Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 240
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6 августундагы № 114 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп
бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча объекттерди долбоорлоого жана курууга документтерди берүү процесстерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
2. “Бирдиктүү терезе” принциби мамлекеттик башкаруу органдарынын, курулуш объекттерин инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына (электр, газ, жылуулук, суу менен камсыз кылуу жана канализация) кошууну жүзөгө ашырган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү координациялоо жолу менен архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан төмөнкү процесстерде ишке ашырылат:
- объектти долбоорлоо шарттарын аныктаган документтерди даярдоодо жана берүүдө;
- долбоордук документтерди макулдашууда;
- долбоордук документтерди экспертизалоодо;
- пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоодо.
Шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдар жана ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик экспертизалоо органы өзүнүн ишин ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилген “Бирдиктүү терезе” борборлорунун Иш регламентине ылайык “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жүзөгө ашырат.
3. Кыймылсыз мүлк объекттерин курууга жана башка курулуштук өзгөртүүгө жер мамилелери, архитектуралык-курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жер участокторуна жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) жана мөөнөтсүз пайдалануу укугу бар жеке жана юридикалык жактар укуктуу.
4. Шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган объектти долбоорлоо шарттарын аныктоочу документтерди даярдоодо жана бекитүүдө тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурастын жана жаратылыштын эстеликтери, алардын коргоо зоналары болуп саналган кыймылсыз мүлк объекттерине алардын таасири болгон учурда тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашуусун алууга милдеттүү.
5. Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автордук көзөмөл – долбоордун автору тарабынан курулуш объекттерин куруу жана пайдаланууга киргизүү мезгилинде архитектуралык-курулуш, технологиялык жана башка техникалык чечимдердин долбоордук чечимдерге ылайыктуулугуна контроль жүргүзүүсү;
архитектуралык-шаар куруу корутундусу – шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү, объекттин негизги шаар куруу, функциялык параметрлерин, долбоорлоого шарттарды жана талаптарды аныктоочу, долбоорлоону баштоо үчүн негиз болуп саналган укук белгилөөчү документ;
архитектуралык-техникалык корутунду - объектти жөнөкөйлөтүлгөн схема боюнча курууга, багытын кайра өзгөртүүгө жана кайра пландоого, жеке менчик аймакка же бөлүнгөн аймакка жеңил түрдөгү объекттерди орнотууга шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдар тарабынан берилүүчү тексттик жана графикалык материалдарды камтыган укук белгилөөчү документ;
мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан курулуш процессинде аткарылуучу иштерге контроль жүргүзүүсү;
шаар куруу документтери – райондук пландаштыруунун долбоордук документтери, башкы пландар, схемалар, чектөө долбоорлору, кварталдарды, кичи райондорду, шаар куруу түйүндөрүн жана калктуу конуштардын пландык түзүмүнүн башка элементтерин куруу долбоорлору;
шаар куруу регламенти – калктуу конуштарда жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин пайдалануунун шаар куруу документтеринде белгиленген параметрлеринин жана уруксат берилген түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу ишин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттериндеги жол берилүүчү өзгөртүүлөрдүн жыйындысы;
шаар түзүүчү объекттер – курулушу шаар куруу документтерине ылайык түзүлгөн, тарыхый-архитектуралык жана шаар куруучу баалуулукка ээ болгон имараттар жана курулмалар;
жеке турак үй – жеке турак жай курууга берилген жер участогунда курулган, анын менчик ээси же пайдалануучулары тарабынан жашоо үчүн колдонулуучу жекече-аныкталган турак имараты;
башкы долбоорлоочу – тиешелүү лицензиясы бар долбоордук уюм, ал инвестор же тапшырыкчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтердин айрым бөлүктөрү боюнча субподряддык уюмдарды жана адистерди тартуу менен долбоордук документтерди иштеп чыгуу боюнча жумуштарды аткарат;
имараттарды жана курулмаларды инженердик-техникалык камсыз кылуу – адамдардын жашоосу үчүн ченемдик шарттарды, материалдык баалуулуктарды сактоону жана өндүрүштүк процесстерди ишке ашырууну камсыз кылуучу инженердик тармактардын, системалардын, курулмалардын жана техникалык түзүлүштөрдүн комплекси;
инженердик-техникалык изилдөө – изилдөө объектинин техникалык абалы жөнүндө маалымат алуу жана техникалык корутунду иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон иштердин комплекси;
инженердик-техникалык кызматтар – курулуш объекттерин электр, жылуулук, газ, суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация), телефондоштуруу жана байланыштын башка түрлөрү менен камсыз кылуучу уюмдар;
инженердик-техникалык шарттар – объектти инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына кошуунун жана инженердик коммуникацияларды чыгаруунун шарттары жана схемалары;
долбоордук документтерди комплекстүү экспертизалоо – долбоордук документтерге бардык түрдөгү экспертизаны бир жолку жүргүзүү жана ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик экспертизалоо органы же мамлекеттик эмес эксперттик уюм тарабынан камсыздалуучу зарыл болгон экспертизанын бардык түрлөрүн тапшырыкчынын “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча бир жерде алуу мүмкүнчүлүгү;
линиялуу объекттер – электр берүүчү, байланыш линиялары (анын ичинде линиялуу-кабелдик курулмалар), түтүк өткөргүчтөр, мелиорация каналдары, дренаждык коллекторлор, селден коргоочу дамбалар, автомобиль жолдору, темир жол линиялары жана башка көмөкчү курулмалар;
ченемдик техникалык документтер – белгиленген тартипте бекитилүүчү, курулуш ишинин ар кайсы түрлөрүнө же алардын жыйынтыктарына тиешелүү ченемдерди жана эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү белгилеген документтер;
чакан архитектуралык формалардын объекттери – декорациялык-монументалдык искусство объекттери (таш мамылар, эстеликтер, аркалар), фонтандар, декорациялуу тосмолор, анын ичинде жарнамалык курулмалар жана дизайн жана абаттоо элементтери;
курулуш объекти – курулуучу имарат, курулма же имараттардын жана курулмалардын комплекстери;
жеңилдетилген типтеги объекттер – көчмө, ташып жүрүүчү палаткалар, киосктор, лотоктор, павильондор, жайкы аянтчалар, бастырмалар, жарнамалык конструкциялар, суусундуктарды сатуунун көчмө (мобилдүү) түйүндөрү, коомдук тамактануу көчмө түйүндөрү жана кыймылсыз мүлк объекттери болуп эсептелбеген курулуштар жана курулмалар;
курулуштун өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттери – долбоордук документтеринде физикалык же геометриялык линиялуу эмес параметрлерди эске алуу менен стандарттуу эмес эсептөө методдору колдонулган конструкциялар жана конструкциялык системалар каралган же иштеп чыгууда эсептөөнүн атайын методдору колдонулган капиталдык курулуш объекттери;
пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо – курулуп бүткөн объекттин техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайыктуулугун ырастоо;
багытын өзгөртүү – имараттын же жайлардын функциялык багытын өзгөртүү;
кайра пландоо – кыймылсыз мүлк объектинин (имараттын, курулманын, жайлардын же алардын өзүнчө бөлүктөрүнүн) учурдагы пландоочу чечимдерин өзгөртүү;
курулуш долбоору – куруу, аймакты инженердик даярдоо жана аны абаттоо үчүн шаар куруу, архитектуралык-көркөмдүк, көлөмдүк-пландоочу, конструкциялык, технологиялык, инженердик-техникалык, жаратылышты коргоочу (зарылдыгы боюнча), экономикалык (зарылдыгы боюнча) жана башка чечимдерди камтыган долбоордук (долбоордук-сметалык) документтер;
реконструкция (кеңейтүү) – ишканалардын, имараттардын жана курулмалардын көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдерин, технологиялык жана инженердик жабдууларын өзгөртүү;
долбоордук документтерди макулдашуу – долбоордук документтердин долбоорлоо документтеринин жана ченемдик документтердин талаптарына ылайыктуулугун баалоо;
курулуш-монтаждоо жумуштары – имараттарды, курулмаларды жана инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарын курууда аткарылуучу жумуштардын комплекси;
курулуш аянты – башкы курулуш планына ылайык кыймылсыз мүлк объекттерин куруу максатында колдонулуучу жер участогу;
башкы курулуш планы – курулушту уюштуруу долбоорунун курулуш аянтын уюштурууну жөнгө салуучу бөлүгү;
кошулуу чекити – инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарынын курулуш (реконструкциялануучу) объектин электр, жылуулук, газ, суу менен камсыз кылуу жана канализация, телефондоштуруу тармактарына кошуу үчүн зарыл болгон түзүлүштөр жана курулмалар менен кошулууга коммуникациялар схемасына ылайык курулуш объектине же жер участогуна алыстыгы боюнча 100 м ашпаган эң жакын жер;
технологиялык кошулуу – кошулуу чекитинде (чекиттеринде) тиешелүү ресурстун зарыл болгон кубаттуулугун камсыз кылуу үчүн инженердик-техникалык жана уюштуруу иш-чараларынын комплекси;
техникалык көзөмөл – курулуш өндүрүшүнүн технологиясынын, аткарылуучу жумуштардын жана колдонулуучу материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын курулуш долбоорунун жана колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына ылайыктуулугун камсыз кылуу максатында көз карандысыз инженер-консультант (консультация берүүчү фирма) тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш-монтаждоо жумуштарынын сапатына үзгүлтүксүз контроль жүргүзүү;
техникалык регламент – Кыргыз Республикасы катышкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим (макулдашуу) менен кабыл алынган, продукцияга жана/же долбоорлоо (изилдөөлөрдү кошуп алганда), өндүрүш, курулуш, монтаждоо, ишке киргизүүгө даярдоо, сактоо, ташуу, сатуу, пайдаланууга киргизүү, утилдештирүү менен байланышкан процесстерге колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү болгон талаптарды белгилөөчү документ, мыйзам же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому;
долбоордук документтерди экспертизалоо – долбоордук документтердин бөлүмдөрүнүн долбоордук-техникалык чечимдеринин ченемдик-техникалык документтердин жана техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугун же ылайыктуу эместигин баалоо.
2. Объекттерди куруунун жана башка өзгөртүүнүн
долбоорлоого документтерди алууну талап кылуучу түрлөрү
6. Калктуу конуштардын кварталдарын, кичи райондорду пландуу реконструкциялоодо (реновациялоодо), жаңы аймактарды өздөштүрүүдө тиешелүү шаар куруу документи – курулуш долбоору иштелип чыгат.
7. Тургузулган курулушта өзүнчө турган объекттерди курууну пландаштырууда курулуштун төмөнкү түрлөрүнө архитектуралык-шаар куруу корутундусу (мындан ары – АШК) иштелип чыгат:
1) капиталдык курулуш объекттерин куруу;
2) объектти көлөмдүк-пландаштыруу жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен реконструкциялоо, багытын өзгөртүү жана кайра пландоо;
3) жер үстүндөгү бөлүгүнүн аянты 300 кв.м ашпаган же жер үстүндөгү эки кабаттан ашык бийиктиги менен коомдук багыттагы объектти куруу.
Объекттердин аталган түрлөрүнө долбоордук документтер андан ары шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органында макулдашуудан өтөт жана экспертизага берилет.
8. Шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын архитектуралык-техникалык корутундусунун (мындан ары – АТК) негизинде ишке ашырылуучу кыймылсыз мүлк объекттерин куруунун жана өзгөртүүнүн түрлөрү:
1) ушул Жобого ылайык макулдашылган жана экспертиза жүргүзүүнү талап кылбаган долбоордук документтерди даярдоо менен:
- аянты 300 кв. м чейин же бийиктиги эки кабаттан ашпаган коомдук багыттагы объекттерди куруу;
- көмөкчү-чарбалык багыттагы объекттери менен бийиктиги жер үстүндөгү эки кабаттан (мансарды эсепке албастан) ашпаган жеке турак үй куруу;
- айыл чарба муктаждыктары үчүн турак үйдү жана келечектүү өнүктүрүлүүчү калктуу конуштун чегинен тышкары долбоорлонгон айыл чарба багытындагы объекттерди куруу;
2) долбоордук документтерди даярдабастан жана шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдар менен макулдашуусуз:
- тирөөч конструкцияларды өзгөртпөстөн жана инженердик камсыз кылуу системасына жүктү көбөйтпөстөн, багытын өзгөртүү жана кайра пландоо;
- жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотуу жана чакан архитектуралык түрдөгү объекттерди куруу.
9. Долбоорлоого документтерди алууну жана долбоордук документтерди иштеп чыгууну талап кылбаган курулуштун түрлөрү:
- көлөмдүк-пландоо чечимдерин жана тирөөч конструкцияларды өзгөртпөстөн пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүнүн алкагында жайлардын багытын өзгөртүү, инженердик-техникалык камсыз кылууга болгон жүктү көбөйтүү жана өзгөртүү;
- оңдоо жана жасалгалоо жумуштарынын бардык түрлөрү, анын ичинде капиталдык оңдоо;
- тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттеринин коргоо зоналарына тиешеси жок болгон жеке турак үйлөргө верандаларды жана турак жайларды куруу.
10. АШКнын жарактуу мөөнөтү 3 жыл. Объекттин функциялык багыты, кабаттуулугу жана аянты менен байланышкан тапшырыкчынын курулуш ниеттери өзгөргөн учурда, мурун берилген АШК колдонуу мөөнөтүн 3 жылга узартуу менен шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын толуктоо-каты түрүндөгү макулдугу менен толукталат.
3. Долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга киргизилүүчү
курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо үчүн
документтерди берүүгө ыйгарым укуктуу органдар
11. Долбоорлоого документтерди берүү, ошондой эле ушул Жободо белгиленген тартипте долбоордук документтерди макулдашуу ыйгарым укуктуу органдын шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органы тарабынан шаар куруу документтеринин негизинде жана архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Долбоордук документтерди мамлекеттик экспертизалоо ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик экспертизалоо органы тарабынан жүргүзүлөт.
Ушул Жобонун 33-пунктунда каралбаган объекттердин долбоордук документтерин экспертизалоону Кыргыз Республикасынын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык аккредитацияланган мамлекеттик эмес эксперттик уюмдар өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ишке ашыра алышат.
12. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо ыйгарым укуктуу органдын региондук башкармалыктары тарабынан жүзөгө ашырылат.
13. Курулуш объектин пайдаланууга киргизүү курулушчу (тапшырыкчы) тарабынан пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Долбоорлоого жана курууга документтерди берүүнүн
негизги этаптары жана мөөнөттөрү
14. Долбоорлоого жана курууга документтер жер участокторуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин негизинде ыйгарым укуктуу органдын шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдары тарабынан жана макулдашылган долбоордук документтердин негизинде ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик экспертизалоо органы тарабынан “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча төмөнкү тартипте берилет:
1) өзүнчө турган объекттерди курууну пландаштырууда:
- биринчи этап – курулуш участогунун жанындагы муниципалдык аймакты милдеттүү кошумча абаттоону эске алуу менен АШКны иштеп чыгуу жана берүү;
- экинчи этап:
долбоордун “Архитектуралык чечимдер” жана “Башкы план” бөлүктөрүн макулдашуу;
ушул Жобонун 7-главасына ылайык ченемдик талаптарга ылайыктуулугун баалоо үчүн долбоордук документтерди экспертизалоо;
- үчүнчү этап – сырткы инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарынын долбоорлорун кошулуу чекитинен долбоорлонуп жаткан объектиге чейин макулдашуу;
2) түзүлгөн жер участогу менен белгиленген тартипте бекитилген курулуш долбоору:
биринчи этап – инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына кошулуунун техникалык шарттары менен АШКнын инженердик-техникалык бөлүгүн даярдоо жана берүү;
- экинчи этап:
курулуш жер участогунун жанындагы муниципалдык аймакты милдеттүү кошумча абаттоону эске алуу менен долбоордук документтердин “Архитектуралык чечимдер” жана “Башкы план” бөлүктөрүн макулдашуу;
ушул Жобонун 7-бөлүмүнө ылайык ченемдик талаптарга ылайыктуулугун баалоо үчүн долбоордук документтерди экспертизалоо;
- үчүнчү этап – инженердик-техникалык камсыз кылуунун тышкы тармактарынын долбоорлорун макулдашуу.
15. Документтерди кароо жана берүү мөөнөттөрү:
- биринчи этап - 20 жумуш күнгө чейин (анын ичинде техникалык шарттарды алууга 10 күн);
- экинчи этап - 30 жумуш күнгө чейин:
Долбоордун “Архитектуралык чечимдер” жана “Башкы план” бөлүктөрүн макулдашууга – 10 жумуш күнгө чейин;
долбоордук документтерди экспертизалоо – 20 жумуш күнгө чейин;
- үчүнчү этап – 10 жумуш күнгө чейин.
16. Шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдардын, ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик экспертизалоо органынын жана ишке тартылган инженердик кызматтардын – долбоорлоого жана курууга документтерди берүү боюнча ресурстарды берүүчүлөрдүн иш тартиби, ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген Иш регламенти менен “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча белгиленет.
17. Ушул Жобонун 8-пунктунун 1-пунктчасында каралган курулуш объекттери жана кыймылсыз мүлк объекттеринин башка өзгөртүүлөрү үчүн архитектура жана шаар куруу боюнча аймактык органдын АТКсы инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына кошулуунун техникалык шарттарын камтышы керек.
5. Курулуш ниеттерин билдирүү жана кароо тартиби
18. Тапшырыкчы (куруучу) эгерде жеке долбоордук уюму жок болсо, тиешелүү лицензиясы бар долбоордук уюмду тандайт, аны менен башкы долбоорлоочунун жана автордук көзөмөлдөө функцияларын аткарууга, макулдашууда жана экспертизалоодо долбоорду коштоого келишим түзөт.
19. Тапшырыкчы (куруучу) же долбоордук уюм шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдан курулуш ниеттеринин шаар куруу документтерине ылайыктуулугуна жер участогу жөнүндө маалыматты сурайт.
Шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган 3 жумуш күндүн ичинде тапшырыкчынын (куруучунун) суроосу боюнча маалыматты берүүгө милдеттүү.
Курулуш ниеттери ылайык келген учурда долбоордук уюм эскиздик долбоорду иштеп чыгат жана тапшырыкчы (куруучу) менен биргеликте шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын кароосуна киргизет.
Курулуш ниеттери ылайык келбеген учурда долбоордук уюм куруучуга шаар куруу документтерине ылайык келген объекттин башка түрүн сунуштай алат.
20. Курулуш ниеттерин жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээси шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органга төмөнкү документтерди тиркөө менен арыз берет:
1) жер участогуна менчик же пайдалануу укугуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрүн (жер участогунун планы менен), ошондой эле жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлк объектисинин техникалык паспортунун (эгер болсо) көчүрмөсүн;
2) 1:500 масштабындагы топографикалык негиз менен көлөмдүк-пландоочу чечими бар эскиздик долбоорду (кагаз жана/же электрондук түрдөгү графикалык сүрөт).
Эскиздик долбоорго инженердик тармактарга суралган жүктөмдөрдүн ирилештирилген көрсөткүчтөр боюнча эсептери тиркелет.
21. Эгерде курулуш ниеттеринин объектиси шаар түзүүчү мүнөздөмөгө ээ болсо, шаардын (калктуу конуштун) архитектуралык көркүнө жана анын инфратүзүмүнө таасирин тийгизиши мүмкүн, эскиздик долбоор башкы архитектордун алдындагы шаар куруу кеңешинин кароосуна чыгарылат.
Шаар куруу кеңешинде эскиздик долбоорду кароо мөөнөтү 14 календардык күндөн ашпоого тийиш. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө эскиздик долбоор шаар куруу кеңешинде каралбаса, анда ал жактырылды деп эсептелет.
Шаар куруу кеңешинде эскиздик долбоор жактырылбаган учурда, чечим чыгарылат жана долбоор чечимде көрсөтүлгөн сын пикирлерге ылайык жеткире иштелип чыгууга тийиш болот.
22. Башкы архитектордун алдындагы Шаар куруу кеңеши жөнүндө жобо жана анын курамы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет. Шаар куруу кеңешинин чечими шаар куруу процессинин бардык катышуучулары үчүн милдеттүү.
23. Шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган анын тескөөсүндө болгон маалыматтын (шаар куруу документтери, инженердик тармактардын кубаттуулуктарынын интерактивдүү карталары ж.б.) негизинде 20 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө эскиздик долбоорду шаар куруу талаптары жана шарттары, тышкы инженердик тармактардын схемасы менен толуктайт, АШК түзөт, аны башкы архитектордун (же башка ыйгарым укуктуу кызмат адамынын) кол тамгасы менен бекитет жана арыз ээсине берет.
24. Жер участогунун максаттуу багыты шаар куруу документтери менен аныкталат жана АШКда чагылдырылат.
Жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүүнү ырастоочу документтер болуп шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдардын шаар куруу корутундусу саналат.
25. Бекитилген АШК төмөнкү даярдык жумуштарын жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат:
- курулуштук башкы планды иштеп чыгуу;
- инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- курулуш аймагына туура келген курулуштарды бузуу жана инженердик тармактарды чыгаруу;
- бак-дарактарды бузуу, көчүрүү;
- курулуш аянтын тосуу;
- убактылуу жана туруктуу өтүү жолдорун уюштуруу;
- убактылуу имараттарды жана курулмаларды жайгаштыруу, курулушту инженердик камсыз кылуунун убактылуу тармактарын орнотуу.
6. Долбоордук документтерди макулдашуу
26. Долбоордук документтерди макулдашуу арыз келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган тарабынан жүргүзүлөт.
Шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган тарабынан макулдашылган долбоордук документтердин бөлүмдөрү ушул Жобонун 14-пунктуна ылайык (“Архитектуралык чечимдер”, “Башкы план”, “Тышкы тармактар”) андан ары экспертизаланууга тийиш эмес.
Долбоордук документтерди макулдашуу төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
- шаар куруу документтерине жана АШКга ылайыктуулугу;
- тышкы инженердик тармактардын калктуу конуштун инженердик инфратүзүмүн өнүктүрүү долбоорлоруна ылайыктуулугу;
- тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайыктуулугу (зарыл болгон учурда);
- шаардык кварталдарды көрктөндүрүүнүн жалпы концепциясына жана АШКнын шарттарына ылайык чектеш аймакты, долбоорлонуп жаткан объектти көрктөндүрүү.
27. Долбоордук чечимдер долбоорлоо документтеринин талаптарына жана архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү башка ченемдик документтерге ылайык келбеген учурда, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган долбоордук уюмга жана тапшырыкчыга (куруучуга) милдеттүү түрдө кабарлоо менен долбоордук документтерди макулдашуудан баш тартуу жөнүндө негизделген чечим чыгарат.
Мында шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган сын пикирлерди толук көлөмдө көрсөтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик техникалык документтеринин жана ченемдик укуктук актыларынын долбоордук документтерди иштеп чыгууда бузулган түзүмдүк элементтеринин реквизиттерин көрсөтүүгө милдеттүү.
Долбоордук документтер жеткире иштеп чыгууга бир жолудан ашык жөнөтүлбөйт, кайрадан кароо оңдолгон долбоордук документтерди бергенден кийин 3 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
28. Ички инженердик камсыз кылуунун бөлүмдөрүн техникалык шарттарга жана АШКнын талаптарына ылайыктуулугун инженердик-техникалык кызматтар жана ыйгарым укуктуу органдар менен кароо жана макулдашуу талап кылынбайт.
29. Долбоордук документтерди макулдашуу акы төлөнүүчү негизде, ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилген жана монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган бааларга ылайык жүргүзүлөт.
7. Долбоордук документтерди экспертизалоо
30. Долбоордук документтерди экспертизалоо тапшырыкчынын арызы боюнча долбоорлоо документтерин кагаз же электрондук түрдө берүү менен аткарылат.
31. Долбоордук документтерди экспертизалоо комплекстүү түрдө жүргүзүлөт.
Экспертизанын комплекстүүлүгү деп экспертизанын бардык түрлөрүн бир эле убакта жүргүзүү жана тапшырыкчынын зарыл болгон экспертизанын бардык түрлөрүнүн корутундуларын “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча бир жерден алуу мүмкүндүгү менен түшүнүлөт.
Ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик экспертизалоо органы же мамлекеттик эмес эксперттик уюм долбоордук документтерге комплекстүү экспертиза жүргүзүүнү уюштурууну камсыз кылат.
32. Экспертизанын предмети болуп долбоордук документтер жана/же анын өзүнчө бөлүмдөрү эсептелет, ал эми мамлекеттик бюджеттен каржылануучу объекттер үчүн сметалык ченемдерди жана эсептөө методикаларын колдонуу бөлүгүндө сметалык документтер да эсептелет.
33. Төмөнкү долбоордук-сметалык документтер милдеттүү мамлекеттик экспертизаланууга тийиш:
1) мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бардык объекттерди куруу же башка өзгөртүүлөр үчүн;
2) менчигинин түрүнө карабастан тобокелдиктин жогорку факторуна (1-категория) ээ объекттер үчүн.
34. Документтерди кабыл алуу жана экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу тартиби ушул Жобо жана Регламент менен белгиленет.
35. Экспертизанын оң корутундусун алган, кайрадан колдонулуучу долбоорлор боюнча объекттерди курууга карата долбоордук документтерге аларды ошондой инженердик-геологиялык, жер кыртышынын жана сейсмикалык шарттарга ээ аянтчаларга жайгаштырууда экспертиза жүргүзүү талап кылынбайт.
Кайрадан колдонулган долбоордук документтердеги долбоордук чечимдерди өзгөртүүдө долбоордук документтердин өзгөртүү киргизилген бөлүктөрү экспертизаланууга тийиш.
36. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган ченемдик-техникалык базанын негизинде чет өлкөлүк долбоордук уюм тарабынан иштелип чыккан долбоордук документтерди экспертизалоо алар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ченемдик техникалык документтерине ылайык келтирилгенден кийин (адаптациялоо) жана эгерде эл аралык келишимдер/макулдашуулар бар болсо алардын шарттарын эске алуу менен аткарылат.
37. Обьекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууда долбоордук документтерди экспертизалоо курулуш өндүрүшүнүн технологияларын, кезектерин жана ишке киргизүүчү комплекстерди сактоону эске алуу менен жүргүзүлөт.
Турак жай жана коомдук имараттар үчүн долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууну аянты 1000 жана андан ашык болгон объекттерде жүргүзүүгө жол берилет.
Турак жай жана коомдук багыттагы объекттерде долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууда долбоордук документтерди экспертизалоо эки этап менен жүргүзүлөт:
- биринчи этап – долбоордук документтерди “Конструктивдүү чечимдер”, “Технологиялык чечимдер” бөлүмдөрү боюнча (зарыл болгон учурда долбоордук документтердин курамы боюнча) экспертизалоо;
- экинчи этап – долбоордук документтерди “Архитектуралык чечимдер”, “Конструктивдүү чечимдер” жана “Тышкы тармактар” бөлүмдөрү менен байланышкан ички инженердик камсыздоо бөлүмдөрү боюнча экспертизалоо.
Турак жай жана коомдук имараттар үчүн долбоордук документтердин АШКнын талаптары болуп саналган коопсуздук ченемдерине ылайыктуулугу долбоордук документтерди макулдашууда аныкталат, өрт коопсуздугу боюнча экспертиза долбоордук документтердин зарыл болгон бардык бөлүмдөрү боюнча алардын берилишине жараша жүргүзүлөт, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза экинчи этапта жүргүзүлөт.
Өнөр жай объекттерин долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу АШКда же долбоорлоо тапшырмасында каралган курулуштун кезектүүлүгүн жана ишке киргизүүчү комплекстерди эске алуу менен объекттин курулушунун же башкы планынын долбоорлорунун негизинде жүзөгө ашырылат.
Линиялык объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууда долбоордук документтерди экспертизалоо АШКда же долбоорлоо тапшырмасында каралган кезектерди жана ишке киргизүүчү комплекстерди эске алуу менен жүргүзүлөт.
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттердин долбоордук документтеринин сметалык бөлүгүн экспертизалоо экинчи этапта же болбосо кезегине же ишке киргизүү комплексине ылайык бөлүнгөн объекттерге даярдыгына жараша жүргүзүлөт.
38. Долбоордук документтерди экспертизалоо акы төлөнүүчү негизде, ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилген жана монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган бааларга ылайык аткарылат.
Экспертизаны аткаруунун узактыгы экспертиза предметинин көлөмү жана татаалдыгы менен төмөнкүдөй мөөнөттөрдө аныкталат:
1) 500 кв. м чейин – 10 жумуш күнгө чейин;
2) 500 кв. м 1000 кв. м чейин – 15 жумуш күнгө чейин;
3) 1000 кв. м жогору – 20 жумуш күнгө чейин.
Сын пикирлерди жоюу зарыл болгон учурда долбоордук документтерди экспертизалоо алар жоюлгандан кийин кайра жаңыланат.
39. Сын пикирлер жоюлгандан кийин долбоордук документтер кайрадан экспертизаланууга тийиш. Долбоордук уюм долбоордук документтерди экспертизанын сын пикирлери боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдү баяндоо менен кайрадан экспертизалоого киргизет.
Долбоордук документтердин эксперттердин сын пикирлери боюнча өзгөртүүлөр киргизилген бөлүгү кайрадан экспертизаланууга тийиш.
Жоюлган сын пикирлер боюнча кайрадан экспертизалоо 5 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт.
40. 3 жылдын ичинде курулушу башталбаган долбоордук документ, эгерде ал мезгилдин ичинде ченемдик-техникалык жана долбоордук документтерге өзгөртүүлөр киргизилсе же инженердик камсыздоого болгон муктаждык өзгөрсө, ал кайрадан экспертизага берилет.
41. Эксперттик уюм зарыл болгон учурда эксперттик топторду түзүүгө, экспертиза жүргүзүү үчүн адис-эксперттерди жана эксперттик уюмдарды чакырууга укуктуу.
Чакырылган эксперттердин жана эксперттик уюмдардын экспертизага катышуусу экспертизанын тапшырыкчысын кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
42. Экспертизанын натыйжалары боюнча белгиленген формада төмөнкүдөй корутунду түзүлөт:
1) долбоордук-техникалык чечимдердин архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик талаптарга ылайыктуулугу (оң корутунду) же ылайыктуу эместиги (терс корутунду) жөнүндө;
2) долбоорлонуучу объекттин коопсуздугуна таасир этпей турган жеткиликсиз иштеп чыгууларды жана сын пикирлерди жоюу шарттары менен долбоордук-техникалык чечимдердин ченемдик талаптарга ылайыктуулугу (оң корутунду) жөнүндө.
43. Долбоордук чечимдер ченемдик талаптарга жана инженердик изилдөөлөрдүн (текшерүүлөрдүн) натыйжаларына ылайык келбеген учурда (терс корутунду) корутундуда Кыргыз Республикасынын ченемдик техникалык документтеринин жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шилтеме менен долбоорлоо ченемдерин конкреттүү бузуулар көрсөтүлөт.
44. Экспертизалоо процессинде эксперттик уюм сын пикирлерди жана кемчиликтерди жоюу үчүн долбоорду жана сметалык бөлүктү иштеп чыгуучуну тартууга укуктуу.
45. Макулдашуудан жана экспертизадан кийин долбоордук документтерге көлөмдүк-пландоо жана конструктивдүү чечимдерге тиешеси жок өзгөртүүлөрдү киргизүүдө тапшырыкчы аларды долбоордун автору жана шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган менен макулдашат.
Макулдашуудан жана экспертизадан өткөндөн кийин көлөмдүк-пландоо жана конструктивдүү чечимдер өзгөргөн учурда тапшырыкчы өзгөртүүлөр киргизилген бөлүмдөр бөлүгүндө долбоордук документтерди ушул Жобонун 6 жана 7-главаларында каралган тартипте кайрадан макулдашууга жана экспертизалоого берет.
8. Объектти инженердик тармактарга
технологиялык кошуу
46. Объектти инженердик тармактарга технологиялык кошуу куруучу менен инженердик тармактын ээсинин ортосундагы келишимдин жана шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган тарабынан макулдашылган тышкы инженердик тармактардын жумушчу долбоорунун негизинде ишке ашырылат.
47. Объектти инженердик тармакка кошуу чекити курулуш объектисинин кабыл алуу түзүлүштөрүнөн тартып 100 метрден (радиуста) ашпоого тийиш.
Объектти инженердик тармакка технологиялык кошууга техникалык шарттарды берүү тартиби Регламент менен белгиленет.
48. Курулуш районунда инженердик тармактар жок болгон учурда инженердик камсыздоонун альтернативдик булактары изделүүгө тийиш (скважинаны бургулоо, жергиликтүү тазалоочу курулмаларды, чакан объекттер үчүн септиктерди, жергиликтүү от казандарды орнотуу ж.б.), аларга өзүнчө долбоор иштелип чыгат.
Альтернативдүү инженердик камсыздоо обьекттерине долбоордук документтер АШКнын талаптарынын негизинде иштелип чыгат, тышкы инженердик тармактардын долбоорунун курамында макулдашылат жана инженердик камсыздоо объектиси катары экспертизадан өткөрүлөт.
49. Колдонуудагы инженердик тармактардын кубаттуулугу жетишсиз болгон учурда жумушчу долбоор менен алардын кубаттуулугун талап кылынган көрсөткүчтөргө чейин же курулуш районунун келечектүү өнүгүшүн эске алуу менен жогорулатуу каралган.
50. Тышкы инженердик тармактардын курулушу бүткөндөн кийин аткаруучулук сүрөткө тартуу аткарылат, ал ресурстарды жеткирип берүүчү уюмдарга жана шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органга өткөрүлүп берилет.
9. Объектинин курулушун баштоо үчүн негиздер
51. Экспертизанын оң корутундусу объектти Курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү жана курулушту баштоо үчүн негиз болуп саналат.
Курулуп жаткан объекттердин реестри ыйгарым укуктуу органдын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча региондук башкармалыктары тарабынан жүргүзүлөт.
Тапшырыкчы долбоордук документтин экспертизасынын оң корутундусун алган күндөн тартып 5 күндүн ичинде долбоордун автору жана инженер-консультант (техникалык көзөмөл) менен автордук жана техникалык көзөмөлдү ишке ашырууга келишим түзүүгө жана ыйгарым укуктуу органдын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча региондук башкармалыгына объекттин курулушунун башталгандыгы жөнүндө кабарлоого тийиш.
Долбоорлонуп жаткан объект ушул жобонун 38-пунктуна ылайык келген учурда долбоордук документтердин шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган тарабынан макулдашылган бөлүктөрү жана долбоордук документтин түшүндүрмө бөлүгүндө берилген, бузуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоордук уюмдун жеке жоопкерчилигинде аткарылган негиздеме курулушту баштоо үчүн жетиштүү болот.
52. Долбоордук документтин экспертизасынын оң корутундусунун көчүрмөсү, долбоордук документ, автордук көзөмөлдөө жана жумуштарды жүргүзүү журналдары курулуш аянтчасында сакталууга тийиш жана инспекциялык контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын биринчи талабы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш.
53. Курулуш объектисине карата менчик укугу башка адамга өткөндө объект убактылуу токтотулган же консервацияланган учурда арыз ээси чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде инспекциялык контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча региондук башкармалыгына кабарлоого милдеттүү.
54. Кыргыз Республикасынын аймагында курулган курулуш объекттери архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик инспекциялык контролдонууга, автордук жана техникалык көзөмөлдөнүүгө тийиш.
10. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо
55. Курулуш бүткөндөн кийин объект инспекциялык контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча региондук башкармалыгы тарабынан ылайыктуулугу бааланууга тийиш.
56. Ушул Жобонун 8 жана 9-пункттарында каралган объекттердин пайдаланууга Киргизилүүчү, курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугу бааланууга тийиш эмес.
Пайдаланууга киргизилүүчү жеке турак жайдын курулушунун объектисинин ылайыктуулугун баалоо жеке турак жай курулушу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
57. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо үчүн арыз ээси объекттин курулушу бүткөндөн кийин 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча региондук башкармалыгына арыз жөнөтөт.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) курулуштун жана чектеш аймакты көрктөндүрүүнүн бардык этаптарынын бүткөндүгү жана кабыл алуу жөнүндө күбөлөндүрүүчү актылар, автордук көзөмөлдөө жана жумуштарды жүргүзүү журналдары;
2) аткаруу-техникалык документтер (аткаруучулук сүрөткө тартуу, жабык жумуштардын актылары);
3) объектти инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тууралуу тиешелүү инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилген ырастоолор;
4) тиешелүү уюмдар тарабынан берилген лифттерди жана эскалаторлорду сыноо актылары;
5) монтаждалган инженердик-технологиялык жабдууларды сыноо актылары;
6) тапшырыкчы жана башкы подрядчы тарабынан кол коюлган аткарылган жумуштардын наркы тууралуу маалым кат;
7) өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматтык системаларын кабыл алуу жана долбоордук чечимдерге ылайыктуулугун ырастоо актылары.
58. Ушул Жобонун 57-пунктунда каралбаган башка документтерди талап кылууга жол берилбейт.
59. Арыз ээси пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо үчүн берилген документтердеги маалыматтын аныктыгын камсыз кылат.
60. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин долбоордук документтерге жана техникалык регламенттин талаптарына ылайыктуулугун баалоо арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт жана ылайыктуулугун баалоо актысы түрүндө таризделет.
61. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо актысына арыз ээси (тапшырыкчы-куруучу), долбоордун автору, инженер-консультант (техникалык көзөмөл), башкы подрядчы, инспекциялык архитектуралык-курулуштук контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча региондук башкармалыгынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол коёт жана ыйгарым укуктуу органдын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча региондук башкармалыгынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
62. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо актысынын формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
63. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоонун бекитилген актысы объектти пайдалануу жана кыймылсыз мүлк объектисине укукту мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналат.
64. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо акысыз негизде жүргүзүлөт.
65. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча региондук башкармалыктары курулуп бүткөн объекттер жөнүндө маалыматты статистика органдарына, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдарга жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун аймактык органына ай сайын жөнөтөт.
11. Объектке чектеш муниципалдык аймакты көрктөндүрүү
66. Курулуш обьектисине чектеш муниципалдык аймак шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган тарабынан аныкталат жана милдеттүү кошумча көрктөндүрүү аймагы болуп саналат.
Көрктөндүрүү долбооруна, меймандар үчүн унаа токтотуучу жайларды, жергиликтүү жолдорду уюштурууга талаптар АШКда белгиленет.
Объектинин курулушу мезгилинде курулуш участогуна чектеш муниципалдык аймак (милдеттүү кошумча көрктөндүрүү аймагы) курулуштун башкы планына ылайык жер участогун кошумча тариздөөсүз куруучу тарабынан пайдаланылышы мүмкүн.
67. Куруучу тарабынан көрктөндүрүлгөн чектеш аймак андан ары күтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилет.
12. Ушул Жобону бузуу үчүн жоопкерчилик
68. Ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын, ошондой эле долбоорлоого, курууга жана пайдаланууга курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоого документтерди берүү процессине катышкан башка субьекттердин аракеттери административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
69. Ушул Жобонун 8-главасына ылайык инженердик камсыздоо тармактарына кошууну камсыз кылуучу жана табийгый монополиялардын субъекттери болуп саналган инженердик-техникалык кызматтар алар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардан негизсиз баш тарткандыгы, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга чыгым келтиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
70. Долбоорлоого жана курууга карата ченемдик талаптарды, ошондой эле ушул Жобонун талаптарын бузуу үчүн долбоордук жана курулуш уюмдары, долбоорлордун жетекчилери жана аткаруучулары, курулуш-монтаждоо иштеринин жасоочулар, эксперттер, инспекциялык контролду жүргүзгөн органдардын кызматкерлери, инженер-консультанттар, автордук көзөмөлдүн өкүлдөрү архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
________________________________________________________________