Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 30-июлу № 98
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 1-ноябрындагы № 594 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин камсыздандыруунун тартиби, шарттары жаш кызматтык милдеттерин аткарууда майып же курман болгон учурларында берилүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 1-ноябрындагы № 594 "Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарып жаткан убакта жаракат алган же каза болгон учурларда камсыздоонун, камсыздоо төлөмдөрүн төлөп берүүнүн өлчөмүнүн шарттары, тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 6-августундагы № 85 (3264) жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |