Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 5-августу № 112
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Орто-Коргон участогунун аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасында "Борбордук Азия газ өткөргүчүнүн" D тарамын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 28-майындагы № 03/575 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 31-майындагы № 99 тескемесин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Орто-Коргон участогунун аймагында жайгашкан жана мамлекеттин менчигинде турган № 147 контурдагы 0,37 га сугат айдоо жери газ өткөргүчүн жана анын курулмаларын куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 10-августундагы № 86 жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |