КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2019-жылдын 30-майы № 234
Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы жана Бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы бекитүү тууралуу
Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 89-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускама 1-тиркемеге ылайык;
- Бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускама 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору үч айлык мөөнөттө:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
3. Бул токтомдон келип чыгуучу бардык чыгымдар укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органдарынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгы аныкталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |