Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-марты № 181
"Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-декабрындагы № 229 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматына "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн куруу мезгилине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу "Карамык-автожолу" эки тараптуу өткөрүү пунктунан "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүнүн линиялык бөлүгүн куруу боюнча долбоорду (мындан ары - долбоор) ишке ашырууга тартылган чет өлкөлүк адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана башка мүлктөрдү өткөрүүгө уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана долбоорду ишке ашырууга тартылган уюмдар (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу "Карамык-автожолу" эки тараптуу өткөрүү пунктунан өтө турган чет өлкөлүк адамдар, унаа каражаттары, жүктөр, товарлар жана башка мүлктөр боюнча өз ара маалымат алмашуу механизмин иштеп чыгышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы долбоорду ишке ашыруу боюнча Макулдашуунун шарттарына ылайык жабдуулардын жана материалдардын артыкчылык тартибинде бажылык таризделишин камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте долбоорду ишке ашыруу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн:
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана ажыратылгыс жүк салынган унаа каражаттарын, өзү жүрүүчү машиналарды жана механизмдерди тоскоолсуз өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жабдууларды жана материалдарды жүк ташуучу автоунаа менен тоскоолсуз ташууга.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы долбоорду ишке ашырууга тартылган чет өлкөлүк адамдардын тиешелүү документтерин артыкчылык тартибинде кароону жана тариздөөнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 2014-жылга жана долбоорду ишке ашырууну эске алуу менен кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны кайра бөлүштүрүүнү жана түзүүнү ишке ашырсын.
7. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте долбоорду ишке ашырууда Кытай Улуттук Мунайгаз Корпорациясынын алдындагы (CNPC) "Trans-Asia Gas Pipeline Company Limited" компаниясына көмөк көрсөтүшсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кытай Улуттук Мунайгаз Корпорациясынын алдындагы (CNPC) "Trans-Asia Gas Pipeline Company Limited" компаниясына долбоорду долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди жүргүзүүгө уруксат берсин.
9. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө карата долбоордун ишке ашырылышын камсыз кылсын.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 28-мартында № 22 жарыяланды
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрдин, милдетин аткаруучу Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Дж.К.Оторбаев |