Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 12-сентябры № 511
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентинин 56-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Эмгек жана социалдык өнүктүрүү тармагындагы (калктын жашоо деңгээлин жана кирешелерин, эмгек акыларын жогорулатуу, пенсиялык жана социалдык камсыздоо, эмгек шарттары жана эмгекти коргоо, социалдык өнөктөштүк жана эмгек мамилелери) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен макулдашылат жана министрликтин корутундусу болгондо гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилет."
Премьер-министри | И.Чудинов |