Редакцияот 30.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 30-июлу № 99

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө

1999-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагындагы эл аралык бандалык түзүлүштөргө каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары жеңишке жеткен күндүн урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 24-август жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күнү болуп белгиленсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 6-августундагы № 85 (3264) жарыяланды

 

Төрага

У.А. Марипов