Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 108 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жана Министрликтин чечимдерин жетекчиликке алат.
3. Агенттик мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында иштеген юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ жана өзүнө бекитилген мүлккө ыкчам башкарууну жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен башка мөөрлөрү, штамптары, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш, күнүмдүк жана башка эсептери бар.
4. Агенттиктин мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилген.
5. Агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин укук мураскору болуп саналат.
6. Агенттиктин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик";
- расмий тилде: "Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики".
7. Агенттиктин юридикалык дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17.
2-глава. Агенттиктин максаты жана милдеттери
8. Агенттиктин ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасында жаштардын потенциалын өнүктүрүү жана ишке ашыруу, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү эсептелет.
9. Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо;
2) өлкөнүн калкына дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн шарттарды түзүү жана андан ары өркүндөтүү;
3) өлкөнүн эл аралык спорттук кадыр-баркын калыптандыруу жана чыңдоо;
4) мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга жаштардын түздөн-түз катышуусун камсыз кылуу жана алардын коомдук маанилүү жана инновациялык демилгелерин колдоо;
5) коомдун кызыкчылыгы үчүн жаштардын экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу.
3-глава. Агенттиктин функциялары
10. Агенттик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу маселелери боюнча сунуштарды Министрликтин кароосуна киргизет, аларды ишке ашырууну камсыз кылат;
- жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана Министрликке киргизет.
2) жөнгө салуу функциялары:
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык жана коомдук уюмдар менен белгиленген тартипте консультацияларды, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана өз ара аракеттенүүнү уюштурат;
- мамлекеттик спорт мектептерине белгиленген тартипте олимпиадалык резерв статусун ыйгарат;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык республикалык дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу, спорттук иш-чаралардын, эл аралык мелдештердин жана окутуу-машыгуучу жыйындардын календарлык планын иштеп чыгат жана бекитет;
- квалификациялык судьялык категорияларды ыйгаруу андан жана ажыратуу жөнүндө жоболорду иштеп чыгат;
- федерациялардын жана кызыкдар спорттук уюмдардын сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү спорттук классификациясын иштеп чыгат жана бекитет;
- спорттук иш-чараларды жана спорттун түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүү регламенттерин иштеп чыгат жана бекитет;
- спорттук наамдарды жана квалификациялык судьялык категорияларды белгиленген тартипте ыйгарат жана андан ажыратат;
- спорттун түрлөрү боюнча келечектүү спортчуларды резервге кабыл алуунун жана даярдоонун планын аныктайт жана бекитет;
- Спорттун жана спорттук дисциплиналардын түрлөрүнүн улуттук реестрин белгиленген тартипте жүргүзөт;
- педагогикалык жана окутуу-машыктыруу ишин кесиптик жүргүзгөн адамдарды белгиленген тартипте эсептик каттоого алат.
3) мониторинг жүргүзүү жана контролдоо функциялары:
- спортто допингдик препараттарды колдонууга каршы белгиленген тартипте иш жүргүзөт;
- жаштар, дене тарбия жана спорт маселелерин чечүүдө кызыкдар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жөнүндө Министрликке сунуш киргизет;
4) колдоо функциялары:
- спорттук сыйлоо атрибуттарын иштеп чыгат жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кадрдык саясатты ишке ашырат;
- спорттун түрлөрү боюнча окутуу-машыктыруу жыйындарын белгиленген тартипте уюштурат жана өткөрөт;
- эл аралык мелдештерге спортчулардын жана расмий өкүлдөрдүн катышуусун камсыз кылат;
- спорттун түрлөрү боюнча улуттук рекорддорду белгиленген тартипте бекитет;
- спорттун түрлөрү боюнча дүйнөнүн, Азиянын чемпионаттарына, олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдолимпиадалык, азия оюндарына жана башка эл аралык мелдештерге спорттук резервди, улуттук курама командаларды даярдоо боюнча иш жүргүзөт;
- бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен жаштар чөйрөсүнүн, дене тарбия жана спорт чөйрөсүнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрөт;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын дене тарбия машыгууларына жана волонтердук ишке тартуу боюнча иш жүргүзөт;
- жаштар, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча методикалык жана консультациялык жардамдарды көрсөтөт;
- жаштар, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт;
- жаштар, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн, ошондой эле илимий изилдөөлөрдү жана өз ишинин чөйрөсүндө иштеп чыгууларды жүргүзүүгө мамлекеттик заказды ишке ашырат;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышат;
- жаштар, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө байланышкан эл аралык, республикалык, региондук жана жергиликтүү иш-чараларды белгиленген тартипте уюштурат жана өткөрөт;
- дилгир, таланттуу балдарга жана жаштарга колдоо көрсөтүүгө көмөктөшөт.
4-глава. Агенттиктин укуктары
11. Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Министрликке Агенттиктин карамагындагы мекемелерди түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) спортчулар, машыктыруучулар жана адистер, анын ичинде чет өлкөлүк адистер менен келишимдерди (контракттарды) түзүүгө;
3) коомдук, жаштар жана спорт уюмдары, эл аралык уюмдар жана башка уюмдар менен өз ара кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
4) мелдештер менен конкурстардын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоого;
5) Агенттиктин кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын уюштурууга;
6) Агенттиктин карамагындагы аймактык органдар, мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон ведомстволук ички актыларды кабыл алууга;
7) Агенттиктин ишинин маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын тартууга;
8) бюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды басып чыгарууга;
9) мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акысыз жана акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
10) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
11) Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча конкурстарды, кеңешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө, жарнамалык-басылма ишин жүргүзүүгө.
5-глава. Агенттиктин ишин уюштуруу
12. Агенттиктин иши Министрлик тарабынан координацияланат жана контролдонот. Агенттиктин түзүмү Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри (мындан ары - министр) тарабынан бекитилет.
13. Агенттикти министрдин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу министрдин орун басары - директор жетектейт.
14. Министрдин орун басары - директор:
1) Агенттиктин ишине жалпы жетекчилик кылат;
2) Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана Агенттиктин функцияларынын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
3) аймактык органдардын түзүмүн жана штаттык санын иштеп чыгат жана министрдин бекитүүсүнө киргизет;
4) бекитилген жалпы сандын жана эмгек акы фондунун чегинде борбордук аппараттын, аймактык органдардын штаттык расписаниесин иштеп чыгат жана министрдин бекитүүсүнө киргизет;
5) Агенттиктин карамагындагы аймактык органдар жана мекемелер жөнүндө жоболорду иштеп чыгат жана министрдин бекитүүсүнө киргизет;
6) Агенттиктин карамагындагы мекемелердин түзүмүн жана штаттык санын иштеп чыгат жана министрдин бекитүүсүнө киргизет;
7) борбордук аппараттын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
8) Агенттиктин аймактык органдарынын жетекчилерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
9) Агенттиктин карамагындагы мекемелердин жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча министрге сунуштамаларды киргизет;
10) Агенттиктин карамагындагы аймактык органдар, мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон буйруктарды жана башка ведомстволук актыларды чыгарат жана өзүнүн компетенциясынын чегинде алардын аткарылышын контролдойт;
11) бюджеттик каражаттарды пайдаланууну контролдойт;
12) Агенттиктин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот.
15. Министрдин орун басары - Агенттиктин директорунун орун басары болот. Директордун орун басары директордун сунушунун негизинде министрдин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
6-глава. Кайра уюштуруу же жоюу
16. Агенттикти кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
17. Агенттиктин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ