Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 17 июну № 308
Кыргыз Республикасынын Китепканалар күнү жөнүндө
Кыргызстандын китепканаларынын республикадагы билим берүүгө, илимге, маданиятка жана информацияга кошкон чоң салымын жана коомдук турмушта алардын ролун андан ары жогорулатуу зарылдыгын эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1902-жылдын 27-майында Кыргызстанда биринчи элдик китепкананын ачылыш мезгилине туура келген күн - 27-май Кыргыз Республикасынын Китепканалар күнү болуп белгиленсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |