Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 24 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги (мындан ары - Министрлик) төмөнкү жаатта мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп саналат:
- инвестициялар;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу;
- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын банкроттугу чөйрөсүндөгү саясаттан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жана анын алдын алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүүнүн өзгөчө (атайын) режимине ээ болгон эркин жана башка экономикалык аймактарды өнүктүрүү.
2. Министрлик Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин укук мураскери болуп саналат.
3. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү мыйзамдарды, улуттук программаларды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
4. Министрлик өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ачык-айкындуулуктун жана маалыматка эркин жетүүнүн негизинде координациялоо функцияларын, аналитикалык жана консультациялык колдоону өз алдынча жана көз карандысыз ишке ашырат.
5. Министрлик өз ишин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес коомдоштук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен кызматташтыкта жүргүзөт.
6. Министрлик юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү бар. Министрлик өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
7. Министрликтин обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында жана банк мекемелеринде өз алдынча балансы, алыш-бериш жана башка эсептери, анын ичинде валюталык эсептери бар, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарга ээ боло алат жана сотто доогер жана жоопкер катары чыга алат.
8. Министрликтин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство инвестиций Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "Ministry of Investments of the Kyrgyz Republic".
9. Министрликтин кыскартылган фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "ИМ";
расмий тилде: "МИ".
10. Министрликтин жайгашкан жери: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 8/1.
2. Министрликтин максаттары
11. Министрликтин максаттары Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү аркылуу жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү, мамлекеттик мүлктү, банкроттук процессте түзүлүүчү инвестициялык жагымдуу активдерди натыйжалуу пайдалануу, инвесторлорго жардам берүү жана колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүүнүн өзгөчө (атайын) режимине ээ болгон эркин жана башка экономикалык аймактарды өнүктүрүү. .
3. Министрликтин милдеттери
12. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана инвестициялык активдүүлүктү өбөлгөлөө;
- эки тараптуу жана көп тараптуу форматта эл аралык экономикалык жана финансылык институттар, чет өлкөлүк өкмөттүк, финансы уюмдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү, эл аралык уюмдардын жана фонддордун долбоордук (тематикалык) инвестицияларын тартууга көмөктөшүү;
- инвестициялык долбоорлорду, анын ичинен мамлекеттик активдердин, банкроттук процессте түзүлүүчү инвестициялык жагымдуу активдердин, инвестициялык ижара, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу механизминин базасында жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүнө системалуу мониторинг жүргүзүүнүн негизинде өлкөнүн экономикасына тартылуучу чет өлкөлүк инвестицияларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүүнүн өзгөчө (атайын) режимине ээ болгон эркин жана башка экономикалык аймактарды өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүргүзүүдө келип чыгуучу инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүгө көмөктөшүү;
- мамлекеттик мүлктү талаптагыдай эсепке алууну жана инвентаризациялоону, мамлекеттик ишканаларда жана мамлекеттин үлүшү бар чарбалык субъекттерде корпоративдик башкарууну координациялоо.
4. Министрликтин функциялары
13. Министрлик жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
а) тармактык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу функциялары:
- инвестициялык иш, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, Министрликтин компетенциясына кирген максаттар жана милдеттер боюнча башка мамлекеттик органдар тарабынан демилгеленүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун карайт жана корутунду берет;
- ата мекендик ишканаларга инвесторлорду табууга жана алар менен инвестициялык келишимдерди түзүүгө көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууга тартуу максатында потенциалдуу чет өлкөлүк инвесторлор, ошондой эле ата мекендик ишканалар менен байланыш түзүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышуу боюнча чараларды көрөт;
- инвестициялык саясаттын артыкчылыктарына жараша инвесторлорду максаттуу издөөнү жүргүзөт;
- инвестициялык долбоорлорду демилгелөө боюнча сунуштарды иштеп чыгат, республикалык бюджеттен каржылануучу, капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзөт;
- инвестициялык долбоорлордун экономикалык максатка ылайыктуулугун баалайт, андан кийин алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйынтыктардын экономикалык натыйжалуулугун баалайт;
- инвесторлор үчүн "бирдиктүү терезе" принцибин илгерилетүү боюнча саясатты ишке ашырат;
- инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга инвестициялык аянтчаларды жана жардам көрсөтүүнү уюштуруу боюнча эл аралык донордук уюмдар жана чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр менен өз ара аракеттенет жана көмөк көрсөтөт;
- чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө жакшы эл аралык тажрыйбаны киргизет, ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн потенциалын консолидациялайт;
- эл аралык уюмдардын жана фонддордун долбоордук (тематикалык) инвестицияларын тартуу үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана институттар, кызыкдар коммерциялык эмес уюмдар, бизнес түзүмдөрү менен өз ара аракеттенет;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөө жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик өнөктөш катары аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- инвестициялык потенциалды издөө, инвестициялык ишти кеңейтүү боюнча республиканын региондоруна талдоо жүргүзөт;
- компетенттүү жана талап кылынган чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, бизнес өкүлдөрү жана инвесторлор үчүн инвестициялык виза режимин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- мамлекеттин инвестициялык потенциалын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын союздарга жана программаларга мүчөлүгүн баалайт жана талдайт;
- капиталдаштыруу, активдердин өтүмдүүлүгү, тажрыйбасы жана репетициясы (компаниялардын рейтингдери) боюнча инвестициялык долбоорлорго экспертиза жүргүзөт;
- тиешелүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштеп жаткан жана потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү уюштурат жана жүргүзөт, инвестициялык макулдашуу түзөт;
- инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери жана долбоорлору, мамлекеттик активдерди, банкроттук процессте түзүлүүчү инвестициялык жагымдуу активдерди, инвестициялык ижараны, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууну пайдалануу механизмдери жөнүндө маалыматтарды потенциалдуу инвесторлордун жана башка кызыкдар тараптардын арасында жайылтат;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү келишимдерди жана макулдашууларды түзөт, ошондой эле алар боюнча зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзөт;
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун ишин координациялайт;
- инвестициялык долбоорлор, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча макулдашууларды жана келишимдерди түзүү, натыйжалуулугуна, экономикалык максатка ылайыктуулугуна, ишке ашырылышына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигине карата мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча сунуштарга экспертиза жүргүзөт;
- мамлекеттик турак жай жана жер фонддорунан жана жаратылыш ресурстарынан тышкары, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- мамлекеттин үлүшү бар мамлекеттик ишканаларда жана чарбалык субъекттерде корпоративдик башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү үчүн мамлекеттик мүлктүн тизмесин түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун жана башка инвестициялык долбоорлорду демилгелөө үчүн мамлекеттик менчик объекттеринин тизмесин түзөт;
- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын банкроттугу чөйрөсүндөгү саясаттан тышкары, банкроттук жана анын алдын алуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүүнүн өзгөчө (атайын) режимине ээ болгон эркин жана башка экономикалык аймактарды өнүктүрүү жана алардын иштеши боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
б) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары;
- инвестициялык долбоорлорду, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун жана башка инвестициялык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлор менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, алардын чечимдеринин объективдүүлүгүн жана мыйзамдуулугун инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо позициясында талдайт;
- инвестициялык циклдин ар бир этабында инвесторлорду коштоо боюнча ишти уюштурат, бюрократиялык көрүнүштөргө жол бербөө, анын ичинен инвестициядан кийинки мезгилде да жол бербөө бөлүгүндө келип чыккан уюштуруу маселелерин чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликтин компетенциясына кирген келишимдерди жана макулдашууларды түзүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун чечимдеринин аткарылышын контролдойт жана мониторинг жүргүзөт;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу жана банкроттук жана аны алдын алуу жаатындагы функциялардын аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзүүнүн өзгөчө (атайын) режимине ээ болгон эркин жана башка экономикалык аймактарды өнүктүрүү жаатында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;
в) колдоо функциялары;
- сатуу же инвестициялык ижара жана ишенимдүү башкаруу келишимдери жана башка жарандык-укуктук келишимдер боюнча берүү үчүн инвесторлордун, инвестициялык долбоорлордун, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун, мамлекеттик мүлктү пайдалануучулардын, банкроттук процессте түзүлүүчү инвестициялык жагымдуу активдердин маалыматтар базасын түзөт;
- "бирдиктүү терезе" принциби боюнча инвесторлор менен өз ара аракеттенет;
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана шарттар жөнүндө маалыматты даярдайт жана жайылтат;
- Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштарды иштеп чыгат;
- инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун, анын ичинде Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун, башка эл аралык уюмдардын жана фонддордун каражаттарынын эсебинен демилгелөө жөнүндө сунуштарды даярдоо үчүн көз карандысыз консультанттарды тартат;
- конкреттүү ишке карата юридикалык, экономикалык жана башка маселелер боюнча потенциалдуу инвесторлорго консультация берет;
- ишти жүргүзүүгө уруксат берүү тартибине байланыштуу инвесторлорго керектүү маалыматтарды берет жана тийиштүү жардам көрсөтөт;
- кызыкдар жактарга Кыргыз Республикасында иштеп жаткан жана потенциалдуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору жөнүндө маалымат берет;
- мамлекеттик өнөктөштөргө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун издөө, демилгелөө, ишке ашыруу жана коштоо маселелери боюнча консультация берет;
- жергиликтүү базарда жана чет өлкөлөрдүн базарларында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун илгерилетүү боюнча мамлекеттик өнөктөштөргө колдоо көрсөтөт;
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо боюнча фонддун ишине методикалык, уюштуруучулук жана башка колдоо көрсөтөт, жогоруда аталган Фонддун кароосуна түшкөн документтерге экспертиза жүргүзүүгө катышат;
- негизги фонддорду технологиялык жаңылоо жана инновациялык продукцияны өндүрүү үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшөт;
- иштеп жаткан жана потенциалдуу инвесторлордун, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашууларынын, мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдеринин, мамлекеттик мүлктүн инвестициялык ижара келишимдеринин, банкроттук процессинде түзүлүүчү инвестициялык жагымдуу активдерди сатып алуу-сатуу келишимдеринин, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимдеринин, башка келишимдердин тараптарынын проблемаларын алардын мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы расмий өкүлчүлүгү аркылуу чечүүгө көмөк көрсөтөт, эгерде алар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын жана өкүлдөрүнүн мыйзамсыз же тоскоолдук келтирген иш-аракеттерине туш болушса;
- инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга байланышкан консультацияларды, жолугушууларды, конференцияларды, семинарларды, форумдарды, коомдук талкууларды жана башка уюштуруучулук жана маалыматтык иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- мамлекеттик мүлктү пайдалануу, банкроттук жана анын алдын алуу маселелерин маалыматтык чагылдырууну жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан келип чыгуучу башка функцияларды аткарат.
5. Министрликтин укуктары
14. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
- Министрликтин иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын багыттары боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- белгиленген тартипте келишимдик негизде эл аралык жана кредиттик уюмдарды, фонддорду жана башка юридикалык жактарды инвестициялык долбоорлор, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору жана инвестициялык ишти өнүктүрүүнүн максаттуу программалары боюнча каржылоо, кредиттөө, кепилдиктерди берүү үчүн тартууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча иш жүргүзгөн эл аралык уюмдар жана институттар, ошондой эле коомдук коммерциялык эмес уюмдар жана башка бирикмелер, ассоциациялар жана фонддор менен кызматташууга, анын ичинен илимий жана изилдөө иштерин жүргүзүүгө тартылган эксперттердин жана консультанттардын ишин каржылоо үчүн кызматташууга;
- жумуштарды аткарууга заказдарды жайгаштырууда мамлекеттик заказчы катары чыгууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан керектүү маалыматтарды суроого жана алууга;
- белгиленген тартипте өз компетенциясынын чегинде бүтүмдөрдү жасоого;
- материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү сатып алуу боюнча жеке жана юридикалык жактар менен накталай эмес жана накталай эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- кызматкерлерди конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн, анын ичинен чет мамлекеттердин аймагына командировкага жиберүүгө;
- кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында, анын ичинен Министрликтин каражаттарынын эсебинен окутууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча консультация берүү үчүн эксперттерди, адистерди жана консультанттарды, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартууга, Министрликтин кызматкерлерин окутууга жана түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде башка кызматтарды көрсөтүүгө;
- подряддык келишимдердин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жумуштарды аткарууга жеке жана юридикалык жактарды тартууга;
- эл аралык уюмдардан, институттардан жана донор өлкөлөрдөн гранттарды жана техникалык жардамдарды алууга;
- өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк инвесторлор менен өз ара аракеттенүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
15. Министрликтин өзүнө бекитилген мүлктү жана сметага ылайык ага бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлктү ээликтен ажыратууга же башка жол менен тескөөгө укугу жок.
6. Министрликтин ишин уюштуруу
16. Министрликтин ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу министр жетектейт.
17. Министрликте статс-катчынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
Статс-катчыны кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.
Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз министрге баш ийишет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурушат.
18. Министрликтин алдында бир катар ведомстволук бөлүмдөр, мамлекеттик мекемелер жана эркин экономикалык аймактар иштешет.
19. Министр жок учурда анын милдеттерин министрдин орун басарларынын бири аткарат.
20. "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин жана эркин экономикалык аймактардын кызматкерлеринен тышкары, Министрликтин кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
21.Министр:
- Министрликтин ишин жалпы жана күнүмдүк жетектөөнү ишке ашырат;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана ишканалар, чет мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар жана эл аралык финансы институттары менен болгон мамилелерде Министрликтин атынан чыгат, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
- белгиленген тартипте эл аралык. келишимдерге, инвестициялык макулдашууларга, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу боюнча макулдашууларга жана келишимдерге, ошондой эле өзүнүн компетенциясына кирген башка келишимдерге жана документтерге кол коёт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Министрликтин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна ведомстволук бөлүмдөр жөнүндө жоболордун жана мамлекеттик ишканалардын уставдарынын долбоорлорун берет;
- белгиленген тартипте Министрликтин компетенциясынын чөйрөсүнө кирген ведомстволук бөлүмдөрдүн, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;
- директорлор кеңешинин, жеке аткаруу органынын мүчөлөрүн же коллегиялык аткаруу органынын, Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине киргизилген, акциялардын контролдоочу мамлекеттик пакети бар чарбалык коомдордун жетекчисин, жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна шайлоого көрсөтүлгөн талапкерлерди макулдашат;
- министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача тартип каралбаса, Министрликтин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөртүүгө мүмкүн болгон Министрликтин борбордук аппаратынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет;
- белгиленген чектүү штаттык сандын чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн штаттык расписаниесин бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону, Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- департамент түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрдөн тышкары, мамлекеттик кызматчы статусуна ээ болгон ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчисинин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунушту белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизет;
- статс-катчынын сунушу боюнча департамент түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчисинин орун басарларын, ошондой эле борбордук аппараттын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин сунушу боюнча мамлекеттик кызматчы статусуна ээ болбогон жетекчилердин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Министрликтин бардык кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
- Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобону бекитет;
- Министрликке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Министрликтин мүлкүн жана каражаттарын белгиленген тартипте башкарат;
- Министрликтин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга белгиленген тартипте көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Министрликтин ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
22. Статс-катчы, министрдин орун басарлары министр тарабынан алардын карамагына кирген маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алышат, тескеген иш багыттары боюнча ишти уюштурушат.
23. Министрликте курамы жети адамдан кем болбогон коллегия түзүлөт. Кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп министр, статс-катчы жана министрдин орун басарлары саналат. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү кирет. Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тескеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет. Министр кызмат орду боюнча коллегиянын төрагасы болуп саналат.
24. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында Министрликтин Коомдук кеңеши белгиленген тартипте түзүлөт жана иштейт, ал коомдук башталышта иштеген консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
25. Ведомстволук бөлүмдөр өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген жоболорго ылайык өз алдынча жүргүзүшөт жана түздөн-түз Министрликке баш ийишет.
7. Финансылык жана чарбалык иш
26. Министрлик өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөрдү колдонот:
- ыкчам башкаруу укугунда ага бекитилип берилген, мамлекеттин менчигиндеги мүлктү;
- финансылык каражаттарды, мүлктү жана башка объекттерди, анын ишинин натыйжасы болгон интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгектин продуктулары түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
27. Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
8. Корутунду жоболор
28. Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
29. Министрликтин ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат жана сакталат.