Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 5-августу № 113
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы уюштурулсун.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасынын сүрөттөмөсү 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак белгисинин сүрөттөмөсү 3-тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 714 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин даярдоо тартибин жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 10-августундагы № 86 жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасынын СҮРӨТТӨМӨСҮ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы (мындан ары - Ардак грамота) тик бурчтук формада. Ардак грамотанын негизи пресстелген картондон жана форекстен жасалган, сыртынан кочкул кызыл түстөгү винил булгаары менен капталган.
Ардак грамотанын негизинин алдыңкы бетинде Ардак грамотанын тексттик бөлүгүн жайгаштыруу үчүн жылтырак кагаздан басылып чыгарылган тереңдиги 2 мм болгон тик бурчтуу терезече бар.
Алдыңкы бетинин жогорку бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" жана "Кабинет Министров Кыргызской Республики" деген жазуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын имаратынын стилдештирилген сүрөтү ысытылган алтындын буусу менен басылган.
Ылдыйда, ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин 35 мм сүрөтү түркүн түс менен тартылган. Анын алдында өйдөдөн ылдый караган иретте "АРДАК ГРАМОТА", "ПОЧЕТНАЯ ГРАМОТА", ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдеги тексттер, ар бир учурда өзүнчө аныкталат (андан ары сыйланган адамдын аты-жөнү жазылат).
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы".
"Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики".
Ардак грамотанын ылдыйкы бөлүгүндө "Бишкек ш. Президенттин Администрациясы" жана "г. Бишкек Администрация Президента" деген тексттер симметриялуу жайгаштырылып, алардын ортосуна Ардак грамотанын катар номери коюлган.
Ардак грамотанын арткы бөлүгүндө аны түз жерге коюу үчүн жасалган буту жана дубалга илүү үчүн "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген рельефтүү жазуусу бар жылмаланган илгичи болот. Негизинин өлчөмү: эни - 235 мм, бийиктиги 335 мм, жоондугу 28 мм.
Ардак грамотанын алдыңкы бетинин жогорку бөлүгүнүн капталдары полимердик коюлмалар менен жабылган, ага кыргыздын улуттук оймолору алтындын буусу менен түшүрүлгөн.
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак белгисинин СҮРӨТТӨМӨСҮ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак белгиси (мындан ары - Ардак белги) ар түрдүү материалдардан турган үч бөлүктөн жасалган. Ардак белгинин алдыңкы бети он беш учтуу жылдыз формасында жылмаланган латундан жасалган, металлдын үстү электролизделип, фасондук кесилген. Шоолалардын карама-каршы учтарынын ортосундагы аралык 3 см.
Ардак белгинин борборуна "МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН АРДАК БЕЛГИСИ" жана "ПОЧЕТНЫЙ ЗНАК КАБИНЕТА МИНИСТРОВ" деген жазуулар жайгаштырылган. Тегеректин жээгине буудайдын машагынын жана пахтанын стилдештирилген сүрөтү тартылган жана тегеректин жогорку жагына диаметр боюнча "КЫРГЫЗ", астыңкы бөлүгүнө "РЕСПУБЛИКАСЫ" деп жазылган.
Ардак белгинин планкасынын алдыңкы бөлүгүндө түндүктүн алтын сүрөтү - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун элементи кызыл фондо жана оптикалык компаунд менен жабылган.
Ардак белгинин планкасы үч бөлүктөн: латун жана ак түстөгү металлдан турат. Болоттон жасалган бөлүктүн арткы жагында ажырап кетпөөсү үчүн илмек орнотулган. Ардак белгинин негизги бөлүгү жана планкасы бири-бири менен болот шакекче менен бириктирилген.
Ардак белги узундугу - 3 см жана бийиктиги - 1,5 см болгон төрт бурчтуу формадагы колодкага илинген. Ардак белгинин колодкасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун стилдештирилген сүрөтүнөн турат, латундан жасалган алдыңкы бөлүгү болоттон жасалган негизге жайгашкан, Ардак белгинин арткы бетине каттоо номери жазылат.
Ардак белги кутусу менен бир комплектте даярдалат, ал форекстен жасалып, винил булгаары менен капталып, үстүнкү бөлүгүнө айнек салынган жана анын өлчөмү: узундугу 85 мм, эни 105 мм, бийиктиги 36 мм. Кутунун ичи кызыл түстөгү баркыт менен чапталган. Кутунун ортосунда ак түстөгү атлас тасма тартылган, ага Ардак белги салынат.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 5-августу № 113
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 473 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы уюштурулсун.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 473 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 714 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин даярдоо тартибин жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 10-августундагы № 86 жарыяланды
Төрага | У.А.Марипов |