Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 13-июну № 304
Электр жана жылуулук энергияларына тарифтер жогорулаган шартта Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө
2008-2012-жылдар мезгилине электр жана жылуулук энергияларына Кыргыз Республикасынын Орто мөөнөттүү тарифтик саясатына ылайык электр жана жылуулук энергияларына тарифтер жогорулаганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги электр жана жылуулук энергияларына тарифтердин жогорулаганын эске алуу менен жарандардын айрым категорияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген жеңилдиктерди берүүнү камсыз кылсын.
2. Облустук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жылуулук энергиясына төлөө боюнча калктын аз камсыз болгон катмарына натыйжалуу көмөк көрсөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджетинде жарандардын айрым категорияларына электр жана жылуулук энергияларына төлөөгө карата жеңилдиктерди берүү боюнча кошумча финансы каражаттарын карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |