Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-сентябры № 162
Бишкек шаарынын “Маданият” конушунда канализациялык насостук станция куруу үчүн жер участогун Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттин менчигинде турган жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, Бишкек шаарынын “Маданият” конушунун тургундарынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин объекттеринин борбордук канализацияга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 6-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы № 152 “Бишкек шаарынын “Маданият” конушунда канализациялык насос станциясын куруу үчүн жер участокту Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” токтомун көңүлгө алып, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Бишкек шаары, Патрис Лумумба көчөсү, н/ж дареги боюнча жайгашкан, “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкек квартиралык-эксплуатациялык бөлүгү” мекемесинин ыкчам башкаруу укугундагы, мамлекеттин менчигинде турган жалпы аянты 0,712 га болгон жер участогунан өз алдынча бирдикти бөлүп берүү менен аянты 0,0082 га болгон жер участогун (мындан ары – объект) канализациялык насостук станция куруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объект Бишкек шаарынын “Маданият” конушунда канализациялык насостук станция куруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп бериле тургандыгы белгиленсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- өткөрүлүп берилип жаткан объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу жана максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин объекттерин эксплуатацияга берилгенден кийин канализациялык насостук станцияга кошуу мүмкүндүгүн берүү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
- өткөрүлүп берилип жаткан объектти андан ары ээликтен ажыратпоо;
- канализациялык насостук станцияны күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У. А. Марипов |