Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 554 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо жол-жоболорун жүргүзүү жана аткаруу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
Ушул тартип продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү "Халал" контролдук (идентификациялык) белгиси менен маркалоону киргизүү процесси жагындагы мыйзамдык негиздерди белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы СМБ) продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү ыктыярдуу сертификациялоо, "Халал" контролдук (идентификациялык) белги менен маркалоо системасын жүргүзүү жана ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында маркалоону ишке ашыруучу юридикалык жактарды эсепке алуунун реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болот.
1. Ушул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүктөр:
продукция - убакыттын тийиштүү аралыгында ишканада же жеке ишкердин чарба ишинде өндүрүлгөн жана контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынган продуктулардын тобу;
"Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүү - "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сактоо, жеткирүү, өндүрүү, Кыргыз Республикасына алып келүү, Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алуу жана сатып өткөрүү (сатуу);
маркалоонун маалыматтык ресурсу - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун расмий сайтында жайгаштырылган, продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн маркаланганы жөнүндө маалыматтарды түзүүнү жана пайдаланууну камсыз кылуучу продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркаланганы жөнүндө маалымат;
контролдук (идентификациялык) белги - продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү маркалоого арналган, жасалмадан коргоо элементтери (каражаттары) бар атайын пломб-стикер (корголгон полиграфиялык продукция);
маркалоо - ушул Тартипке ылайык продукцияга бекитилген үлгүдөгү контролдук (идентификациялык) белгилерди коюу;
контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркаланган продукция жана кызмат көрсөтүүлөр - жарактуу контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркаланган продукция жана кызмат көрсөтүүлөр, алар жөнүндө ишенимдүү маалыматтар (аталган "Халал" продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баяндамасы менен кошо) ушул Тартипке ылайык маркалоонун маалыматтык ресурсуна берилет;
продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баяндамасы - продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан маалыматтык ресурстар продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баяндамасынын жайгаштырылган (түзүлгөн) тизмеси, ал номенклатурага ылайык продукция жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө туура маалыматтарды эсепке алуу жана сактоону камсыз кылат;
"Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүчү, экспортер же импортер катары экономикалык ишти жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар;
эмитент - контролдук (идентификациялык) белгилерди жасоочу жана берүүчү уюм;
"Халал" сертификаты - Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы СМБ берүүчү, продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ырастоочу документ.
2. "Халал" стандарттары Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы СМБнын буйругу менен бекитилүүчү региондук "Халал" стандарттарынын негизинде колдонулат.
3. Маркалоонун маалыматтык ресурсуна ишенимдүү (анын ичинде продукциянын жүгүртүлүшү жөнүндө) маалымат берилбеген продукция жана кызмат көрсөтүүлөр маркаланбаган (маркаланбаган продукция жана кызмат көрсөтүү) деп эсептелет.
2. Маркалоонун маалыматтык ресурсу
4. Продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү "Халал" контролдук (идентификациялык) белгилери менен маркалоону киргизүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маркалоонун маалыматтык ресурсунун оператору болот. Маркалоонун маалыматтык ресурсунун оператору маркалоонун маалыматтык ресурсун иштеп чыгат жана эксплуатациялайт, маркалоонун маалыматтык ресурсун пайдаланууну камсыз кылуу, анын ичинде өзүнүн расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сайтында жайгаштыруу аркылуу маркалоонун маалыматтык ресурсунда камтылган маалыматтарды берет.
5. "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоонун маалыматтык ресурсу (мындан ары - маркалоонун маалыматтык ресурсу) ушул Тартиптин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
6. Маркалоонун маалыматтык ресурсу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) дайыма, суткасына 24 саат, жумасына 7 күн, жылына 365 (366) күн жеткиликтүүлүк, мында иштебей туруп калуу бир жылда 24 сааттан ашпашы керек;
2) бир секундда тышкы пайдалануучулардан келген 5000ден 7000ге чейин суроо-талаптарды аткаруу.
7. Кыргыз Республикасынын аймагында "Халал" продукциясын өндүрүүчү компанияларды эсепке алуу реестринин формасын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы СМБ бекитет.
3. Маркалоонун маалыматтык ресурсуна заказ, даярдоо жана сатуу
8. Ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын жүргүзүү жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Халал" сертификатын бергенден кийин продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүy катышуучулары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы СМБга продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн контролдук (идентификациялык) белгисин алууга кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы СМБ продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусунун арызына ылайык контролдук (идентификациялык) белгини даярдоого суроо-талап жөнөтөт. Маркалоонун маалыматтык ресурсун даярдоо жана ишке ашыруу эмитент тарабынан ишке ашырылат.
9. Маркалоонун маалыматтык ресурсун алуу үчүн "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруунун катышуучулары эмитент менен келишим түзүшөт жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы СМБга контролдук идентификациялык белгилерди даярдоо жана берүү жөнүндө арыз беришет.
10. Маркалоонун маалыматтык ресурсуна берилүүчү маалыматтар (арыздар) "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга катышуучулар тууралуу төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган тизмеге ылайык түзүлөт жана берилет:
1) www.adal.kg веб-сайтында жайгашкан маркалоонун маалыматтык ресурсуна шилтеме;
2) маркалоо колдонулган продукциянын аталышы;
3) бренд (бар болсо);
4) өндүрүүчү юридикалык жактын аталышы;
5) импортер - компания;
6) жасалган өлкө;
7) даярдалган күнү;
8) өлчөө бирдиги;
9) өндүрүүчүнүн дареги;
10) контролдук (идентификациялык) белгинин номери;
11) ыктыярдуу сертификациялоо системасын жүргүзүү жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген "Халал" стандарттарына шайкештик сертификаты;
12) жарактуулук мөөнөтү;
13) "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгаруу ыкмасы (Кыргыз Республикасына алынып келген жана (же) Кыргыз Республикасында жасалган);
14) даттануу жана сунуштар үчүн телефон, колл-центр;
15) упаковкаланган тамак-аш продукциясынын маркасында кошумча маалыматтар, анын ичинде тамак-аш продукциясы өндүрүлгөн жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документ, тамак-аш продукциясынын аталышы, товардык белгиси жөнүндө маалыматтар, товардык белгиге карата өзгөчө укуктун ээси тууралуу маалымат, тамак-аш продукциясы жасалган жердин аталышы, лицензиардын аталышы жана жайгашкан жери, ыктыярдуу сертификациялоо системасынын белгилери көрсөтүлүшү мүмкүн.
11. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы СМБ арызды түшкөн күндөн тартып 5 иш күндөн ашпаган мөөнөттө карайт. Эгер арыз жактырылган болсо, контролдук (идентификациялык) белгини жасоо үчүн аны эмитентке электрондук түрдө жиберет жана маркалоонун маалыматтык ресурсуна жазат.
12. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде арыз ээси жөнүндө иштеп жаткан юридикалык жак катары маалымат жок болсо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы СМБ арызды аткаруудан баш тартат.
13. Эмитент алыш-бериш эсебине заказдын акысы түшкөн күндөн тартып жети иш күндөн ашпаган мөөнөттө контролдук идентификациялык белгилерди контролдук (идентификациялык) белгинин мүнөздөмөсүнө (өлчөмү, корголушу, өңү ж.б.), аны коюу тартибине жана контролдук (идентификациялык) белгилердеги камтылган маалыматтын түзүмүнө жана форматына болгон талаптарга ылайык контролдук идентификациялык белгилерди даярдайт жана анын даяр болгондугу тууралуу арыз ээсине билдирет.
14. "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучусу ал продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу үчүн ички жана тышкы рынокко сунуштаганга чейин башка контролдук (идентификациялык) белгиси же тастыкталбаган башка маркалоосу бар болсо, мындай товарларды жаңы контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалайт жана маркалоонун маалыматтык ресурсуна маалыматтарын берет.
Контролдук идентификациялык белгилерди башка жактарга өткөрүп берүүгө болбойт.
4. "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү контролдук идентификациялык белгилер менен маркалоо тартиби
15. "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары эмитенттен контролдук (идентификациялык) белгилерди алгандан кийин, "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү маркалашат жана маркалоонун маалыматтык ресурсуна ушул Тартипке ылайык өз алдынча маалымат беришет.
16. Кыргыз Республикасынын аймагында "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүшкөн "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары, ошондой эле жеке ишкер болбогон жеке жактардан алынган продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучу (өткөрүүчү) "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары (жеке ишкер болбогон жеке жактар мурда сатып алышып жана кайра өткөрүшкөн "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдөн башкасын) "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү маркалашат. Маркалоону алганда "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучусу жөнүндө маалыматтар маркалоонун маалыматтык ресурсуна ушул продукция (сатуу) өткөрүү үчүн рынокко чыгарылганга чейин киргизилет.
17. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде "Халал" стандарты боюнча өндүрүлгөн продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу аны Кыргыз Республикасынын рыногуна чыгарганга чейин ыктыярдуу маркалоого тийиш.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жана үчүнчү өлкөлөрдө жасалган жана алардын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келген продукция ыктыярдуу маркаланууга тийиш.
Мында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы СМБ продукцияны жүгүртүүнүн катышуучусу ушул Тартипте белгиленген, ошондой эле продукциянын шайкештиги боюнча техникалык регламенттер мыйзамында белгиленген бардык ченемдерден өткөрүлүшүнө кепил болот.
18. Ушул Тартип күчүнө киргенде продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин маркалоо жол-жобосунан өтүүнү каалаган "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн бардык катышуучулары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы СМБ маалыматтык ресурстук борборуна ушул Тартипке ылайык бекитилген үлгүдөгү контролдук (идентификациялык) белгилер түрүндө продукцияга коюлуучу маркалоону колдонууга киргизүүгө жөнүндө билдирүү жиберишет.
5. "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоо чөйрөсүндөгү контроль
19. Маркалоонун маалыматтык ресурсуна берилүүчү маалыматтардын өз убагында берилишин жана тууралыгын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы СМБ камсыздайт.
20. Кыргыз Республикасынын аймагында "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жүгүртүлүшүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция контролдошот.
21. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жүгүртүлүшүн контролдоочу региондук өкүлчүлүктөрүнүн иштерин координациялоо "Халал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүү жөнүндө маалыматтарды берүү жана чогултуу, ошондой эле "Халал" продукциясына жана кызмат көрсөтүүлөргө карата жүргүзүлүүчү контролдук (көзөмөлдөөчү) иш-чаралардын жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды жыйноо аркылуу ишке ашырылат.