Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-апрели № 174
Аксы окуяларынын күнүн жана 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция күнүн - жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күндөрү деп жарыялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 68 "Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күндөрү деп жарыялансын:
17-март - Аксы окуяларынын күнү;
24-март - 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция күнү.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 7-апрелинде № 29 жарыяланды
Премьер-министр | Т.Сариев |