Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 29-июлу № 94
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы башка уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүнү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына кошумча бөлүнүп берилген административдик имараттардын жана автотранспорт каражаттарынын талаптагыдай техникалык абалын сактоо жана аларды андан ары тейлөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы башка уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- 1-пунктундагы "341", "35" жана "306" деген цифралар тиешелүү түрдө "368", "57" жана "311" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына ушул токтомго ылайык белгиленген тартипте кошумча акча каражаттарын бөлүп берүүнү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ