Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 22 июлу № 391
Жоюлган облустук билим берүү башкармалыктарынын карамагында турган мурдагы облустук билим берүү уюмдарын каржылоону Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө
Облустук билим берүү башкармалыктарын жоюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жоюлган облустук билим берүү башкармалыктарынын карамагында турган мурдагы облустук билим берүү уюмдарын каржылоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоюлган облустук билим берүү башкармалыктарынын карамагында турган мурдагы облустук билим берүү уюмдарын 2008-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу каржылоо бөлүгүнө белгиленген тартипте тиешелүү өзгөртүү киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |