Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 29-январы № 31
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин имаратын реконструкциялоо жана жаңы экспозицияларды түзүү жөнүндө
Кыргызстан элинин маданий-тарыхый баалуулуктарын сактоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде топтолгон маданий мурас эстеликтеринин маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2008-2010-жылдарда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине (мындан ары - музей) капиталдык ремонт, имаратты реконструкциялоо жүргүзүлсүн жана жаңы экспозициялар түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:
- Имаратка капиталдык ремонт жана реконструкция жүргүзүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- музейдин экспозицияларын илимий-көркөм жасалгалоого сынак жарыяласын;
- 2008-жылдын 1-февралына чейин имаратка капиталдык ремонт, реконструкциялоо жүргүзүүгө жана музейдин жаңы экспозицияларын түзүү боюнча илимий концепцияны иштеп чыгууга чыгымдардын сметасын бекитсин;
- реэкспозиция жүргүзүү мезгилинде келүүчүлөр үчүн музей жабылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигин бюджеттик каржылоонун чегинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине капиталдык ремонт, реконструкция жүргүзүүгө жана жаңы экспозицияларды түзүүгө финансылык каражатты өз учурунда бөлүүнү карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| И.Чудинов |