Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 431 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 18-августу № 141
Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 298 токтомунун редакциясына ылайык)
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мурда пайдаланылган, алып жүрүүчүлөргө салынган, ЕАЭБ ТЭИ ТН 3815 товардык позициясындагы катализаторлорду; металлдарды камтыган, металлды бөлүп алуу үчүн же химиялык реагенттерди өндүрүү үчүн гана жарактуу болгон, иштетилген катализаторлордогу, ЕАЭБ ТЭИ ТН 2620 товардык позициясындагы шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды; иштетилген катализаторлордо камтылган, негизинен баалуу металлдарды бөлүп алуу үчүн пайдаланылуучу, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7112 товардык позициясындагы палладийдин, родийдин жана платинанын калдыктарын жана сыныктарын; ЕАЭБ ТЭИ ТН 8708 92 товардык позициясындагы катализаторлор болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) 2022-жылдын 13-мартына чейин убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 298 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте:
1) Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине кабарласын;
2) Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын жана Евразия экономикалык бирлигинин бүткүл бажы аймагына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салууну киргизүү жөнүндө сунушту Евразия экономикалык комиссиясынын кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салууну киргизүү жөнүндө кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы:
- товардын аталышын, ошондой эле ТЭИ ТН кодун жетекчиликке алуу менен контроль жүргүзсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 298 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |