Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 18 августу №140
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-декабрындагы № 699 токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-декабрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине үлүштүк куруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-августундагы № 90 жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |