Сравнение редакций…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын катышуучуларын тандоо ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 140, 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби (мындан ары - Тартип) тандоо критерийлерин, катышуучуларды түзүү жана тандоо тартибин белгилейт, ипотекалык кредиттерди, болгон турак жайын капиталдык оңдоого кредиттерди берүүнүн шарттарын, кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага берүүнүн, болгон турак жайын кеңейтүүнүн шарттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруунун алкагында сатып алынуучу турак жайга карата талаптарды аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) Программанын катышуучусу - Программага катышууга арыз берген, ушул Тартиптин тандоо критерийлерине ылайык келген жана Программага катышкан Кыргыз Республикасынын жараны;
2) тандоо критерийлери - ушул Тартипте белгиленген, Программага катышуу үчүн жарандарга карата талаптар;
3) турак жай (мындан ары - турак үй) - ушул Тартиптин критерийлерине жооп берген турак жай фондунун өзүнчө бирдиги (жеке турак үй, жеке турак үйдүн бир бөлүгү, көп батирлүү үйдөгү батир);
4) "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому (мындан ары - МИК) - турак жайга ипотекалык кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ачык акционердик коом формасында түзүлгөн юридикалык жак, анын ишинин предметтеринин бири Программаны ишке ашыруу болуп саналат;
5) Кызматташуу жөнүндө макулдашуу - Программаны ишке ашыруунун алкагында Программанын катышуучуларына турак үйдү сатып алууга, курууга жана болгон турак үйүн капиталдык оңдоого ипотекалык кредиттерди кайра каржылоого же каржылоого өнөктөш банктарга инвестициялык акча каражаттарын берүү тууралуу өнөктөш банк менен МИКтин ортосунда түзүлгөн Кызматташуу жөнүндө башкы макулдашуу. Ошондой эле Кызматташуу жөнүндө макулдашууда ипотекалык кредиттер боюнча талаптарды МИКтин пайдасына өткөрүп берүү укугу каралган;
6) өнөктөш банк - Программанын катышуучуларына ипотекалык кредиттерди каржылоого жана кайра каржылоого жана ипотекалык кредиттер боюнча талаптарды МИКтин пайдасына өткөрүп берүүгө инвестициялык акча каражаттарын берүү боюнча МИК менен кызматташуу жөнүндө Башкы макулдашууну түзгөн финансы-кредиттик мекеме;
7) иш стажы - уюмдагы ишинин узактыгы же болбосо ишкердикти/экономикалык ишти жүргүзгөн мезгил;
8) төлөө жөндөмдүүлүгү - Программанын катышуучусунун кредиттик келишимди, кийин сатып алуу менен ижара, лизинг келишимин түзүүдөн келип чыккан финансылык милдеттенмелерди өз убагында жана толугу менен аткаруу жөндөмдүүлүгү;
9) айыл жергеси - шаарларды (республикалык, облустук жана райондук маанидеги) кошпогондо, калктуу конуштар;
10) турак жай-аманат кредиттик системасы (мындан ары - ТАКС) - аманатчылардын акча каражаттарын турак жай-аманат салымдарына (депозиттерине) токтоого жана кийин аларга башкы макулдашуунун жана/же кредиттик келишимдин шарттарына ылайык узак мөөнөттүү максаттуу кредиттерди берүүгө негизделген турак жайды каржылоо системасы;
11) турак жай-аманат кредиттик компаниясы (мындан ары - ТАКК) - иши аманатчылардын акча каражаттарын турак жай-аманат салымдарына (депозиттерге) топтоого жана анын аманатчыларына жеке курулуш, турак үйлөрдү же батирлерди сатып алуу үчүн же мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн кредиттерди берүүгө багытталган, айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ банктык эмес финансы-кредиттик уюм;
12) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13) башкы макулдашуу - ТАКК менен Программанын катышуучусунун ортосундагы башкы макулдашуу, ал турак жай-аманат салымынын (депозитинин) жана кийин ипотекалык кредитти берүү келишиминин негизги шарттарын камтыйт;
14) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17) турак жайды каржылоо - МИКтин өнөктөш банктары аркылуу ипотекалык кредит, кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай, ислам каржылоо принциптери боюнча турак жай менен камсыздоо, каржылоонун жашыл принциптерин колдонуу менен лизинг жана турак жайга кредит берүү, турак үй курулушун үлүштүк каржылоо механизми сыяктуу турак үйдү сатып алуу же куруу механизмдеринин жыйындысы;
18) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19) Координациялык кеңеш - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы 276-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш;
20) ипотекалык кепилдик - кепилдик фонддорунун МИКтин өнөктөш банкынын алдындагы берилген ипотекалык кепилдиктин суммасынын чегинде Программанын катышуучусунун кепилдик фонддордун негизги карызы боюнча милдеттенмелеринин бөлүгүнүн аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуу милдеттенмеси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Турак жайды каржылоо багыттары боюнча Программанын катышуучуларын тандоо критерийлери
3. "Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоо төмөнкү тандоо критерийлерине ылайык келген жарандарга жеткиликтүү болот:
№ | Турак жайды каржылоо механизми | Жарандардын категориясы | Тандоо критерийлери |
1 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижарага алынган турак үй жана башка механизмдер) | Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана алардын ведомстволук уюмдарында жана ишканаларында, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында, мамлекеттик телерадио уюмдарында, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда иштеген жарандар | - курактык ценз Программага катышууга арыз берген учурда 21 (жыйырма бир) жаштан тартып пландуу төлөө графиктерине ылайык ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 (жетимиш) жашка чейин; - 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |

4. "Арзан ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоо төмөнкү тандоо критерийлерине ылайык келген жарандарга жеткиликтүү болот:

1 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай жана башка механизмдер) | Эмгек иши менен алектенүү чөйрөсүнө карабастан жарандар | - курактык ценз Программага катышууга арыз берген учурда 21 (жыйырма бир) жаштан тартып пландуу төлөө графиктерине ылайык ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна карата 70 (жетимиш) жашка чейин; - 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга карата акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак үйгө менчик укугун өткөрүп берүү менен байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |

5. "Социалдык ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоо төмөнкү тандоо критерийлерине ылайык келген жарандарга жеткиликтүү болот:

1 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижарага алынган турак жай жана башка механизмдер) | Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана алардын ведомстволук уюмдарында жана ишканаларында, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында, мамлекеттик телерадио уюмдарында жана мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда иштеген жарандар | - курактык ценз пландуу төлөө графиктерине ылайык ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 (жетимиш) жашка чейин; - ушул пунктта көрсөтүлгөн мекемелерде жалпы иш стажынын 15 (он беш) жылдан кем эмес болушу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жана коммерциялык кыймылсыз мүлктүн жоктугу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 5 (беш) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга жана коммерциялык кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |
2 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижарага алынган турак жай жана башка механизмдер) | Иштеген чөйрөсүнө карабастан көп балалуу үй-бүлө | - курактык ценз пландуу төлөө графиктерине ылайык ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 (жетимиш) жашка чейин; - 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу; - 21 (жыйырма бир) жашка чейинки курактагы 5тен (бештен) кем эмес баланын болушу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |
3 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижарага алынган турак жай жана башка механизмдер) | Иштеген чөйрөсүнө карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды багып жаткан адамдар же үй-бүлөсүнүн курамында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар барлар | - курактык ценз Программага катышууга арыз берген учурда 21 (жыйырма бир) жаштан тартып пландуу төлөө графиктерине ылайык ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 (жетимиш) жашка чейин; - 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |
4 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижарага алынган турак жай жана башка механизмдер) | Туулгандыгы тууралуу күбөлүктө ата-энесинин бири тууралуу жазуу жок жашы жете элек баласы/балдары бар жарандар (никеде турбаган). Жашы жете элек баласы/балдары бар жесирлер (никеде турбаган) | - курактык ценз Программага катышууга арыз берген учурда 21 (жыйырма бир) жаштан тартып пландуу төлөө графиктерине ылайык ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 (жетимиш) жашка чейин; - 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу; - катышуучуда жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу; - катышуучуда жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |
5 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижарага алынган турак жай жана башка механизмдер) | Иштеген чөйрөсүнө карабастан айыл жергесинде иштеген жана экономикалык/ишкердик ишти жүргүзгөн жаш адистер | - курактык ценз Программага катышууга арыз берген учурда 21 (жыйырма бир) жаштан 35 (отуз беш) жашка чейин; - 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - турак үй айыл жергесинде иштеген жери боюнча сатылып алынат; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |

6. Программаны тандоо критерийлерине карата эскертүүлөр:
1) катышуучуда, жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында турак жайда 20 (жыйырма) кв.м ашпаган жалпы үлүшү болгон учурда Программага катышууга уруксат берилет, эгерде аларда Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр жок болсо;
2) катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын мыйзам боюнча мураска калган турак жайда 20 кв.м ашпаган үлүшү болсо, Программага катышууга уруксат берилет. Катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын мыйзам боюнча мураска калган турак жайда 20 (жыйырма) кв.м ашпаган үлүшүнө байланышкан жарандык-укуктук бүтүм болгон учурда Программага катышууга уруксат берилет;
3) ТАКС алкагында ТАКК аманатчыларынын алдында ушул Тартиптин критерийлерин эске албастан, Программанын турак жайды каржылоо механизмдерин колдонуу менен турак жай-аманат салымын ачуу жана кредит берүү жөнүндөгү башкы макулдашууда белгиленген милдеттенмелер аткарылат. ТАКК аманатчыларынын тизмеси жана турак жай менен камсыз кылуу шарттары МИКтин сайтына жарыяланат;
31) көп кабаттуу турак үйдү курууга баштапкы төгүмдү берүүнү караган үлүштүк курулуш - турак жайды каржылоо механизминин алкагында Программага катышууга ушул Тартиптин тандоо критерийлерин эске албастан Кыргыз Республикасынын жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары эмгек иши менен алектенген жарандарына уруксат берилет. Мында жарандар ушул Тартиптин 3-главасына ылайык МИКтин расмий веб-сайтында каттоодон өтүү менен Программага катышууга өтүнмөнү электрондук формада тапшырат;
4) болгон турак үйүн капиталдык оңдоо жана кеңейтүү механизмдеринин алкагында Программага жеке турак үйү бар Кыргыз Республикасынын жарандарына катышууга уруксат берилет. Тандоо критерийлери жана турак жайды механизмдер боюнча каржылоонун шарттары Программанын бул механизмдерин ишке ашыруу үчүн инвестициялык каражаттарды берген донорлор/инвесторлор менен түзүлгөн өкмөттөр аралык жана башка макулдашуулардын шарттарына ылайык иштелип чыгат;
5) Координациялык кеңеш калктын социалдык жактан корголбогон категориялары үчүн турак үй берүү тартибин жана шарттарын аныктайт. Турак жайды каржылоо үчүн ресурстардын булактарын эске алуу менен калктын социалдык жактан корголбогон категорияларынын тизмеси Координациялык кеңештин кароосуна жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын колдоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан киргизилет;
6) Программаны ишке ашыруу үчүн инвестициялык каражаттарды берген донорлор/инвесторлор менен түзүлгөн өкмөттөр аралык жана башка макулдашууларга ылайык "Арзан ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоонун кошумча критерийлери жана шарттары белгилениши мүмкүн;
7) кийин сатып алуу менен ижара турак үй механизми боюнча тандоонун кошумча критерийлери жана шарттары Координациялык кеңештин чечими менен белгилениши мүмкүн;
8) мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун сунушу боюнча Координациялык кеңештин чечими менен "Социалдык ипотека" багытына жарандардын кошумча категориялары киргизилиши мүмкүн;
81) Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон республиканын жарандарына тандоо критерийлерин жана Программанын катышуучуларынын тизмесин түзүү жол-жобосун эске албастан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын өзүнчө чечимдери менен турак жайды каржылоо берилиши, анын ичинде турак үйдү сатып алуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн. Турак жайды берүү жол-жобосу жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен жөнгө салынат;
82) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 672 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди, стратегиялык объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Координациялык кеңештин чечими менен министрликтер жана ведомстволор үчүн МИКтин турак жай фондундагы турак жай бирдиктеринин санынан 20%дан ашпаган өлчөмдө турак жайды каржылоону биринчи кезектеги тартипте алуу укугуна квота берилет;
83) МИКтин турак жай фондун түзүүгө катышкан министрликтерге жана ведомстволорго (курулушка катышуу, курулушту каржылоо же МИКтин балансына кыймылсыз мүлк объекттерин акысыз/акы төлөнүүчү негизде өткөрүп берүү) Программанын катышуучуларынын тизмелерин түзүүнүн жол-жобосун эске албастан турак жайды ижарага биринчи кезекте алуу укугу берилет;
9) катышуучу, ошондой эле катышуучунун жубайынын программанын алкагында турак жайдын каржылоосу менен 1 (бир) жолудан көп эмес камсыз кылынат;
10) бул Тартиптин ченемдери 2023-жылдын 15-февралынан кийин программага катышууга электрондук арыз берген катышуучулар үчүн, 2023-жылдын 14-февралына чейин программага катышууга электрондук арыз берген катышуучулар үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтому менен бекитилген Тартиптин редакциясы, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясында колдонулат.

3-глава. Катышуучулардын тизмесин түзүү жана аларды тандоо
7. Программанын катышуучуларынын тизмелерин түзүүнүн ачык айкындыгын камсыздоо максатында, МИК автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу Программага катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүүнүн электрондук формасын киргизди.
8. Жарандар Программага катышууга арыздардын электрондук формасын МИКтин расмий веб-сайтында каттоо жолу менен, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызматтарды көрсөтүүчү платформалар, анын ичинде уюлдук операторлордун мобилдик тиркемелери аркылуу беришет.

9. Өтүнмөнү электрондук формада өз алдынча берүү мүмкүндүгү болбогон учурда жарандар МИКтин веб-сайтындагы автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу өтүнмөнү электрондук формада берүү үчүн шаарлардын мэрияларына (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), административдик райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, МИКтин өнөктөш банктарына кайрыла алышат.

10. Автоматташтырылган маалымат системасы менен МИКтин веб-сайтында иштөө үчүн шаарлардын мэрияларынын (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), административдик райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана МИКтин өнөктөш банктарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары МИКтин веб-сайтындагы автоматташтырылган маалымат системасында авторизациялоодон өтөт.
11. Жарандар кайрылганда шаарлардын мэрияларынын (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), административдик райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, МИКтин өнөктөш банктарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары:
1) жарандарды веб-сайтта каттайт;
2) МИКтин веб-сайтында катталган жарандарды идентификациялоо жол-жобосун өткөрөт;
3) ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча жеке маалыматтарды иштетүүгө жарандын жана анын жубайынын жазуу жүзүндөгү макулдугун алат. Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жазуу жүзүндөгү макулдук мобилдик тиркемелерди колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогон өзгөчө учурда кабыл алынат;
4) Программага катышууга акыркы электрондук өтүнмөнү түзөт;
5) Программага катышууга акыркы электрондук өтүнмө катталган күндөн тартып 3 (үч) айдын ичинде түзүлүүгө тийиш, андай болбогон учурда толтурулган өтүнмөсү жок каттоо МЭКтин веб-сайтынан өчүрүлөт;
6) электрондук өтүнмөнү ар бир өзгөртүүдө жана кароонун ар бир этабында Программанын катышуучусуна билдирүү телефондун уюлдук номерине, электрондук почтасына жөнөтүлөт, ошондой эле Программанын катышуучусунун электрондук порталдагы жеке кабинетинде тиешелүү маалымат жайгаштырылат.
МИКтин веб-сайтында катталган жарандар электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү ар кандай платформалар аркылуу, анын ичинде уюлдук операторлордун мобилдик тиркемелери аркылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобого ылайык Бирдиктүү идентификациялоо системасы - БИС аркылуу, ошондой эле электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү платформалар аркылуу, аларды пайдалануу менен жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүүгө болот.

12. Шаарлардын мэриялары (Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларын кошпогондо), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана МИКтин өнөктөш банктары жарандын жана жубайынын жазуу жүзүндөгү макулдугунун түп нускаларын жалпылайт жана жеке маалыматтарды иштетүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына жиберет. Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары жарандын жана жубайынын жазуу жүзүндөгү макулдугунун түп нускаларын жалпылайт жана жеке маалыматтарды иштетүүгө Бишкек шаарынын мэриясына, ал эми МИКтин өнөктөш банктары - банктын башкы офисине жиберет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана МИКтин өнөктөш банктары жеке маалыматтарды иштетүүгө жарандардын жана жубайынын жазуу жүзүндөгү макулдугунун түп нускаларын МИКке ар бир айдын 30уна чейинки мөөнөттө жиберип турушат.
13. Программага катышууга электрондук өтүнмөнү жана жеке маалыматтарды иштетүүгө жарандардын макулдугунун түп нускаларын алгандан кийин МИК ведомстволор аралык электрондук аракеттенүү системасы аркылуу ушул Тартиптин тандоо критерийлерине шайкештигин текшерүү үчүн Программанын катышуучусу жана алардын жубайы тууралуу керектүү маалыматты мамлекеттик органдардан суратып алат.

14. МИК тарабынан Программанын тандоо критерийлерине шайкештигин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча МИКтин автоматташтырылган маалыматтык системасында Программанын катышуучуларынын электрондук тизмеси түзүлөт.

15. МИКтин автоматташтырылган маалыматтык системасында Программанын катышуучуларынын электрондук тизмелери турак жайды каржылоо механизмине жараша каралат:
- өнөктөш банктар МИКтин автоматташтырылган маалыматтык системасында Программанын катышуучуларынын электрондук тизмесин карап чыгат, катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоодон кийин ипотекалык кредит берүү же ипотекалык кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- МИК автоматташтырылган маалыматтык системада Программанын катышуучуларынын электрондук тизмесин карайт жана катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдап чыгып, кийин сатып алуу менен турак үйдү ижарага берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

16. Турак жайды каржылоого кайрылбаган катышуучулардын электрондук өтүнмөлөрүнүн колдонулуу мөөнөтү 1 (бир) жылды түзөт.
4-глава. МИКтин өнөктөш банктары аркылуу ипотекалык кредит берүүнүн шарттары
№ | Ипотекалык кредиттин параметрлери | Эскертүү |
1 | Программанын катышуучусу (максаттуу топ) | "Социалдык ипотека" жана "Арзан ипотека", анын ичинде "Жеңилдетилген ипотека" багыттары боюнча тандоо критерийлерине жооп берген жарандар |
2 | Ипотекалык кредиттин максаттуу багыты | Турак үйдү сатып алуу, эгерде жашаган жери боюнча калктуу конушта жер участогу бар болсо, этабы менен каржылоо механизмин пайдалануу менен турак үй (жеке турак жай) куруу. |
3 | Ипотекалык кредитти берүү формасы | Катышуучунун өнөктөш банктагы банктык эсебине акча каражаттарын чегерүү аркылуу накталай эмес форма |
4 | Ипотекалык кредитти берүү мөөнөттөрү | Өнөктөш банк тарабынан катышуучуга ипотекалык кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 15 күнгө чейинки мөөнөттө |
5 | Ипотекалык кредиттин валютасы | Кыргыз сому |
6 | Ипотекалык кредиттин суммасы | "Арзан ипотека" турак жайын каржылоо багыты боюнча: - 5000000 (беш миллион) сомго чейин |
"Социалдык ипотека" жана "Жеңилдетилген ипотека" турак жайын каржылоо багыты боюнча: - 4000000 (төрт миллион) сомго чейин | ||
7 | Ипотекалык кредиттин мөөнөтү | "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет |
8 | Ипотекалык кредиттин суммасын аныктоо критерийлери жана катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын жана өнөктөш банктын ички документтеринин талаптарына ылайык аныкталат |
9 | Комиссиянын түрлөрү жана өлчөмү | Кепилдик фонддорунун ипотекалык кепилдигин баштапкы төлөм катары пайдалангандыгы үчүн комиссиядан тышкары, ипотекалык кредитти башкаруу үчүн эч кандай комиссия жана башка кошумча төлөмдөр жок |
10 | Катышуучунун чыгымдары | Ипотекалык кредит алуу үчүн күрөө келишимин тариздөө жана каттоо, ошондой эле турак үйдү камсыздандыруу жана кредиттик таржымалы жөнүндө маалымат алуу үчүн суроо-талаптар үчүн чыгымдар |
11 | Турак үйдү камсыздандыруу | Ипотекалык кредиттин предмети болгон турак үй "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунда жыл сайын милдеттүү камсыздандырылууга тийиш. Ошол эле учурда камсыздандыруу суммасы ипотека менен камсыздалган талаптын өлчөмүнөн (суммасынан) кем болбошу керек |
12 | Ипотекалык кредитти төлөө тартиби | Ипотекалык кредитти жана пайыздарды төлөө кол коюлган кредиттик келишимге ылайык ай сайын жүргүзүлөт |
13 | Ипотекалык кредитти толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн эрте төлөөнүн шарттары | Ипотекалык кредит толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда комиссия алынбайт |
14 | Ипотекалык кредитти реструктуризациялоо шарттары | Өнөктөш банктын ички талаптарына ылайык жол-жоболор |
15 | Ипотекалык кредит боюнча баштапкы төгүм (жеке салымы) жана пайыздык ставкалар | Программанын алкагында турак жайды каржылоо боюнча пайыздык ставка мамлекеттин макроэкономикалык саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча жооптуу болгон аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан белгиленет. Баштапкы төлөм: - "Социалдык ипотека" багыты боюнча турак үйдүн наркынан 10%дан кем эмес; - "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека" багыттары боюнча турак үйдүн наркынан 20%дан кем эмес. Катышуучунун өздүк салымы болбогон учурда өнөктөш банктын ыктыяры боюнча кошумча күрөөнү берүүгө, ошондой эле кепилдик фонддордун финансылык инструменттерин колдонууга жол берилет |
16 | Ипотекалык кредитти камсыз кылуу (күрөө) | Ипотекалык кредитке сатып алынып жаткан турак үй. Ипотекалык кредиттин предметин (күрөөнү) алмаштырууга жол берилет. Курулуш мезгилиндеги жер участогу жана курулуштан кийин жеке турак үй. Курулуш мезгилинде үлүштүк курулуш келишиминин шарттарында курулуп жаткан турак жайга мүлктүк укук жана курулуштан кийин турак үй. Ипотекалык кепилдик - зарылдыгына жараша. Берилген ипотекалык кепилдикке барабар болгон ипотекалык кредиттин негизги суммасы төлөнгөн учурга чейин колдонулат |
17 | Ипотекалык кредиттин катышуучуларына мониторинг жүргүзүү | МИК ипотекалык кредитти максаттуу пайдаланууга, ошондой эле күрөөлүк камсыздоонун абалына жана өнөктөш банктар тарабынан Кызматташуу жөнүндө макулдашуулар боюнча милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзөт |

5-глава. Кийин сатып алуу менен турак үйдү ижарага берүү шарттары
№ | Параметрлер | Эскертүү |
1 | Программанын катышуучусу (максаттуу топ) | "Социалдык ипотека", "Арзан ипотека" жана "Жеңилдетилген ипотека" багыттары боюнча тандоо критерийлерине жооп берген жарандар |
2 | Максаттуу багыты | МИКтин турак жай фондунан кийин сатып алуу менен турак үйдү ижарага алуу |
3 | Ижара предмети | МИКтин турак жай фондунан даяр же курулуп жаткан турак үй |
4 | Ижара мөөнөтү | Ижаранын минималдуу мөөнөтү - 5 (беш) жылдан кем эмес. Ижаранын максималдуу мөөнөтү - 25 (жыйырма беш) жылдан ашык эмес (каржылоо булактарына жараша) |
5 | Валюта | Кыргыз сому |
6 | Төлөө графигине жана ижара келишимине ылайык турак үйдүн наркы толугу менен төлөнгөнгө чейин менчик укугу | МИК |
7 | Менчик укугунун ижарачыга өтүү мөөнөтү | Төлөө мөөнөтү бүткөндө же турак үйдүн толук наркы мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн учурда. Ижара келишиминин тиркемесине ылайык акыркы сумма төлөнгөндөн кийин 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде ижара объектин ижарачынын менчигине тариздөө мөөнөтү (төлөө графиги) |
8 | Ижара төлөмүнүн суммасы | Эсептөөлөр турак үйдүн 1 (бир) квадрат метринен алынат. (Эсептөө методикасы коммуналдык кызматтарга жана ижара объектин талаптагыдай абалда кармоого кеткен чыгымдарды кошпогондо, батирдин наркынын бөлүгүнөн, ижара акысынан, ижара объектин камсыздандыруудан турат) |
9 | Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү | Башкаруу үчүн кандайдыр бир комиссиялык жыйымдар жок. Ай сайын ижара төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн комиссия - өнөктөш банктын тарифтерине ылайык |
10 | Ижара акысы жана баштапкы төгүм (өздүк салым) | Ижаранын наркы жана баштапкы төлөмдүн өлчөмү каржылоо булактарын, курулуштун же даяр турак үйдү сатып алуунун наркын эске алуу менен МИКтин өзүнчө чечими менен белгиленет |
11 | Турак үйдү ижарага берүү боюнча шарттарды өзгөртүү | Эки айдан кем эмес өлчөмдөгү сумма төлөнгөн шартта ижара турак үйүн сатып алуу мөөнөтүн азайтууну эске алуу менен (ижарачынын каалоосу боюнча) учурдагы график боюнча келечектеги төлөөнүн эсебине ижара акысын төлөө мүмкүнчүлүгүнө жол берилет. Графикке ылайык ижара төлөмдөрүнүн толук суммасын төлөө жолу менен бүтүм жасалган учурдан тартып ижара турак үйүн мөөнөтүнөн мурда сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө жол берилет |
12 | Камсыздандыруу | "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ижарадагы объекттерди милдеттүү түрдө жыл сайын камсыздандыруу |
13 | Катышуучуларга мониторинг жүргүзүү | МИК ижара келишиминин шарттарына ылайык ижара объектин максаттуу пайдаланууга жана талаптагыдай күтүүгө мониторинг жүргүзөт |
14 | Катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана кепилдик берүүчүнүн/гаранттын кредиттик таржымалы | Өтүнмө берген учурга чейин 3 (үч) жыл ичинде терс кредиттик таржымалынын жоктугу, атап айтканда: - учурдагы мөөнөтү өтүп кеткен милдеттенмелердин жоктугу; - карыздын суммасын өндүрүү, ошондой эле кредиторлордун пайдасына мүлккө камак салуу жөнүндө соттордун чечим чыгарган учурларынын жоктугу |
15 | "Кийин сатып алуу менен ижара турак үйү" механизминин алкагында Программага катышуу | Программага катышуучу жубайы менен бирге "Кийин сатып алуу менен ижара турак үйү" механизминин алкагында турак үй менен бир жолудан ашык эмес камсыз кылынат |
16 | Кепилдик берүүчүгө/гарантка коюлуучу талаптар | Эгерде Программанын катышуучусу катталган никеде болсо, туруктуу кирешеси бар-жогуна карабастан анын жубайы да милдеттүү түрдө кепилдик берүүчү болуп калат |
6-глава. Үлүштүк турак жай курулушу аркылуу каржылоонун шарттары
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Ипотекалык кредиттин параметрлери | Эскертүү |
1 | Программанын катышуучусу (максаттуу топ) | Бардык жарандар, анын ичинде өлкөнүн чегинен сырткары жерлерде иштеген жарандар |
2 | Максаттуу багыты | Үлүштүк турак жай курулушун андан ары каржылоо үчүн баштапкы төлөмдү берүү |
3 | Ижара предмети | "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай" үлүштүк каржылоо механизминин алкагында курулуп жаткан турак үйдөгү батир. Төлөө графигине жана ижара келишимине ылайык турак үйдүн наркы толук төлөнгөнгө чейин менчик укугу МИКке таандык |
4 | Ижара акысы жана баштапкы төлөм (жеке салым) | Ижаранын наркы жана баштапкы төлөмдүн өлчөмү каржылоо булактарын, курулуштун наркын эске алуу менен МИКтин өзүнчө чечими менен белгиленет. Баштапкы төлөм турак үйдүн наркынын 20%ынан тартып жана андан жогору. Турак үйдүн, ижара объектинин толук наркы берилген учурда ижара объекти Программанын катышуучусунун менчигине 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде өтөт |
5 | Валюта | Кыргыз сому |
6 | Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү | Комиссиялык жыйымдар МИКтин өзүнчө чечими менен белгиленет. Ар айлык ижара төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн комиссия өнөктөш банктын тарифтерине ылайык |
7 | Турак үйдү ижарага берүү боюнча шарттарды өзгөртүү | Эки айдын төлөмүнөн кем эмес өлчөмдөгү сумма төлөнгөн шартта ижаралык турак үйдү сатып алуу мөөнөтүн азайтууну эске алуу менен (ижарачынын каалоосу боюнча) |
|
| учурдагы график боюнча келечектеги төлөмдөрдүн эсебине ижара төлөмүн төлөө мүмкүндүгүнө жол берилет. Графикке ылайык ижара төлөмдөрүнүн суммасынын толук калдыгын төлөө жолу менен бүтүм жасалган учурдан тартып ижаралык турак үйдү мөөнөтүнөн мурда сатып алуу мүмкүндүгүнө жол берилет |
8 | Камсыздандыруу | Ижара объектин "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жыл сайын милдеттүү камсыздандыруу |
9 | Катышуучуларга мониторинг жүргүзүү | МИК ижара келишиминин шарттарына ылайык ижара объектинин максаттуу пайдаланылышына жана талаптагыдай күтүлүшүнө мониторинг жүргүзөт |
7-глава. 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында болгон окуялардын натыйжасында жаракат алган жарандар үчүн "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай" механизминин алкагында турак үй берүүнүн шарттары
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Параметрлер | Эскертүү |
1 | 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында болгон окуялардын натыйжасында жаракат алган жарандар үчүн тандоо критерийлери | - "Апрель элдик революциясынын Баатыры" деген атайын төш белги менен сыйлануу; - жашаган жери Бишкек шаарында же Бишкек шаарынан 100 (жүз) км чейинки радиуста; - 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында болгон окуялардын натыйжасында ден соолугуна оор зыян, анча оор эмес зыян жана жеңил зыян келтирилгендигин тиешелүү соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен ырастоо; - төлөө жөндөмдүүлүгү - акыркы 3 (үч) айдагы кирешесин ырастоо менен үй-бүлөнүн кирешеси ай сайын ижара акысы боюнча төлөмдү жабууга тийиш |
2 | Ижара мөөнөтү | Ижаранын максималдуу мөөнөтү - 25 (жыйырма беш) жылдан ашык эмес |
3 | Ижара боюнча пайыздык ставка | Жылдык 4 (төрт) % |
4 | Валюта | Кыргыз сому |
5 | Төлөө графигине жана ижара келишимине ылайык турак үйдүн наркы толук төлөнгөнгө чейин менчик укугу | Ижара келишимине ылайык турак үйдүн толук наркы толук төлөнгөнгө чейин турак үй МИКтин менчигинде болот |
6 | Менчик укугунун ижарачыга өтүү мөөнөтү | Төлөө мөөнөтү бүткөндө же турак үйдүн толук наркы мөөнөтүнөн мурда төлөнгөндө. Ижара объектин ижарачынын менчигине тариздөө мөөнөтү ижара келишиминин тиркемесине (төлөө графиги) ылайык акыркы сумма төлөнгөндөн кийин 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде |
7 | Ижара төлөмүнүн суммасы | Эсептөөлөр турак үйдүн 1 (бир) квадрат метринен алынат (Эсептөө методикасы ижара объектин камсыздандырууну, коммуналдык кызматтар жана ижара объектин талаптагыдай абалда күтүүгө кеткен чыгымдарды кошпогондо, батирдин наркынын бөлүгүнөн, ижара акысынан турат) |
8 | Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү | Башкаруу үчүн кандай болбосун комиссиялык жыйымдар жок, ай сайын ижара төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн комиссия - өнөктөш банктын тарифтерине ылайык |
9 | Ижара акысы жана баштапкы төлөм (жеке салым) | Ижаранын наркы жана баштапкы төлөмдүн өлчөмү каржылоо булактарын, курулуштун же даяр турак үйдү сатып алуунун наркын эске алуу менен МИКтин өзүнчө чечими менен белгиленет |
10 | Турак үйдү ижарага берүү боюнча шарттарды өзгөртүү | Эки айдын төлөмүнөн кем эмес өлчөмдөгү сумма төлөнгөн шартта ижаралык турак үйдү сатып алуу мөөнөтүн азайтууну эске алуу менен (ижарачынын каалоосу боюнча) учурдагы график боюнча келечектеги төлөмдөрдүн эсебине ижара төлөмүн төлөө мүмкүндүгүнө жол берилет. Графикке ылайык ижара төлөмдөрүнүн суммасынын толук калдыгын төлөө жолу менен бүтүм жасалган учурдан тартып ижаралык турак үйдү мөөнөтүнөн мурда сатып алуу мүмкүндүгүнө жол берилет |
11 | Камсыздандыруу | Ижара объектин "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жыл сайын милдеттүү камсыздандыруу |
12 | Катышуучуларга мониторинг жүргүзүү | МИК ижара келишиминин шарттарына ылайык ижара объектинин максаттуу пайдаланылышына жана талаптагыдай күтүлүшүнө мониторинг жүргүзөт |
13 | "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай" механизминин алкагында турак үй алуу | Жаран жубайы менен биргеликте мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай" механизми боюнча турак үй менен бир жолудан ашык эмес камсыз кылынат |
14 | Кепилдик берүүчүгө/гарантка коюлуучу талаптар | Эгерде жаран катталган никеде болсо, туруктуу кирешеси бар/жогуна карабастан анын жубайы да милдеттүү түрдө кепилдик берүүчү болуп калат |
|
| Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине тиркеме |
Форма
Жеке маалыматтар субъектинин өзүнүн жеке маалыматтарын чогултууга, иштетүүгө жана берүүгө МАКУЛДУГУ
Мен, _____________________________________________________________________________ (аты-жөнү)
Кыргыз Республикасында берилген ИЖН: ______________________________________________
Ким экендигин ырастаган документ: ___________________________________________________ (документтин түрү)
сериясы _________________________ № ______________________
________________________________________________________________________ берилген (берилген күнү, берген органдын аталышы)
Иш жүзүндө жашаган дареги: ________________________________________________________
Катталган жеринин дареги: _________________________________________________________
Байланыш телефону: ______________________________________________________________
Электрондук почтасы: ______________________________________________________________
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Токтогул көчөсү, № 228 дареги боюнча жайгашкан "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна операциялардын төмөнкүдөй түрлөрүн жасоого эркин, аң-сезимдүү түрдө, өз эрким менен макулдук берем:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунан, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан, кредиттик бюролордон менин жеке маалыматтарым жана жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрүмдүн жеке маалыматтарын сурап алууга;
- менин жана жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрүмдүн жеке маалыматтарын иштетүүгө (аткаруу ыкмасына карабастан, жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) тарабынан же болбосо анын тапшырмасы менен жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылуучу ар кандай операция же операциялардын топтому);
- жеке маалыматтарды "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга (жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) тарабынан) берүүгө;
- жеке маалыматтарды трансчек аралык берүүгө (жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) тарабынан башка мамлекеттердин юрисдикциясында турган жеке маалыматтардын кармоочуларына берүүсү).
Менин үй-бүлөмдүн жашы жете элек мүчөлөрү (аты-жөнү):
1. _______________________________________________________________________________
2. _______________________________________________________________________________
3. _______________________________________________________________________________
4. _______________________________________________________________________________
5. _______________________________________________________________________________
Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды турак жай программасына катышуу үчүн иштетүү максатында берем.
Адамды идентификациялоо жана кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды текшерүү боюнча автоматташтырылган электрондук система аркылуу суроо-талаптар боюнча чыгымдарды төлөөгө милдеттенем жана система каттоодон баш тарткан учурда, жүргүзүлгөн суроо-талаптарга акы төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтурууга милдеттенем.
Ошондой эле төмөнкүлөрдү ырастайм:
1) "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасы менен тааныштым;
2) жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук бул макулдашууга кол коюлган күндөн тартып турак жай программасына катышууга менин арызымды/кайрылуумду кароонун бардык мөөнөтүнүн ичинде колдонула тургандыгы менен тааныштым;
3) жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук эркин формадагы жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде чакыртып алынышы мүмкүн экендиги менен тааныштым;
4) макулдук кайтарылып алынган учурда менин жеке маалыматтарымды иштетүү "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине ылайык толук же жарым-жартылай улантылышы мүмкүн экендиги менен тааныштым;
5) берилген документтердин жана көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, турак үйгө кредит берүү программасынын катышуучуларын тандоо критерийлери, ошондой эле ипотекалык кредит берүү шарттары жана турак жайга карата талаптар менен тааныштым;
6) төмөнкү себептер боюнча мобилдик тиркемелер аркылуу жеке маалыматтарды издөөгө макулдук берүү мүмкүнчүлүгү жок:
___________________________________________________________________________________

Жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө укуктар жана милдеттер тууралуу мага түшүндүрүлдү.
20___-жылдын "___" _____________ |
| ____________________________________ (аты-жөнү) |
______________________ (колу) |
|
|
Тапшырылган документтердин аныктыгын ырастайм жана туура толтурулгандыгын текшердим.
___________________________ (колу) |
| ____________________________________________ (ыйгарым укуктуу жактын аты-жөнү)". |
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын катышуучуларын тандоо ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 140, 2024-жылдын 16-февралындагы № 61, 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 147 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби (мындан ары - Тартип) тандоо критерийлерин, катышуучуларды түзүү жана тандоо тартибин белгилейт, ипотекалык кредиттерди, болгон турак жайын капиталдык оңдоого кредиттерди берүүнүн шарттарын, кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага берүүнүн, болгон турак жайын кеңейтүүнүн шарттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын (мындан ары - Программа) ишке ашыруунун алкагында сатып алынуучу турак жайга карата талаптарды аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) Программанын катышуучусу - Программага катышууга арыз берген, ушул Тартиптин тандоо критерийлерине ылайык келген жана Программага катышкан Кыргыз Республикасынын жараны;
2) тандоо критерийлери - ушул Тартипте белгиленген, Программага катышуу үчүн жарандарга карата талаптар;
3) турак жай (мындан ары - турак үй) - ушул Тартиптин критерийлерине жооп берген турак жай фондунун өзүнчө бирдиги (жеке турак үй, жеке турак үйдүн бир бөлүгү, көп батирлүү үйдөгү батир);
4) "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому (мындан ары - МИК) - турак жайга ипотекалык кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ачык акционердик коом формасында түзүлгөн юридикалык жак, анын ишинин предметтеринин бири Программаны ишке ашыруу болуп саналат;
5) Кызматташуу жөнүндө макулдашуу - Программаны ишке ашыруунун алкагында Программанын катышуучуларына турак үйдү сатып алууга, курууга жана болгон турак үйүн капиталдык оңдоого ипотекалык кредиттерди кайра каржылоого же каржылоого өнөктөш банктарга инвестициялык акча каражаттарын берүү тууралуу өнөктөш банк менен МИКтин ортосунда түзүлгөн Кызматташуу жөнүндө башкы макулдашуу. Ошондой эле Кызматташуу жөнүндө макулдашууда ипотекалык кредиттер боюнча талаптарды МИКтин пайдасына өткөрүп берүү укугу каралган;
6) өнөктөш банк - Программанын катышуучуларына ипотекалык кредиттерди каржылоого жана кайра каржылоого жана ипотекалык кредиттер боюнча талаптарды МИКтин пайдасына өткөрүп берүүгө инвестициялык акча каражаттарын берүү боюнча МИК менен кызматташуу жөнүндө Башкы макулдашууну түзгөн финансы-кредиттик мекеме;
7) иш стажы - уюмдагы ишинин узактыгы же болбосо ишкердикти/экономикалык ишти жүргүзгөн мезгил;
8) төлөө жөндөмдүүлүгү - Программанын катышуучусунун кредиттик келишимди, кийин сатып алуу менен ижара, лизинг келишимин түзүүдөн келип чыккан финансылык милдеттенмелерди өз убагында жана толугу менен аткаруу жөндөмдүүлүгү;
9) айыл жергеси - шаарларды (республикалык, облустук жана райондук маанидеги) кошпогондо, калктуу конуштар;
10) турак жай-аманат кредиттик системасы (мындан ары - ТАКС) - аманатчылардын акча каражаттарын турак жай-аманат салымдарына (депозиттерине) токтоого жана кийин аларга башкы макулдашуунун жана/же кредиттик келишимдин шарттарына ылайык узак мөөнөттүү максаттуу кредиттерди берүүгө негизделген турак жайды каржылоо системасы;
11) турак жай-аманат кредиттик компаниясы (мындан ары - ТАКК) - иши аманатчылардын акча каражаттарын турак жай-аманат салымдарына (депозиттерге) топтоого жана анын аманатчыларына жеке курулуш, турак үйлөрдү же батирлерди сатып алуу үчүн же мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн кредиттерди берүүгө багытталган, айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ банктык эмес финансы-кредиттик уюм;
12) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13) башкы макулдашуу - ТАКК менен Программанын катышуучусунун ортосундагы башкы макулдашуу, ал турак жай-аманат салымынын (депозитинин) жана кийин ипотекалык кредитти берүү келишиминин негизги шарттарын камтыйт;
14) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17) турак жайды каржылоо - МИКтин өнөктөш банктары аркылуу ипотекалык кредит, кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай, ислам каржылоо принциптери боюнча турак жай менен камсыздоо, каржылоонун жашыл принциптерин колдонуу менен лизинг жана турак жайга кредит берүү, турак үй курулушун үлүштүк каржылоо механизми сыяктуу турак үйдү сатып алуу же куруу механизмдеринин жыйындысы;
18) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19) Координациялык кеңеш - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы 276-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш;
20) ипотекалык кепилдик - кепилдик фонддорунун МИКтин өнөктөш банкынын алдындагы берилген ипотекалык кепилдиктин суммасынын чегинде Программанын катышуучусунун кепилдик фонддордун негизги карызы боюнча милдеттенмелеринин бөлүгүнүн аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуу милдеттенмеси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Турак жайды каржылоо багыттары боюнча Программанын катышуучуларын тандоо критерийлери
3. "Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоо төмөнкү тандоо критерийлерине ылайык келген жарандарга жеткиликтүү болот:
№ | Турак жайды каржылоо механизми | Жарандардын категориясы | Тандоо критерийлери |
1 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижарага алынган турак үй жана башка механизмдер) | Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана алардын ведомстволук уюмдарында жана ишканаларында, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында, мамлекеттик телерадио уюмдарында, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда иштеген жарандар | - курактык ценз Программага катышууга арыз берген учурда 21 (жыйырма бир) жаштан тартып пландуу төлөө графиктерине ылайык ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 (жетимиш) жашка чейин; - 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
4. "Арзан ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоо төмөнкү тандоо критерийлерине ылайык келген жарандарга жеткиликтүү болот:
№ | Турак жайды каржылоо механизми | Жарандардын категориясы | Тандоо критерийлери |
1 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай жана башка механизмдер) | Эмгек иши менен алектенүү чөйрөсүнө карабастан жарандар | - курактык ценз Программага катышууга арыз берген учурда 21 (жыйырма бир) жаштан тартып пландуу төлөө графиктерине ылайык ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна карата 70 (жетимиш) жашка чейин; - 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга карата акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак үйгө менчик укугун өткөрүп берүү менен байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
5. "Социалдык ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоо төмөнкү тандоо критерийлерине ылайык келген жарандарга жеткиликтүү болот:
№ | Турак жайды каржылоо механизми | Жарандардын категориясы | Тандоо критерийлери |
1 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижарага алынган турак жай жана башка механизмдер) | Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана алардын ведомстволук уюмдарында жана ишканаларында, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында, мамлекеттик телерадио уюмдарында жана мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда иштеген жарандар | - курактык ценз пландуу төлөө графиктерине ылайык ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 (жетимиш) жашка чейин; - ушул пунктта көрсөтүлгөн мекемелерде жалпы иш стажынын 15 (он беш) жылдан кем эмес болушу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жана коммерциялык кыймылсыз мүлктүн жоктугу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 5 (беш) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга жана коммерциялык кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |
2 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижарага алынган турак жай жана башка механизмдер) | Иштеген чөйрөсүнө карабастан көп балалуу үй-бүлө | - курактык ценз пландуу төлөө графиктерине ылайык ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 (жетимиш) жашка чейин; - 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу; - 21 (жыйырма бир) жашка чейинки курактагы 5тен (бештен) кем эмес баланын болушу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |
3 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижарага алынган турак жай жана башка механизмдер) | Иштеген чөйрөсүнө карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды багып жаткан адамдар же үй-бүлөсүнүн курамында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар барлар | - курактык ценз Программага катышууга арыз берген учурда 21 (жыйырма бир) жаштан тартып пландуу төлөө графиктерине ылайык ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 (жетимиш) жашка чейин; - 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |
4 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижарага алынган турак жай жана башка механизмдер) | Туулгандыгы тууралуу күбөлүктө ата-энесинин бири тууралуу жазуу жок жашы жете элек баласы/балдары бар жарандар (никеде турбаган). Жашы жете элек баласы/балдары бар жесирлер (никеде турбаган) | - курактык ценз Программага катышууга арыз берген учурда 21 (жыйырма бир) жаштан тартып пландуу төлөө графиктерине ылайык ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 (жетимиш) жашка чейин; - 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу; - катышуучуда жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу; - катышуучуда жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |
5 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижарага алынган турак жай жана башка механизмдер) | Иштеген чөйрөсүнө карабастан айыл жергесинде иштеген жана экономикалык/ишкердик ишти жүргүзгөн жаш адистер | - курактык ценз Программага катышууга арыз берген учурда 21 (жыйырма бир) жаштан 35 (отуз беш) жашка чейин; - 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу; - катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; - турак үй айыл жергесинде иштеген жери боюнча сатылып алынат; - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |
6 | МИКтин турак жайды каржылоо механизмдери (банктар аркылуу ипотекалык кредит берүү, кийин сатып алуу менен ижарага алынган турак жай жана башка механизмдер) | Иштеген чөйрөсүнө карабастан, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын камкорчулары | - катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү |
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61, 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 147 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Программаны тандоо критерийлерине карата эскертүүлөр:
1) катышуучуда, жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында турак жайда 20 (жыйырма) кв.м ашпаган жалпы үлүшү болгон учурда Программага катышууга уруксат берилет, эгерде аларда Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр жок болсо;
2) катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын мыйзам боюнча мураска калган турак жайда 20 кв.м ашпаган үлүшү болсо, Программага катышууга уруксат берилет. Катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын мыйзам боюнча мураска калган турак жайда 20 (жыйырма) кв.м ашпаган үлүшүнө байланышкан жарандык-укуктук бүтүм болгон учурда Программага катышууга уруксат берилет;
3) ТАКС алкагында ТАКК аманатчыларынын алдында ушул Тартиптин критерийлерин эске албастан, Программанын турак жайды каржылоо механизмдерин колдонуу менен турак жай-аманат салымын ачуу жана кредит берүү жөнүндөгү башкы макулдашууда белгиленген милдеттенмелер аткарылат. ТАКК аманатчыларынын тизмеси жана турак жай менен камсыз кылуу шарттары МИКтин сайтына жарыяланат;
31) көп кабаттуу турак үйдү курууга баштапкы төгүмдү берүүнү караган үлүштүк курулуш - турак жайды каржылоо механизминин алкагында Программага катышууга ушул Тартиптин тандоо критерийлерин эске албастан Кыргыз Республикасынын жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары эмгек иши менен алектенген жарандарына уруксат берилет. Мында жарандар ушул Тартиптин 3-главасына ылайык МИКтин расмий веб-сайтында каттоодон өтүү менен Программага катышууга өтүнмөнү электрондук формада тапшырат;
4) болгон турак үйүн капиталдык оңдоо жана кеңейтүү механизмдеринин алкагында Программага жеке турак үйү бар Кыргыз Республикасынын жарандарына катышууга уруксат берилет. Тандоо критерийлери жана турак жайды механизмдер боюнча каржылоонун шарттары Программанын бул механизмдерин ишке ашыруу үчүн инвестициялык каражаттарды берген донорлор/инвесторлор менен түзүлгөн өкмөттөр аралык жана башка макулдашуулардын шарттарына ылайык иштелип чыгат;
5) Координациялык кеңеш калктын социалдык жактан корголбогон категориялары үчүн турак үй берүү тартибин жана шарттарын аныктайт. Турак жайды каржылоо үчүн ресурстардын булактарын эске алуу менен калктын социалдык жактан корголбогон категорияларынын тизмеси Координациялык кеңештин кароосуна жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын колдоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан киргизилет;
6) Программаны ишке ашыруу үчүн инвестициялык каражаттарды берген донорлор/инвесторлор менен түзүлгөн өкмөттөр аралык жана башка макулдашууларга ылайык "Арзан ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоонун кошумча критерийлери жана шарттары белгилениши мүмкүн;
7) кийин сатып алуу менен ижара турак үй механизми боюнча тандоонун кошумча критерийлери жана шарттары Координациялык кеңештин чечими менен белгилениши мүмкүн;
8) мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун сунушу боюнча Координациялык кеңештин чечими менен "Социалдык ипотека" багытына жарандардын кошумча категориялары киргизилиши мүмкүн;
81) Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон республиканын жарандарына тандоо критерийлерин жана Программанын катышуучуларынын тизмесин түзүү жол-жобосун эске албастан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын өзүнчө чечимдери менен турак жайды каржылоо берилиши, анын ичинде турак үйдү сатып алуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн. Турак жайды берүү жол-жобосу жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен жөнгө салынат;
82) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 672 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди, стратегиялык объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Координациялык кеңештин чечими менен министрликтер жана ведомстволор үчүн МИКтин турак жай фондундагы турак жай бирдиктеринин санынан 20%дан ашпаган өлчөмдө турак жайды каржылоону биринчи кезектеги тартипте алуу укугуна квота берилет;
83) МИКтин турак жай фондун түзүүгө катышкан министрликтерге жана ведомстволорго (курулушка катышуу, курулушту каржылоо же МИКтин балансына кыймылсыз мүлк объекттерин акысыз/акы төлөнүүчү негизде өткөрүп берүү) Программанын катышуучуларынын тизмелерин түзүүнүн жол-жобосун эске албастан турак жайды ижарага биринчи кезекте алуу укугу берилет;
9) катышуучу, ошондой эле катышуучунун жубайынын программанын алкагында турак жайдын каржылоосу менен 1 (бир) жолудан көп эмес камсыз кылынат;
10) бул Тартиптин ченемдери 2023-жылдын 15-февралынан кийин программага катышууга электрондук арыз берген катышуучулар үчүн, 2023-жылдын 14-февралына чейин программага катышууга электрондук арыз берген катышуучулар үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтому менен бекитилген Тартиптин редакциясы, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясында колдонулат.
11) турак жай каржылоону берүүдө мамлекеттик турак жай программасынын Бишкек шаарында иштеген катышуучуларына республиканын региондорунда кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага берүүгө жол берилет. Ошол эле учурда республиканын региондорунда иштеген жарандар үчүн Бишкек шаарында кийин сатып алуу менен ижарага турак жай берүүгө жол берилбейт. Ушул пунктчанын ченемдери турак жай курулушун үлүштүк каржылоо механизминин алкагында Программанын катышуучуларына жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61, 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 147 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3-глава. Катышуучулардын тизмесин түзүү жана аларды тандоо
7. Программанын катышуучуларынын тизмелерин түзүүнүн ачык айкындыгын камсыздоо максатында, МИК автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу Программага катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүүнүн электрондук формасын киргизди.
8. Жарандар Программага катышууга арыздардын электрондук формасын МИКтин расмий веб-сайтында каттоо жолу менен, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызматтарды көрсөтүүчү платформалар, анын ичинде уюлдук операторлордун мобилдик тиркемелери аркылуу беришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Өтүнмөнү электрондук формада өз алдынча берүү мүмкүндүгү болбогон учурда жарандар МИКтин веб-сайтындагы автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу өтүнмөнү электрондук формада берүү үчүн шаарлардын мэрияларына (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), административдик райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, МИКтин өнөктөш банктарына кайрыла алышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Автоматташтырылган маалымат системасы менен МИКтин веб-сайтында иштөө үчүн шаарлардын мэрияларынын (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), административдик райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана МИКтин өнөктөш банктарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары МИКтин веб-сайтындагы автоматташтырылган маалымат системасында авторизациялоодон өтөт.
11. Жарандар кайрылганда шаарлардын мэрияларынын (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), административдик райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, МИКтин өнөктөш банктарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары:
1) жарандарды веб-сайтта каттайт;
2) МИКтин веб-сайтында катталган жарандарды идентификациялоо жол-жобосун өткөрөт;
3) ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча жеке маалыматтарды иштетүүгө жарандын жана анын жубайынын жазуу жүзүндөгү макулдугун алат. Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жазуу жүзүндөгү макулдук мобилдик тиркемелерди колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогон өзгөчө учурда кабыл алынат;
4) Программага катышууга акыркы электрондук өтүнмөнү түзөт;
5) Программага катышууга акыркы электрондук өтүнмө катталган күндөн тартып 3 (үч) айдын ичинде түзүлүүгө тийиш, андай болбогон учурда толтурулган өтүнмөсү жок каттоо МЭКтин веб-сайтынан өчүрүлөт;
6) электрондук өтүнмөнү ар бир өзгөртүүдө жана кароонун ар бир этабында Программанын катышуучусуна билдирүү телефондун уюлдук номерине, электрондук почтасына жөнөтүлөт, ошондой эле Программанын катышуучусунун электрондук порталдагы жеке кабинетинде тиешелүү маалымат жайгаштырылат.
МИКтин веб-сайтында катталган жарандар электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү ар кандай платформалар аркылуу, анын ичинде уюлдук операторлордун мобилдик тиркемелери аркылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобого ылайык Бирдиктүү идентификациялоо системасы - БИС аркылуу, ошондой эле электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү платформалар аркылуу, аларды пайдалануу менен жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүүгө болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Шаарлардын мэриялары (Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларын кошпогондо), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана МИКтин өнөктөш банктары жарандын жана жубайынын жазуу жүзүндөгү макулдугунун түп нускаларын жалпылайт жана жеке маалыматтарды иштетүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына жиберет. Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары жарандын жана жубайынын жазуу жүзүндөгү макулдугунун түп нускаларын жалпылайт жана жеке маалыматтарды иштетүүгө Бишкек шаарынын мэриясына, ал эми МИКтин өнөктөш банктары - банктын башкы офисине жиберет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана МИКтин өнөктөш банктары жеке маалыматтарды иштетүүгө жарандардын жана жубайынын жазуу жүзүндөгү макулдугунун түп нускаларын МИКке ар бир айдын 30уна чейинки мөөнөттө жиберип турушат.
13. Программага катышууга электрондук өтүнмөнү жана жеке маалыматтарды иштетүүгө жарандардын макулдугунун түп нускаларын алгандан кийин МИК ведомстволор аралык электрондук аракеттенүү системасы аркылуу ушул Тартиптин тандоо критерийлерине шайкештигин текшерүү үчүн Программанын катышуучусу жана алардын жубайы тууралуу керектүү маалыматты мамлекеттик органдардан суратып алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
14. МИК тарабынан Программанын тандоо критерийлерине шайкештигин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча МИКтин автоматташтырылган маалыматтык системасында Программанын катышуучуларынын электрондук тизмеси түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
15. МИКтин автоматташтырылган маалыматтык системасында Программанын катышуучуларынын электрондук тизмелери турак жайды каржылоо механизмине жараша каралат:
- өнөктөш банктар МИКтин автоматташтырылган маалыматтык системасында Программанын катышуучуларынын электрондук тизмесин карап чыгат, катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоодон кийин ипотекалык кредит берүү же ипотекалык кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- МИК автоматташтырылган маалыматтык системада Программанын катышуучуларынын электрондук тизмесин карайт жана катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдап чыгып, кийин сатып алуу менен турак үйдү ижарага берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Турак жайды каржылоого кайрылбаган катышуучулардын электрондук өтүнмөлөрүнүн колдонулуу мөөнөтү 1 (бир) жылды түзөт.
4-глава. МИКтин өнөктөш банктары аркылуу ипотекалык кредит берүүнүн шарттары
№ | Ипотекалык кредиттин параметрлери | Эскертүү |
1 | Программанын катышуучусу (максаттуу топ) | "Социалдык ипотека" жана "Арзан ипотека", анын ичинде "Жеңилдетилген ипотека" багыттары боюнча тандоо критерийлерине жооп берген жарандар |
2 | Ипотекалык кредиттин максаттуу багыты | Турак үйдү сатып алуу, эгерде жашаган жери боюнча калктуу конушта жер участогу бар болсо, этабы менен каржылоо механизмин пайдалануу менен турак үй (жеке турак жай) куруу. |
3 | Ипотекалык кредитти берүү формасы | Катышуучунун өнөктөш банктагы банктык эсебине акча каражаттарын чегерүү аркылуу накталай эмес форма |
4 | Ипотекалык кредитти берүү мөөнөттөрү | Өнөктөш банк тарабынан катышуучуга ипотекалык кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 15 күнгө чейинки мөөнөттө |
5 | Ипотекалык кредиттин валютасы | Кыргыз сому |
6 | Ипотекалык кредиттин суммасы | "Арзан ипотека" турак жайын каржылоо багыты боюнча: - 5000000 (беш миллион) сомго чейин |
"Социалдык ипотека" жана "Жеңилдетилген ипотека" турак жайын каржылоо багыты боюнча: - 4000000 (төрт миллион) сомго чейин | ||
7 | Ипотекалык кредиттин мөөнөтү | "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет |
8 | Ипотекалык кредиттин суммасын аныктоо критерийлери жана катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын жана өнөктөш банктын ички документтеринин талаптарына ылайык аныкталат |
9 | Комиссиянын түрлөрү жана өлчөмү | Кепилдик фонддорунун ипотекалык кепилдигин баштапкы төлөм катары пайдалангандыгы үчүн комиссиядан тышкары, ипотекалык кредитти башкаруу үчүн эч кандай комиссия жана башка кошумча төлөмдөр жок |
10 | Катышуучунун чыгымдары | Ипотекалык кредит алуу үчүн күрөө келишимин тариздөө жана каттоо, ошондой эле турак үйдү камсыздандыруу жана кредиттик таржымалы жөнүндө маалымат алуу үчүн суроо-талаптар үчүн чыгымдар |
11 | Турак үйдү камсыздандыруу | Ипотекалык кредиттин предмети болгон турак үй "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунда жыл сайын милдеттүү камсыздандырылууга тийиш. Ошол эле учурда камсыздандыруу суммасы ипотека менен камсыздалган талаптын өлчөмүнөн (суммасынан) кем болбошу керек |
12 | Ипотекалык кредитти төлөө тартиби | Ипотекалык кредитти жана пайыздарды төлөө кол коюлган кредиттик келишимге ылайык ай сайын жүргүзүлөт |
13 | Ипотекалык кредитти толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн эрте төлөөнүн шарттары | Ипотекалык кредит толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда комиссия алынбайт |
14 | Ипотекалык кредитти реструктуризациялоо шарттары | Өнөктөш банктын ички талаптарына ылайык жол-жоболор |
15 | Ипотекалык кредит боюнча баштапкы төгүм (жеке салымы) жана пайыздык ставкалар | Программанын алкагында турак жайды каржылоо боюнча пайыздык ставка мамлекеттин макроэкономикалык саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча жооптуу болгон аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан белгиленет. Баштапкы төлөм: - "Социалдык ипотека" багыты боюнча турак үйдүн наркынан 10%дан кем эмес; - "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека" багыттары боюнча турак үйдүн наркынан 20%дан кем эмес. Катышуучунун өздүк салымы болбогон учурда өнөктөш банктын ыктыяры боюнча кошумча күрөөнү берүүгө, ошондой эле кепилдик фонддордун финансылык инструменттерин колдонууга жол берилет |
16 | Ипотекалык кредитти камсыз кылуу (күрөө) | Ипотекалык кредитке сатып алынып жаткан турак үй. Ипотекалык кредиттин предметин (күрөөнү) алмаштырууга жол берилет. Курулуш мезгилиндеги жер участогу жана курулуштан кийин жеке турак үй. Курулуш мезгилинде үлүштүк курулуш келишиминин шарттарында курулуп жаткан турак жайга мүлктүк укук жана курулуштан кийин турак үй. Ипотекалык кепилдик - зарылдыгына жараша. Берилген ипотекалык кепилдикке барабар болгон ипотекалык кредиттин негизги суммасы төлөнгөн учурга чейин колдонулат |
17 | Ипотекалык кредиттин катышуучуларына мониторинг жүргүзүү | МИК ипотекалык кредитти максаттуу пайдаланууга, ошондой эле күрөөлүк камсыздоонун абалына жана өнөктөш банктар тарабынан Кызматташуу жөнүндө макулдашуулар боюнча милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзөт |
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Кийин сатып алуу менен турак үйдү ижарага берүү шарттары
№ | Параметрлер | Эскертүү |
1 | Программанын катышуучусу (максаттуу топ) | "Социалдык ипотека", "Арзан ипотека" жана "Жеңилдетилген ипотека" багыттары боюнча тандоо критерийлерине жооп берген жарандар |
2 | Максаттуу багыты | МИКтин турак жай фондунан кийин сатып алуу менен турак үйдү ижарага алуу |
3 | Ижара предмети | МИКтин турак жай фондунан даяр же курулуп жаткан турак үй |
4 | Ижара мөөнөтү | Ижаранын минималдуу мөөнөтү - 5 (беш) жылдан кем эмес. Ижаранын максималдуу мөөнөтү - 25 (жыйырма беш) жылдан ашык эмес (каржылоо булактарына жараша) |
5 | Валюта | Кыргыз сому |
6 | Төлөө графигине жана ижара келишимине ылайык турак үйдүн наркы толугу менен төлөнгөнгө чейин менчик укугу | МИК |
7 | Менчик укугунун ижарачыга өтүү мөөнөтү | Төлөө мөөнөтү бүткөндө же турак үйдүн толук наркы мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн учурда. Ижара келишиминин тиркемесине ылайык акыркы сумма төлөнгөндөн кийин 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде ижара объектин ижарачынын менчигине тариздөө мөөнөтү (төлөө графиги) |
8 | Ижара төлөмүнүн суммасы | Эсептөөлөр турак үйдүн 1 (бир) квадрат метринен алынат. (Эсептөө методикасы коммуналдык кызматтарга жана ижара объектин талаптагыдай абалда кармоого кеткен чыгымдарды кошпогондо, батирдин наркынын бөлүгүнөн, ижара акысынан, ижара объектин камсыздандыруудан турат) |
9 | Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү | Башкаруу үчүн кандайдыр бир комиссиялык жыйымдар жок. Ай сайын ижара төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн комиссия - өнөктөш банктын тарифтерине ылайык |
10 | Ижара акысы жана баштапкы төгүм (өздүк салым) | Ижаранын наркы жана баштапкы төлөмдүн өлчөмү каржылоо булактарын, курулуштун же даяр турак үйдү сатып алуунун наркын эске алуу менен МИКтин өзүнчө чечими менен белгиленет |
11 | Турак үйдү ижарага берүү боюнча шарттарды өзгөртүү | Эки айдан кем эмес өлчөмдөгү сумма төлөнгөн шартта ижара турак үйүн сатып алуу мөөнөтүн азайтууну эске алуу менен (ижарачынын каалоосу боюнча) учурдагы график боюнча келечектеги төлөөнүн эсебине ижара акысын төлөө мүмкүнчүлүгүнө жол берилет. Графикке ылайык ижара төлөмдөрүнүн толук суммасын төлөө жолу менен бүтүм жасалган учурдан тартып ижара турак үйүн мөөнөтүнөн мурда сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө жол берилет |
12 | Камсыздандыруу | "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ижарадагы объекттерди милдеттүү түрдө жыл сайын камсыздандыруу |
13 | Катышуучуларга мониторинг жүргүзүү | МИК ижара келишиминин шарттарына ылайык ижара объектин максаттуу пайдаланууга жана талаптагыдай күтүүгө мониторинг жүргүзөт |
14 | Катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана кепилдик берүүчүнүн/гаранттын кредиттик таржымалы | Өтүнмө берген учурга чейин 3 (үч) жыл ичинде терс кредиттик таржымалынын жоктугу, атап айтканда: - учурдагы мөөнөтү өтүп кеткен милдеттенмелердин жоктугу; - карыздын суммасын өндүрүү, ошондой эле кредиторлордун пайдасына мүлккө камак салуу жөнүндө соттордун чечим чыгарган учурларынын жоктугу |
15 | "Кийин сатып алуу менен ижара турак үйү" механизминин алкагында Программага катышуу | Программага катышуучу жубайы менен бирге "Кийин сатып алуу менен ижара турак үйү" механизминин алкагында турак үй менен бир жолудан ашык эмес камсыз кылынат |
16 | Кепилдик берүүчүгө/гарантка коюлуучу талаптар | Эгерде Программанын катышуучусу катталган никеде болсо, туруктуу кирешеси бар-жогуна карабастан анын жубайы да милдеттүү түрдө кепилдик берүүчү болуп калат |
6-глава. Турак үйүн үлүштүк куруу аркылуу каржылоонун шарттары
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 147 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Ипотекалык кредит берүүнүн параметрлери | Эскертүү |
1 | Программанын катышуучусу (максаттуу топ) | Катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 (үч) жылдын ичинде жана турак үйүн каржылоону алган учурда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында менчик турак үйүнүн жана турак үйүнө менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу шартында бардык жарандар, анын ичинде өлкөнүн чегинен тышкары иштеген жарандар |
2 | Максаттуу багыты | Үлүштүк турак үйүнүн курулушун андан ары каржылоо үчүн баштапкы төгүмдү берүү |
3 | Ижара предмети | "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак үйү" механизми боюнча үлүштүк каржылоонун негизинде курулуп жаткан турак үйдөгү батир. Төлөө графигине жана ижара келишимине ылайык турак үйүнүн наркы толугу менен төлөнгөнгө чейин менчик укугу МИКке таандык |
4 | Ижара акысы жана баштапкы төгүм (жеке салым) | Ижаранын наркы каржылоо булактарын, курулуштун наркын эске алуу менен МИКтин өзүнчө чечими менен белгиленет. Баштапкы төгүм турак үйүнүн наркынын 50%ынан кем эмес. Турак үйүнүн наркы толук берилгенде ижара объектиси Программанын катышуучусунун менчигине 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде өтөт |
5 | Валютасы | Кыргыз сому |
6 | Ижаранын мөөнөтү | 15 (он беш) жылга чейин |
7 | Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү | Ар айлык ижара төлөмдөрүн кабыл алууга комиссия - өнөктөш-банктын тарифтерине ылайык |
8 | Турак үйүн ижарага берүү боюнча шарттарды өзгөртүү | Эки айдан кем эмес төлөмдүн өлчөмүндө сумма төлөнгөн шартта ижара турак үйүн сатып алуу мөөнөтүн азайтууну эске алуу менен (ижарачынын каалоосу боюнча) учурдагы график боюнча келечектеги төлөөлөрдүн эсебине ижара акысын төлөө мүмкүнчүлүгүнө жол берилет. Графикке ылайык ижара төлөмдөрүнүн суммасынын толук калдыгын төлөө жолу менен бүтүм жасалган учурдан тартып ижаралык турак үйүн мөөнөтүнөн мурда сатып алуу мүмкүндүгүнө жол берилет |
9 | Камсыздандыруу | "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ижарадагы объектти милдеттүү түрдө жыл сайын камсыздандыруу |