Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 29-январы № 28
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылдык кеңешинин кайрак айдоосун жайытка которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылдык кеңешинин Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 3,2 га кайрак айдоосун жайытка которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министри |
| И.Чудинов |