Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 11-марты № 89
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Калкка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы 151 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Милдетүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. ММК Полисинин наркы ушул Жобого тиркелген Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүм төлөнгөн адамдар үчүн ММК Полисинин наркын эсептөөнүн методикасына ылайык эсептелет.";
- 2-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. ММК Полисин сатып алуунун жана берүүнүн тартиби
6. Арыз ээси же анын өкүлү ММК Полисин төмөнкүдөй жолдор менен ала алат:
- паспорт (10-карта) менен ММК Фондунун аймактык башкармалыктарына же Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмуна милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча кайрылуу аркылуу;
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталы же ММК Фондунун расмий сайты аркылуу.
7. ММК Полисин сатып алуу үчүн арыз ээси же анын өкүлү ММК Полисинин наркын Бирдиктүү төлөөчүнүн системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кассасына почталык байланыш ишканалары, банктар аркылуу накталай акча каражаттарын, ошондой эле интернет-банкинг, мобилдик банкинг, электрондук капчык жана маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга негизделген төлөм системалары аркылуу накталай эмес формада төлөйт.
8. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары 3 жумушчу күндүн ичинде:
- ММК Полистерин алууга арыздарды ММК Фондунун аймактык башкармалыктарына берет;
- ММК Полисинин наркы үчүн каражаттарды ММК Фондунун аймактык башкармалыктарынын эсептерине которот.
9. ММК Фондунун аймактык башкармалыктары келип түшкөн арыздарды бир иш күндүн ичинде "ММК полиси" маалымат базасына киргизет.
10. ММК Полиси ММК Фондунун аймактык башкармалыктары тарабынан бир иш күндүн ичинде даярдалат.
11. ММК Фондунун аймактык башкармалыктары ММК Полистерин арыз ээлерине же алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына 5 жумуш күндүн ичинде берет.
12. ММК Полистерин берүү ММК Полистерин алуучулардын аты-жөнүн жана кол тамгаларын көрсөтүү менен ММК Полистерин берүү журналына жазылат.
13. ММК Полисинин колдонуу мөөнөтү ал таризделген күндөн тартып:
- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 12 календардык айга жарактуу болот;
- Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу турган же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар үчүн 6 же 12 календардык айга жарактуу болот.";
- 17-пунктунда:
экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин баштапкы деңгээлдеги" деген сөздөр "Бирдиктүү төлөөчүнүн системасында иштеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын баштапкы деңгээлдеги" деген сөздөр "Бирдиктүү төлөөчүнүн системасында иштеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын баштапкы деңгээлдеги" деген сөздөр "Бирдиктүү төлөөчүнүн системасында иштеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- 3-главасынын III бөлүмүндө:
7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга, арызды тариздөөгө чектелген убакыт - 15-20 мүнөт. Телефон менен жана жеке аңгемелешүүдө адистердин консультация берүүсү 10 мүнөттөн ашпоого тийиш. ММК Полисин алуунун чектелген мөөнөтү арыз берилген жана анын наркы төлөнгөн күндөн тартып 5 иш күндөн ашпоого тийиш |
";
13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүм төлөгөн адамдар үчүн ММК Полисин тариздөө жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жарандарды мамлекеттик жана милдеттүү базалык медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан монополияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет |
".
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 25 (3204) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |
| Тиркеме | |
|
|
|
|
| "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүм төлөгөн адамдар үчүн ММК Полисинин наркын эсептөөнүн МЕТОДИКАСЫ
1. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ММК Полисинин наркы - бул ММК Полиси сатып алынган учурдан тартып 12 календардык айга Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төлөнгөн төгүмдүн өлчөмү.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ММК Полисинин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
СП = ПМ х 2% х 12 ай,
мында:
СП - ММК Полисинин паркы;
ПМ (жашоо минимуму) - минималдык керектөө корзинасынын наркынын чоңдугуна барабар жана адамдын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу жана анын ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон материалдык жыргалчылыктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдык топтомунун, ошондой эле милдеттүү төлөмдөрдүн жана жыйымдардын (салымдардын) суммасынын нарктык бааланышы;
2% - ММК фондуна чегерилүүчү ставка;
12 - календардык айлардын саны.
Эскертүү: Өткөн календардык жылда Кыргыз Республикасында түзүлгөн жашоо минимумунун чоңдугу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталат.
3. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ММК Полисинин наркы - бул ММК Полиси сатып алынган учурдан тартып 6 же 12 календардык айдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу турган же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жаран же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адам тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төлөнгөн салымдын өлчөмү.
4. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ММК Полисинин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
СП = СМЗП - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн х 2% х 6 же 12 ай,
мында:
СП - ММК Полисинин наркы;
СМЗП - Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында тиешелүү жылга белгиленген орточо айлык эмгек акысы;
2% - ММК фондуна чегерилүүчү ставка;
6 же 12 - календардык айлардын саны.
Эскертүү: чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өткөн календардык жылдагы эмгек акысынын орточо айлык өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталат.".
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 11-марты № 89
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 токтомунун редакцияларына ылайык)
Калкка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 токтомуна ылайык күчүн жоготту)