Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 4-апрели № 124
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин бекитилген штаттык санынын чектеринде түзүмүн жана штаттык расписаниесин өз алдынча аныктоо боюнча экспериментке киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ишмердигин уюштуруу чөйрөсүндө прогрессивдүү ыкмаларды оперативдүү түрдө ишке киргизүүнү камсыздоо максатында, "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин өнүктүрүүнүн Стратегиялык планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 29-январындагы № 50 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын финансы министрине эксперимент катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин системасынын бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык расписаниесин 2012-жылга чейинки мөөнөткө бекитилген штаттык санынын чектеринде өз алдынча аныктоого укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |