Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 12-июлу № 71
Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын ташып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын ташып келүүнүн жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерге, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын бөлүштүрүүнүн эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын ташып келүүгө үчүнчү өлкөлөр менен контракттары бар өндүрүүчү ишканалардын, жеткирип берүүчүлөрдүн жана ташып келүүнүн бөлүштүрүлгөн көлөмүнүн тизмесин министрликтин расмий сайтына жайгаштырып турсун;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына төмөнкүлөрдү жиберип турсун:
- ташып келинүүчү ак кантты жана иштетилбеген камыш кантын максаттуу пайдалануу жөнүндө юридикалык жана жеке жактардын милдеттенмесин;
- тарифтик жеңилдикти колдонуу менен ак кантты жана иштетилбеген кантты ташып келүүнүн бөлүштүрүлгөн көлөмү жөнүндө корутундунун көчүрмөсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | У. А. Марипов |