Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы N 118 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-июлу № 75
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 217, 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу, турак жайга төлөөгө жөндөмдүү суроо-талапты жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби 3-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планынын жооптуу аткаруучулары болуп саналган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө жана толук көлөмдө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалымат тапшырып турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларынын тизмеси Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын катышуучулары боюнча түзүлүүчү тизмеге кошула тургандыгы белгиленсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 501 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| У.Марипов |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер/чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1-глава. "Каржылоону кеңейтүү" долбоору | |||||
1 | Бюджеттик саясаттын алкагында бюджеттик каражаттарды жыл сайын бөлүп берүү | Программаны ишке ашырууга 5,5 млрд. сомдон кем эмес сумма каржыланды | 2021-2026-жылдар | ФМ, ЭКМ, МИК (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттары |
2 | Мамлекеттик турак жайды каржылоо секторуна бюджеттен тышкары финансы каражаттарын тартуу | 18,5 млрд. сомдон кем эмес суммада финансылык каражаттар тартылды | 2021-2026-жылдар | ЭКМ, ФМ, МИК (макулдашуу боюнча) | Эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары |
3 | МИКтин уставдык капиталынын деңгээлин активдердин 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө камсыз кылуу | МИКтин инвестициялык жагымдуулугу жогорулады | Дайыма | МИК (макулдашуу боюнча) | МИКтин каражаттары жана эл аралык донорлордун, инвесторлордун каражаттары |
2-глава. "Турак жай фондун көбөйтүү" долбоору | |||||
4 | Өлкөнүн бардык шаарларында жана калктуу конуштарында турак жай куруу үчүн селитебдик зоналарды уюштуруу | Өлкөнүн бардык шаарларында жана калктуу конуштарында турак жай куруу үчүн тиешелүү инфратүзүмү менен жер участоктору бөлүнүп берилди | 2021-2026-жылдар | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттары |
5 | Турак жай курулушун каржылоо | 740 миң кв.метрден кем эмес көлөмдө турак жайды сатып алуу жана курулушу каржыланды | 2021-2026-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги | МИКтин каражаттары, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары, республикалык бюджеттин каражаттары |
6 | Өлкөнүн калкынын турак жай менен камсыз болуусуна талдоо жүргүзүү | Турак жай менен камсыз болуу жөнүндө жылдык отчеттор даярдалды | 2021-2026-жылдар | Улутстатком (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин чегинде |
7 | Курулушта заманбап технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен турак жай долбоорлорун иштеп чыгуу | Арзан турак жай долбоорлору иштелип чыкты | 2021-2026-жылдар | Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин жана эл аралык донорлордун каражаттары |
3-глава. "Турак жайды каржылоо жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу" долбоору | |||||
8 | Бюджеттик кредиттерди трансформациялоо жана банк менен МИКтин маржасын азайтуу аркылуу мамлекеттик ипотекалык кредиттер, анын ичинде мурда берилген кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды төмөндөтүү | Мамлекеттик ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставка этабы менен жылына 4-6 пайыз деңгээлине чейин төмөндөдү | 2021-2026-жылдар | ЭКМ, ФМ, МИК (макулдашуу боюнча) | МИКтин каражаттары, эл аралык донорлордун каражаттары, республикалык бюджеттин каражаттары |
9 | Турак жайды каржылоо механизмдерин ишке ашыруу аркылуу калкты турак жай менен камсыз болуусун жогорулатуу | 15000 кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыздалды | 2021-2026-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча), ЭКМ, ФМ | МИКтин каражаттары, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары, республикалык бюджеттин каражаттары |
10 | Турак жайды каржылоонун исламдык принциптерин иштеп чыгуу жана киргизүү | Исламдык ипотекалык продукттары иштелип чыкты жана киргизилди | 2021-2022-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча), УБ (макулдашуу боюнча) | МИКтин каражаттары, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары |
11 | Турак жай программасынын катышуучуларына жана субъекттерине преференцияларды жана жеңилдиктерди берүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү | Турак жай программасынын катышуучуларына жана субъекттерине турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу бөлүгүндө преференциялар жана жеңилдиктер берилди | 2022-2023-жылдар | ЭКМ, МИК (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин чегинде |
12 | Турак жайды кредиттөө чөйрөсүндө жашыл каржылоо принциптерин киргизүү | Жашыл ипотека долбоору ишке киргизилди | 2021-2026-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча), ЭКМ, ЖРЭТКМ | МИКтин каражаттары, эл аралык донорлордун жана фонддордун каражаттары |
13 | Турак жайдын курулушун үлүштүк каржылоо механизмин киргизүү | Турак жайдын курулушун үлүштүк каржылоо механизми ишке киргизилди | 2024-2026-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча) | МИКтин каражаттары |
4-глава. "Кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү" долбоору | |||||
14 | Санариптик технологияларды киргизүү аркылуу Программага катышуу үчүн арыз берүү жол-жоболорун өркүндөтүү | Скоррингди жакшыртуу максатында МИКтин электрондук порталы аркылуу маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу функциясы кеңейтилди | 2021-2026-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча), ЭКМ, СӨМ | МИКтин каражаттары, эл аралык донорлордун каражаттары |
15 | Мамлекеттик органдар менен маалымат алмашууга карата сервистин деңгээли тууралуу макулдашууларды түзүү (SLA-келишим) | МИК менен мамлекеттик органдардын ортосундагы сервистин деңгээли тууралуу макулдашууга жетишилди | 2021-2022-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча), ЭКМ, СӨМ | МИКтин каражаттары |
16 | Турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында жарандар тарабынан сатып алынган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун электрондук формасын киргизүү | Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо процесстерин санариптештирүү жүзөгө ашырылды | 2022-2023-жылдар | СӨМ | Бекитилген бюджеттин чегинде |
17 | Программанын катышуучуларынын турак жай куруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар, МИК жана банктар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу электрондук сервисти киргизүү | Ушул Программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон турак жай фондун системалаштыруу үчүн электрондук сервис киргизилди | 2023-2026-жылдар | МИК (макулдашуу боюнча) | Эл аралык донорлордун каражаттары |
Кыскартуулардын тизмеси:
МИК | - | "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому |
Мамкурулуш | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
Улутстатком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |