Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 24-майы № 238
Республикалык бюджетте турган облустук маданият жана искусство мекемелерин Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө
Мамлекеттик маданият жана искусство мекемелеринин финансылык иштерин натыйжалуу уюштуруу, ошондой эле алардын бюджеттик каражатты сарамжалдуу пайдаланганына контроль жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Облустук мамлекеттик маданият жана искусство мекемелерин каржылоо республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги аркылуу каржылоого 2008-жылдын 1-июлунан тартып которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |