Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 13-майы № 213
"Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы N 29 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссиянын жерлерди бир категориядан башкасына же жерлерди бир түрдөн башкага которуу (трансформациялоо) боюнча ишин тартипке келтирүү максатында:
1. "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 токтому менен бекитилген Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Комиссиянын курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Комиссиянын кароосуна материалдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан даярдалаары белгиленсин.";
- 8-пунктта:
экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жерлерди пайдаланууга (жүргүзүүгө) укук берүү (максатын өзгөртүүгө уруксат берүү) жөнүндө өтүнүч каттарды козгоо жана кароо тартиби жөнүндө" 1998-жылдын 27-январындагы № 55 токтому менен бекитилген Жерлерди пайдаланууга укук берүү (максатын өзгөртүүгө уруксат берүү) жөнүндө өтүнүч каттарды козгоо жана кароо тартиби тууралуу жобонун" деген сөздөр "жерди берүү жана которуу боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзац "(корутундусу)" деген сөздөрдөн кийин "же протоколу" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |