Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-июну № 350
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 610 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу регенерациялануучу кагазга жана картонго (макулатурага жана таштандыларга) ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 Чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планын ("жол картасын") ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 610 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу регенерациялануучу кагазга жана картонго (макулатурага жана таштандыларга) ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү чийки зат ресурстары менен камсыздоо, өндүрүшкө дем берүү жана даяр продукцияны экспорттоону көбөйтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
- 1 жана 2-пункттарындагы "ТН ВЭД" деген аббревиатуралар "ТН ВЭД ЕАЭС" деген аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "алар жиберилүүчү өлкөгө карабай" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык союзунун бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгарылууда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансылык полиция), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатураны жана таштандыларды) контрабандалык ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.".
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Т. А. Сариев |