Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-декабры № 824
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаменти жөнүндө жободо:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Департамент өз ишин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.";
- 6-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- дары-дармек каражаттары жана медициналык техника жаатындагы программаларды иштеп чыгууга катышат;";
он бешинчи жана он алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- дары-дармек каражаттарын жана медициналык техниканы жүгүртүү жана чыгаруу тартибин регламенттештирүүчү ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- дары-дармек каражаттарына жана медициналык техникага мамлекеттик жана тармактык стандарттарды, техникалык шарттарды, нускамаларды иштеп чыгууга катышат;";
он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү, даярдоо жана сатуу менен алектенген юридикалык жана жеке жактардын иштерин лицензиялоону ишке ашырат;";
- 10-пунктунда:
бешинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын ЭМКга ылайык" деген сөздөр жана аббревиатура "Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 11-декабрында № 119 жарыяланды
Премьер-министри | Т.Сариев |