Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 29-январы № 33
Баткен облустук музыкалык-драма театрын Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Маданий тейлөө системасын андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облустук музыкалык-драма театры Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө Баткен облустук музыкалык-драма театрынын Уставын ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу маселелерин чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен Баткен облустук музыкалык-драма театрын каржылоону камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| И.Чудинов |