Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-июлу № 81
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тамчы айыл аймагынын жайгашкан жерлерди "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Ысык-Көл облусуна инвестицияларды тартуу жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык аймагында гольф-курортун долбоорлоо жана куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы корутундусун, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 10-июлундагы № 95 чечимин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Тамчы айылдык аймагында жайгашкан жана мамлекеттик менчикте турган 92,25 га жерлер (77,4 га - жайыт, 0,25 га - жолдор, 1,8 га - суу астында, 12,80 га - башка жерлер) гольф-курортту долбоорлоо жана куруу үчүн "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркын Кыргыч Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык төлөөнү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 27-июлундагы № 82 жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |