Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-декабры № 866
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-апрелиндеги
№ 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы тѳлѳѳнγн шарттары жѳнγндѳ" токтомуна ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Сортторду сыноо жана ѳсγмдγктѳрдγн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борборунун мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жумушчуларына эмгек акы тѳлѳѳ шарттарын тартипке келтирγγ максатында, "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы тѳлѳѳнγн шарттары жѳнγндѳ" токтомуна тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγ киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- "Сортторду сыноо жана ѳсγмдγктѳрдγн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбор" деген 3-главасы тѳмѳнкγдѳй редакцияда баяндалсын;
«
3. Сортторду сыноо жана ѳсγмдγктѳрдγн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбор | ||
18 | Директор | 11000 |
19 | Директордун орун басары | 10000 |
20 | Башкы бухгалтер | 8500 |
21 | Башкы агроном, башкы агроном-биолог | 8400 |
22 | Башкы инженер | 8400 |
23 | Лабораториянын башчысы | 7000 |
24 | Башкы адис | 6500 |
25 | Жетектѳѳчγ адис, мамсортучастоктун башчысы | 6200 |
26 | Адис, агроном | 5800 |
».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 29-декабрында № 124 жарыяланды
Премьер-министр | Т.А. Сариев |