Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-августу № 130
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссия жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын системасын өзгөртүп түзүүгө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссия жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 2-пунктундагы “Өкмөтүнүн алдындагы” деген сөздөр“Министрлер Кабинетинин алдындагы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пунктундагы “Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт” деген сөздөр “Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссия жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы “Өкмөтүнүн алдындагы” деген сөздөр “Министрлер Кабинетинин алдындагы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунун экинчи абзацындагы, 5-пунктунун төртүнчү абзацындагы, 20-пунктундагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Министрлер Кабинети» деген сөздөр мене алмаштырылсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.”;
- 7-пунктунун экинчи абзацындагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Президентинин Администрациясынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-.8-пунктундагы “анын жумушчу органы болгон – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын” деген сөздөр “Катчылык - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-12-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө өтүнүч каттар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, райондордун, шаарлардын тиешелүү органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу екүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуудан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине алдын ала киргизилет. Келип түшкөн өтүнүч каттар жана тиркелген материалдар келип түшкөн учурдан тартып үч айдан кечиктирбей Комиссия тарабынан каралат. Бардык материалдар мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.
Зарыл болгон макулдашуулар жок болсо, ошондой эле ушул Жобонун 11, 12 жана 16-пункттарынын талаптарына ылайык келбесе, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө өтүнүч каттар канааттандыруудан баш тартылат.”;
- 13-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын профилдик бөлүмү” деген сездөр “Комиссиянын катчылыгы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пунктунун алтынчы абзацы “менчиктин мамлекеттик” деген сөздөрдөн кийин “же муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |