуу менен негизделген мөөнөттө бузууларды жоюуну талап кылууга;
- соттун чечиминин негизинде өндүрүш, сактоо, ташуу, сатуу жана пайдалануу процесстерине толук же жарым-жартылай тыюу салуу (токтото туруу) боюнча аракеттерди көрүү;
- сатылуучу кооптуу же контрафакттык (жасалма) продукциялар жөнүндө кызыкдар болгон адамдарга жана потенциалдуу керектөөчүлөргө түздөн-түз же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабарлоого;
- адамдардын жашоо-турмушун жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланышкан (экологиялык жана техногендик мүнөздөгү авариянын келип чыгышы же коркунуч болгон) шашылыш учурларда, жазуу жүзүндөгү жолдомону албастан эле адамдардын ден соолугунун абалына жана курчап турган чөйрөгө карата жол берилбөөчү таасирлердин себептерин жана булактарын аныктоо максатында сутканын кайсыл убактысы экенине карабастан, токтоосуз текшерүү жүргүзүүгө жана аларды четтетүү боюнча чараларды көрүүгө;
- эреже бузуулар жөнүндө материалдарды кароого, берилген ыйгарым укуктарынын чегинде юридикалык жана жеке жактарга, кызмат адамдарына жана кызматкерлерге айып пулдарды салууга жана жазалардын башка түрлөрүн колдонууга;
- бузууга жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн көзөмөлдөө, сот жана укук коргоо органдарына материалдарды берүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн белгиленген тартипте эксперттерден жана адистерден турган жумушчу топторду түзүүгө;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардан көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү жана маалыматтарды суроого жана бекер алууга;
- өзү билемдик менен курулуп жаткан объекттерди жана курулушу аяктап пайдаланууга берилген объекттерди бекитилген шайкештигин баалоосуз пайдаланылып жаткан объекттерди, ошондой эле мыйзамдын жана башка ченемдик документтердин талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жаткан курулуш, реконструкциялоо, кеңейтүү жана башка жумуштарды мыйзамда белгиленген тартипте токтото турууга же тыюу салууга;
- архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү бузуулардын жагдайы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн уюмдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды чакырууга;
- шаар куруу ишинин субъекттеринен ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан, сыноолордун жыйынтыктарын жана аткаруу документтерин кошкондо курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды жана объекттерди куруу укугуна уруксат берүүчү, аткаруу жана долбоордук-сметалык документтердин болушу тууралуу башка маалыматтарды суроого жана алууга;
- кошумча лабораториялык жана башка сыноолорду, сүрөткө түшүрүү жана ченөөлөрдү жүргүзүү үчүн имараттардын жана курулмалардын айрым конструктивдүү элементтерин ачып көрсөтүүнү подряддык курулуш уюмдарынан талап кылууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн лицензияларды жана сертификаттарды жокко чыгаруу же колдонулушун убактылуу токтотуу зарылчылыгы тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиялоо жана сертификациялоо органдарына маалымат жиберүүгө;
- мамлекеттик стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарын бузуу менен даярдалып, шайкештигин сертификациялоодон өтпөгөн, ошондой эле туура эмес сактоонун, жыюунун жана ташуунун кесепетинен сапаттык мүнөздөмөсүн жоготкон материалдарды, конструкцияларды жана буюмдарды сатууга жана пайдаланууга тыюу салууга, аларды колдонуу шарттарын белгилөөгө;
- соттордо доогер жана/же жоопкер катары берилген ыйгарым укуктарынын чегинде ишеним кат боюнча чыгууга.
6. Ишти уюштуруу
14. Мамкурулушту Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
15. Мамкурулушта директордун биринчи орун басарынын жана директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган.
Директордун орун басарлары, анын ичинде директордун биринчи орун басары директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат, түздөн-түз директорго баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Мамкурулуштун ишин уюштурат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы директордун сунушу жок директордун биринчи орун басарын жана директордун орун басарларын бошотууга укуктуу.
Директор жок учурда анын милдеттерин аткаруу анын биринчи орун басарына же орун басарларынын бирине жүктөлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 256 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Директор:
- Мамкурулуштун ишин жалпы жетектейт жана Мамкурулушка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Мамкурулуштун ишинин багыты боюнча директордун орун басарларынын, анын ичинде директордун биринчи орун басарынын ишин координациялайт жана контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Мамкурулуштун атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Мамкурулуштун компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге (ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдерге) белгиленген тартипте кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номенклатурасына кирген ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына белгиленген тартипте сунуш киргизет;
- директордун орун басарларынын, анын ичинде директордун биринчи орун басарынын ортосунда функциялык милдеттерин бөлүштүрөт, алардын Мамкурулуштун компетенциясына кирген ыкчам, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүүлөрү боюнча Мамкурулуштун системасынын башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Мамкурулуштун борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана чыгымдарынын сметасын бекитет.
Бул учурда директордун дайындалышы Мамкурулуштун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- Мамкурулуштун борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен макулдашуу боюнча Мамкурулуштун аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Мамкурулуштун борбордук аппаратынын кызматкерлерине жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш инспектору статусун ыйгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте борбордук аппараттын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- борбордук аппараттын техникалык жана тейлөөчү персоналынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- Мамкурулуш системасынын кызматкерлери милдеттүү түрдө аткара турган буйруктарды чыгарат;
- Мамкурулуш системасынын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коет;
- мыйзамдарда аныкталган чекте Мамкурулуштун каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат, Мамкурулуштун атынан ишеним каттарды берет, бүтүмдөрдү, келишимдерди, контракттарды түзөт;
- мыйзамдарга ылайык Мамкурулуштун борбордук аппаратынын кызматкерлерине класстык чиндерди ыйгарат, сый акы берет;
- Мамкурулуш системасынын кызматкерлерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын курулуш комплексинин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого жана архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө ардак наамдарды ыйгарууга сунуштайт;
- Мамкурулуштун ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө көрсөтмөлөрдү берет жана аларды аткарууну контролдойт;
- Мамкурулуштун ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн чечимдери мыйзамдарга каршы келип, чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби мыйзамдарда белгиленбесе, ал чечимдерди жокко чыгарат. Кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтери жана пайдаланууга берилген курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо соттун чечими менен жокко чыгарылат;
- эмгек тартибинин сакталышын контролдойт жана эмгектин шарттарын андан ары жакшыртуу жана ыңгайлаштыруу боюнча иш чараларды өткөрүүнү камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

17. Директордун орун басарлары, анын ичинде директордун биринчи орун басары директор тарабынан алардын карамагына берилген маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алышат, ишинин тейлөөчү багыты боюнча ишти уюштурушат.

18. Мамкурулушта 7 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегияга кызматы боюнча кирүүчү директор (төрага), директордун орун басарлары, анын ичинде директордун биринчи орун басары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, Мамкурулуштун борбордук аппаратынын, башка мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын өкүлдөрү коллегия мүчөлөрү болот.
Мамкурулуштун коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча директор тарабынан бекитилет.

19. Мамкурулуштун ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.
20. Мамкурулуштун алдында Шаар куруу жана Техникалык кеңештер түзүлөт. Бул кеңештердин жоболору жана курамы Мамкурулуштун директору тарабынан бекитилет.
21. Ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр иштерин өз алдынча жүргүзүшөт жана Мамкурулушка түздөн-түз баш ийишет жана өз иштери жөнүндө отчёт беришет.
22. Мамкурулушта мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
7. Корутунду жоболор
23. Мамкурулушту өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
24. Мамкурулуш жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ