Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 13 июну № 295
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын турак жай курулушун өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылдык округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жараны А.Б.Суйменбаевага жеке менчик укугунда таандык 8,28 га сугат айдоону парк багытындагы объекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш пландоочу районунун кеңири пландаштыруунун долбооруна ылайык жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын жараны А.Б.Суйменбаеванын төлөшүн камсыз кылсын;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |