Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-майы № 215
"Түркия Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө
2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашуунун 8-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түркия Республикасынын жарандарына эмгек визаларынын бардык типтерин тариздөө жана берүү боюнча консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары тең үзүр принцибинде аныкталганы белгиленсин жана төмөнкүлөрдү түзөт:
- үч айга чейинки мөөнөткө алгачкы кирүү-чыгуу көп жолку визаларды тариздөө үчүн - 10 АКШ доллары;
- бир жылга чейинки мөөнөткө көп жолку визаларды тариздөө (узартуу) үчүн - 20 АКШ доллары.
2. Түркия Республикасынын жарандарына эмгек визаларынын бардык типтерин берүүдө жана узартууда алдын ала кароого жана аларды каттоого документтерди кабыл алуу үчүн консулдук кызматтарды көрсөтүүгө каражат алынбай тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган пункттарды колдонууга даярдыгы жөнүндө тиешелүү вербалдык нотаны түркия тарапка жиберсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 24-майындагы № 42 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |