Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 24 апрели УӨ № 18
"Жарташ Южный" ЖАКсына тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө
Өздөрүнө менчик укугунда таандык болгон "Утес" пансионатын М.Бакиевдин адамдары тарабынан рейдердик басып алуусу, аны "Жарташ Южный" ЖАКсына кайра каттаганы жана анын күрөөсүнө "АзияУниверсалБанктан" 130 млн. сом өлчөмүндөгү кредит алгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын жараны Н.Г.Сиротинанын жана Россия Федерациясынын жараны Ю.Г.Элькиндин арызын эске алып, менчик ээлерин коргоону камсыз кылуу максатында "Юридикалык жактарда тышкы башкаруу жол-жобосун киргизүү жөнүндө" Декретке ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:
1. "Жарташ Южный" ЖАКсына тышкы башкаруу киргизилсин.
2. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн жана материалдык-техникалык камсыз кылуусун белгилөө менен тышкы башкаруучуну дайындоо укугу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине берилсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |