ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 501 «Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өзгөрүшүн эске алуу менен калктын кирешелерин жана аманаттарын индекстөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп эсептөө тууралуу» Кыргыз» Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2008-жылдын 8-сентябры № 501

"Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өзгөрүшүн эске алуу менен калктын кирешелерин жана аманаттарын индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп эсептөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өзгөрүшүн эске алуу менен калктын кирешелерин жана аманаттарын индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп эсептөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

 

Премьер-министр

И.Чудинов

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө

баалардын өзгөрүшүн эске алуу менен калктын

кирешелерин жана аманаттарын индекстөө жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн

жоготту деп эсептөө тууралуу

 

1-статья.

 

Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өзгөрүшүн эске алуу менен калктын кирешелерин жана аманаттарын индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Кыргызстан Республикасынын Жогорку советинин ведомосттору, 1991-ж., N 8, 249-ст.) күчүн жоготту деп эсептелсин.

 

2-статья.

 

Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти